Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-марты № 119
Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетуна Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитинин жыйынтыктары тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы №520 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетуна Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитинин жыйынтыктары 2009-жылга финансылык жана социалдык-экономикалык саясат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын биргелешкен билдирүүсүндө кабыл алынган өлкөнү өнүктүрүүнүн параметрлери негизинен сакталгандыгын көрсөттү деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
Ошону менен бирге эле «Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 29-январындагы Мыйзамы менен финансылык жыл аяктагандан кийин өзгөртүүлөр кабыл алынган, мында иш жүзүндө алынган кирешелер жана жүргүзүлгөн чыгымдар боюнча бюджеттик кирешелердин жана бөлүнгөн акчалардын өлчөмдөрү такталган.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-апрелиндеги № 218 «Кыргыз Республикасын 2009-2011-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү божомолу жөнүндө» токтому менен бекитилген республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн божомолуна өзгөртүүлөр киргизилген эмес. Ал эми «Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жыл ичинде эки жолу өзгөртүү киргизилген жана бюджетке өзгөртүүлөрдү түзүүдө колдонулуучу республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдоруна киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү расмий бекиткен эмес.
«Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси менен бекитилген киреше бөлүгүнүн параметрлери 1245,2 млн сомго жана чыгаша бөлүгүнүн параметрлери 597,7 млн сомго аткарылган эмес. 2009-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы өлчөмү 55 357,4 млн сомду же 97,8 процентти, чыгашалардын жалпы өлчөмү 58 628,2 млн сомду же 96,1 процентти түздү.
Кирешелер боюнча пландын аткарылбай калышы негизинен атайын каражаттар жана гранттар боюнча пландын аткарылбай калышынын айынан болду. Ошондой эле акциз салыгын башкаруу боюнча кемчиликтер кирешелердин түшүүсүнө да терс таасирин тийгизди.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын отчеттук маалыматтарына ылайык коньякты ташып кирүү 2 эсеге, майды жана газ конденсатын ташып кирүү 1,5 эсеге көбөйгөн. Ошол эле учурда аталган акциз товарларынан түшкөн акциз салыгынын деңгээли тиешелүү түрдө 7,2 процентке жана 1,4 процентке азайган. Мындан тышкары, нефти продукттарын импорттоого кошумча нарк салыгынын (мындан ары - КНС) түшүү деңгээли акциздин суммасы 35,9 процентке өскөнүнө карабай, төмөндөгөндүгү белгиленген.
Сатуудан алынуучу салыкты да башкаруу талаптагыдай болгон эмес. Салык боюнча салыктык база КНСтин базасынан кеңири болгону менен КНСтин деңгээлине жеткен эмес. Салык кодексине ылайык сатуудан алынуучу салык түшкөн акчанын жалпы өлчөмүнөн алынууга тийиш. Демек, салыктын иш жүзүндө түшүүсү салыкты төлөөнү негизинен КНСти төлөөчүлөр жүргүзөөрүн айгинелеп турат.
Пландоо так болбогондуктан жана зарыл болгон чаралар көрүлбөгөндүктөн акционердик ишканалардын ишинен жана менчиктештирүүдөн акциялардын мамлекеттик үлүшүнө туура келген дивиденддер боюнча бюджетке акчанын түшпөй калуусу тиешелүү түрдө 52,6 млн сомду жана 73,4 млн сомду түздү.
Көптөгөн салыктык эмес төлөмдөрдүн, тактап айтканда транспорттук каражаттарды каттоо жана кайра каттоо үчүн төлөмдөрдүн, мамлекеттик алымдардын, мамлекеттик менчикте турган имараттарды жана жайларды ижарага берүү үчүн төлөмдөрдүн мыйзамдуу белгиленген башкаруучуларынын жок болушу ушул салыктык эмес төлөмдөрдү башкаруунун жок болушуна, демек бул булактардан түшүүчү акчаларды ай сайын, квартал сайын пландоонун процесси жана анын аткарылышы үчүн жоопкерчиликтин жок болушуна алып келет.
Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн жалпы аткаруу 43 510,3 млн сомду (же 96,2 %) түзгөн, ал эми такталган пландарда 45 208,7 млн сом белгиленген же бюджетте каралган иш-чаралар 1 698,4 млн сомго каржыланбай калган, сметада белгиленген сумма бюджеттин эсебинен 652,4 млн сомго каржыланбай калган.
Өткөн жылдардагы жана 2009-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышына аудит жүргүзүү практикасы көрсөткөндөй, бюджеттин чыгымдарын башкарууда белгилүү бир бузуулар жана кемчиликтер жылдан жылга кайталанууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын сунуштары толук эмес, жетишсиз аткарылууда. Алсак, 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын 35 пункттан турган жазма буйруктарынын 20 пункту азырга чейин аткарылган эмес же аткаруу процессинде болууда.
Азыркы мезгилге чейин республикалык бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу «Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Казыначылыктын негизги жоболору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2008-жылдын 28-майындагы № 98 Б буйругунун Эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүү боюнча казыначылыктын жол-жоболору жөнүндө нускамасына (бюджеттин дефицитинин ордун толтуруу булактарын түзүү бөлүгүнө) шайкеш келтирүү камсыз кылынбаган, мунун өзү менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарды бюджеттин дефицитинин ордун толтуруу үчүн кошууда «Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылбай калышына алып келет.
«Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин бюджеттин чыгаша бөлүгүн айрым беренелерин толук каржылоо бөлүгүн аткаруу камсыз кылынган эмес. Мындан тышкары, республикалык бюджеттин корголгон беренелери 77,7 млн сомго, анын ичинде эмгек акы боюнча 33,3 млн сомго каржыланбай калган.
2009-жылга бюджеттик багыттарды натыйжасыз түзүү, теңдештирилбеген каржылоо жана бюджеттик мекемелердин чыгымдарына мониторинг жүргүзүүнүн жоктугу бюджет алуучуларда эмгек акы боюнча 178,1 млн сомдук карыздын пайда болушуна алып келген. Мындан тышкары бюджет алуучуларда кассадагы накталай акчанын көп өлчөмү - 86,4 млн сом, башка беренелер боюнча кредиттик карыз - 875,6 млн сом жана дебитордук карыз -1,1 млрд сом белгиленген. Айрым учурларда бюджеттик каражаттар боюнча казыначылыктын учурдагы эсебинен (ТСК-1) тикелей чыгымдарды жүргүзүү үчүн жүгүртүүчү-кассалык накталай акчанын жетишсиздигинин айынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы атайын каражаттар боюнча учурдагы эсептен (ТСК-2) 517,0 млн сом суммасындагы каражатты убактылуу карызга алган.
Кыргыз Республикасынын 2009-жылга мамлекеттик бюджетин аткаруунун бириктирилген балансы түзүлгөн эмес.
«Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2007-жылдын 26-октябрындагы № 190 Б нускамасын бузуу менен накталай акчанын жалпы суммасы 86,4 млн сомду түзгөн иш жүзүндө колдонулбаган калдыгы, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын 70,6 млн сому республикалык бюджетке киреше катары эсептелген эмес, алардын ичинен республика боюнча 3,1 млн сому максатсыз чыгымдарга жумшалган.
9 мекеме боюнча бюджеттик акча бөлүү 129,2 млн сомго ашыкча каралган, анын ичинде «Эмгек акы» беренеси боюнча - 48,1 млн сом, «Социалдык фондго чегерүүлөр» беренеси боюнча - 1,2 млн сом, «Транспорттук чыгымдар» беренеси боюнча - 0,08 млн сом жана «Мамлекеттик ишканаларга субсидиялар» беренеси боюнча - 79,8 млн сом ашыкча каралган.
Алсак, 2009-жылы Кыргызтуракжайкоммунсоюз мамлекеттик ишканасына республикалык бюджеттен белгиленген 914,2 млн сомдун ордуна 994,0 млн сом суммасындагы субсидия бөлүнгөн. Демек, 79,8 млн сом суммасындагы субсидия, анын ичинде жылуулук берүүнүн Токмок ишканасы боюнча 38,6 млн сом ашыкча каржыланган.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы чарбакер субъектине республикалык бюджеттен кайтарымсыз негизде 82,0 млн сом субсидия берилген, анын ичинен 15,0 млн сом «Курорт кыштагы» эс алуу базасынан коттедждерди сатып алууга жумшалган, мунун өзү чыгымдардын «Субсидиялар» беренесинде каралган эмес.
Жол фондусунун ведомстволук мекемелери Кыргыз Республикасынын Салык кодексин бузуп, 2009-жылы түшкөн атайын каражаттардан 5,8 млн сом суммасындагы салыкты которгон эмес. Ошондой эле облустук прокуратура органдары атайын каражаттардан алынуучу салыкты 0,6 млн сом суммасында кошумча төлөгөн эмес.
«Алтын-Көл» пансионаты чарбакер түзүм болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын балансына кирбейт. Буга карабай, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын 2009-жылга чыгашаларынын сметасынын эсептөөлөрүндө пансионатты реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 32,1 млн сом негизсиз каралган жана бөлүнгөн.
«Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн методикасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-октябрындагы № 596 токтомун бузуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мекемелери акы телөнүүчү кызматтардын наркынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратын кармоо үчүн 1 процент өлчөмүндөгү киреше 10,4 млн сом суммасында эсептелген.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин «борбордоштурулган иш-чараларынын» каражаттарын түзүүнүн жана аткаруунун тартибин регламенттеген нормативдик укуктук актылар иштелип чыккан эмес.
«Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесин бузуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Социалдык өнүктүрүү фондусуна 105,0 млн сом суммасындагы каражаттар бөлүнгөн, бул каражаттар бюджеттик эсептен атайын эсепке которулган жана атайын каражаттардын сметалары боюнча пайдаланылып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин отчеттуулугунун эки формасында чагылдырылган.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин кызматкерлеринин саны Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы № 223 Жарлыгы менен белгиленген сандан ашып 17704,5 бирдикти түзгөн жана анын эмгек акы төлөө фондусу дээрлик 53,1 млн сомду түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлеринин саны Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы № 223 Жарлыгы менен белгиленген сандан ашып 17704,5 бирдикти түзгөн жана анын эмгек акы төлөө фондусу дээрлик 53,1 млн. сомду түзгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 «Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 «Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомун бузуп, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ведомстволук мекемелеринде негизсиз каралган 28,8 млн. сом суммадагы үстөк акылар, сыйлыктар, кошумча төлөмдөр жана башка төлөмдөр табылган.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы №520 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2008-жылдын 17-октябрындагы № 176-Б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин ресурстарын эсепке алуу, бөлүштүрүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө нускамада «финансы ажырымдары», «бюджеттик каражаттардын калдыктарын пайдалануу», «терс сальдо», «министрликтин жалпы ресурстары» деген түшүнүктөр берилген. Бирок «Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында мындай түшүнүктөр регламенттелген эмес.
Кыргыз Республикасынын 2009-жылга мамлекеттик бюджети боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын башкы китебинин балансынын бириктирилген отчетунда жалпы суммасы 10,5 млн сом болгон, азыркы мезгилге чейин кайтарылбаган, мыйзамсыз алынган деп сот органдары аныктаган суммалар эсептелген.
Кедейчиликти кыскартуунун борбордоштурулган фондусунан маданият мекемелерин оңдоого бөлүнгөн каражаттарды пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин ведомстволук мекемелери «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 жана 38-беренелерин бузуп, 4,3 млн сом суммасындагы курулуш иштерин сатып алууну бир булактан алуу методу менен жүргүзүшсө, 16,9 млн сом суммасындагы курулушу иштерин сатып алууну тендердик иш-чараларды өткөрбөстөн жүргүзүшкөн.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы № 1 бюджеттик тапшырма менен 2010-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунун «Азия Универсал Банк» ачык акционердик коомунун алыш-бериш эсебине уставдык капиталды толуктоо үчүн Кедейчиликти кыскартуунун борбордоштурулган фондусунун каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын уруксатысыз, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 16-декабрындагы буйругун (КПҮ) бузуп, 1302,5 млн сомду которгон.
Кыргыз Республикасынын тышкы карызы ИДПнын 55,57 процентин түзгөн же топтолгон жана тындырылбаган мамлекеттик тышкы карыз 2475,5 млн АКШ долларын (109,1 млрд сомду) түзгөн.
2009-жылы ички мамлекеттик карыз 2008-жылга салыштырганда 1002,7 млн сомго көбөйгөн жана 8551,6 млн сомду же республиканын ИДПсынын 4,4 %ин түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик казыначылыктын «Кайрат 1-01» сериясындагы облигацияларын (номиналы - 150,0 млн сом) тейлеген 10 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына процент түрүндө 150,0 млн сомду төлөп берген, ал эми акыркы 5 жылдагы жүгүртүү үчүн кошумча 75,0 млн сом төлөнөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-июлундагы № 464 токтомун бузуп, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эл аралык уюмдарга мүчөлүк взнос төлөө боюнча милдеттенмелерден Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-октябрындагы № 596 токтомун бузуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мекемелери акы төлөнүүчү кызматтардын наркынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратын кармоо үчүн 1 процент өлчөмүндөгү киреше 10,4 млн сом суммасында эсептелген.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин «борбордоштурулган иш-чараларынын» каражаттарын түзүүнүн жана аткаруунун тартибин регламенттеген нормативдик укуктук актылар иштелип чыккан эмес.
«Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесин бузуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Социалдык өнүктүрүү фондусуна 105,0 млн сом суммасындагы каражаттөр бөлүнгөн, бул каражаттар бюджеттик эсептен атайын эсепке которулган жана атайын каражаттардын сметалары боюнча пайдаланылып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин отчеттуулугунун эки формасында чагылдырылган.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин кызматкерлеринин саны Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы № 223 Жарлыгы менен белгиленген сандан ашып 17704,5 бирдикти түзгөн жана анын эмгек акы төлөө фондусу дээрлик 53,1 млн сомду түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 5-декабрындагы № 561 «Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы №372 токтомун бузуп, Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин ведомстволук мекемелеринде негизсиз каралган 28,8 млн сом суммадагы үстөк акылар, сыйлыктар, кошумча «өлөмдөр жана башка төлөмдөр табылган.
Микрокредит берүүнүн механизми жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин ортосундагы келишим (макулдашуу) болгон эмес, ошол эле учурда кредит алуучулардын дебитордук карызы 54,6 млн сомду түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2008-жылдын 17-октябрындагы № 176-Б буйругу мерен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин ресурстарын эсепке алуу, бөлүштүрүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө нускамада «финансы ажырымдары», «бюджеттик каражаттардын калдыктарын пайдалануу», «терс сальдо», «министрликтин жалпы ресурстары» деген түшүнүктөр берилген. Бирок «Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында мындай түшүнүктөр регламенттелген эмес.
Кыргыз Республикасынын 2009-жылга мамлекеттик бюджети боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын башкы китебинин балансынын бириктирилген отчетунда жалпы суммасы 10,5 млн сом болгон, азыркы мезгилге чейин кайтарылбаган, мыйзамсыз алынган деп сот органдары аныктаган суммалар эсептелген.
Кедейчиликти кыскартуунун борбордоштурулган фондусунан маданият мекемелерин оңдоого бөлүнгөн каражаттарды пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин ведомстволук мекемелери «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 жана 38-беренелерин бузуп, 4,3 млн сом суммасындагы курулуш иштерин сатып алууну бир булактан алуу методу менен жүргүзүшсө, 16,9 млн сом суммасындагы курулушу иштерин сатып алууну тендердик иш-чараларды өткөрбөстөн жүргүзүшкөн.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы № 1 бюджеттик тапшырма менен 2010-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунун «Азия Универсал Банк» ачык акционердик коомунун алыш-бериш эсебине уставдык капиталды толуктоо үчүн Кедейчиликти кыскартуунун борбордоштурулган фондусунун каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын уруксатысыз, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 16-декабрындагы буйругун (КПҮ) бузуп, 1302,5 млн сомду которгон.
Кыргыз Республикасынын тышкы карызы ИДПнын 55,57 процентин түзгөн же топтолгон жана тындырылбаган мамлекеттик тышкы карыз 2475,5 млн АКШ долларын (109,1 млрд сомду) түзгөн.
2009-жылы ички мамлекеттик карыз 2008-жылга салыштырганда 1002,7 млн сомго көбөйгөн жана 8551,6 млн сомду же республиканын ИДПсынын 4,4 %ин түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик казыначылыктын «Кайрат 1-01» сериясындагы облигацияларын (номиналы - 150,0 млн сом) тейлеген 10 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына процент түрүндө 150,0 млн сомду төлөп берген, ал эми акыркы 5 жылдагы жүгүртүү үчүн кошумча 75,0 млн сом төлөнөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-июлундагы № 464 токтомун бузуп, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эл аралык уюмдарга мүчөлүк взнос төлөө боюнча милдеттенмелерден бардыгы болуп 3 892,7 миң сом төлөгөн эмес, ошол эле учурда Дүйнөлүк соода уюмуна 1 937,1 миң сом взнос төлөгөн.
Капиталдык салымдардын объекттеринин тизмесин түзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-сентябрындагы № 652 токтому менен бекитилген Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулмалардын жана объекттердин тизмесин түзүү жана аларды республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоо жөнүндө жобого карма-каршы жүргүзүлгөн.
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуп, «Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы» мамлекеттик ишканасы каржылаган бардык объекттер боюнча сатып алуулар бир булактан алуу методу менен жүргүзүлгөн.
Айрым объекттер боюнча иштердин наркын жогорулатуу аныкталган, алардын жалпы суммасы 1,7 млн сомду түзүп, анын ичинде Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын капиталдык курулуш башкармалыгы (мындан ары - ККБ) 1 110,9 миң сомду, Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын ККБсы боюнча 233,2 миң сомду, Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын ККБсы боюнча 321,5 миң сомду түзгөн.
Ошону менен бирге эле теңдештирилбеген жана өз убагында эмес каржылоо, ошондой эле заказ берүүчүлөрдүн жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тиешелүү контролдоо жүргүзбөгөндүгү бүтпөгөн курулуштардын өлчөмүнүн көбөйүшүнө алып келген. Алсак, республикалык бюджеттен каржыланган, бүтпөгөн курулуштун өлчөмү 2009-жылдын 1-январына карата 5 745,9 млн сомду түзсө, 2010-жылдын башталышына карата 9 587,6 млн сомду түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы капиталдык салымдардын объекттеринин тизмеси белгиленген тартипте бекитилгенге чейин эле 2009-жылдын 14-январында Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук шаардык капиталдык курулуш башкармалыгын (мындан ары - КШККБ) «Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча 67,0 млн сом суммасына каржылаган, мунун өзү Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулмалардын жана объекттердин тизмесин түзүү жана аларды республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоо жөнүндө жобону одоно бузуу болуп эсептелет. Ошол эле учурда 2009-жылы республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча каржылануучу курулмалардын жана объекттеринин тизмеси Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине макулдашууга 2009-жылдын 13-февралында гана жиберилген, б.а. Бишкек шаарынын мэриясынын КШККБсы иш жүзүндө каржыланган күндөн бир ай өткөндөн кийин гана жиберилген.
Республикалык бюджеттин дефицитинин шарттарында дем берүүчү (улүштүк) гранттардын линиясы боюнча бөлүнгөн 4,3 млн сом суммасындагы каражаттар төмөнкү объекттер боюнча 3-4 ай бою пайдаланылбай калган:
- Кадамжай районунун долбоорлору боюнча 1,4 млн сом, Ноокат районунун долбоорлору боюнча 1,2 млн сом, Сузак районунун долбоорлору боюнча 1,3 млн сом жана Панфилов районунун долбоорлору боюнча 0,8 млн сом.
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын жана мобилизацияланган жергиликтүү булактардын эсебинен бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланылышын анализдөө көрсөткөндөй, өздүк жана дем берүүчү гранттарды өз убагында эмес каржылоо долбоорлордун токтоп калуусуна, демек бюджеттик каражаттардын майнапсыз жумшалуусуна алып келет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду иликтеген бардык кредиттик линиялар боюнча займдык каражаттардын калдыгы 2008-жылга салыштырганда 15 656,7 млн сомго көбөйүп, 38 374,9 млн сомду түздү. Мөөнөтү өткөн карыз 5,4 млрд сомду түздү.
Ошол эле учурда карыздарды тындыруунун деңгээлинин төмөн болушу займ алуучулардын финансылык ишине мониторинг жүргүзүүнүн жетишсиздиги менен байланышкан, бул милдет Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондусуна жүктөлгөн.
«Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 551 «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын республикалык бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө» токтомун бузуп, күнөөкөр жактар зыяндын ордун толтурганда түшкөн акчалардын суммасынын 30 проценти атайын каражаттардын курамына мыйзамсыз эсептелген, бул каражаттар 2009-жыл үчүн 14,5 млн сомду түзгөн, Зыяндын ордун толтурууда түшкөн акчанын суммасынын 30 проценти, 5,9 млн сом Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын атайын эсептерине мыйзамсыз эсептелген.
Карыз болгон күнөөкөр жактар төлөгөн акчалардын суммасынын 30 процентин бюджеттен жана бюджеттен тышкаркы булактардан алган кредиттерди тындыруу катары эсептөө жөнүндө прокуратура органдарынын мыйзамсыз чечимдери бюджеттен 4,3 млн сомдун жоголушуна алып келген. Ошол эле учурда карызкорлордун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондусуна болгон карызы тындырылбай калган.
Штаттык расписаниелерди түзүүгө райондук финансылык органдардын деңгээлинде контролдун жоктугунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин контролунун талаптагыдай болбогондугунун айынан республиканын нормативдик-укуктук актыларында каралбаган штаттык контингентти кармоонун фактылары бар болууда, мунун өзү бюджеттин негизсиз чыгымдалышына алып келет.
Алсак, «Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2012-жылга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бекитилген 2009-жылга категориялык гранттардын өлчөмү Талас облусу боюнча талап кылынган муктаждыктан 1 579,5 миң сомго ашыкча жүргүзүлгөн.
Жергиликтүү бюджеттердии каражаттарынын жетишсиздигинин негизги себеби болуп Теңдөөчү гранттарды эсепке алуунун методикасынын кемчиликтери эсептелет. Алсак, көп учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын теңдөөчү гранттарды бөлүп берүү тууралуу сурамдарынын негиздүүлүгүн ырастаган тиешелүү эсептөөлөр жок болууда жана теңдөөчү кошумча гранттар түрүндө жардам көрсөтүүнүн реалдуу зарылдыгын аныктаганга мүмкүн эмес.
Белгилей кетүүчү нерсе, көмүрдү керектөөнүн нормативдери азыркы мезгилге чейин жок болууда, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү мекемелерин (бала бакчаларды, мектептерди ж.б.) жылытуунун муктаждыгы үчүн зарыл болгон катуу отунду (көмүрдү) керектөөнү жана эсептен чыгарууну мыйзамдаштыруу боюнча маселелерди тартипке салуунун эч кандай чараларын көргөн эмес. Мындан тышкары, аталган министрликтер отунга болгон муктаждыкты так эсептөө үчүн катуу отун менен жылытылуучу билим берүү мекемелеринин көлөмдөрү жана аянттары, жылытуунун типтери, отказандардын, меш менен жылытуунун кубаттуулугу жөнүндө маалыматтарга ээ эмес.
Республиканын 15 калктуу конушу боюнча эле алганда 227 класс-комплекттин ашыкча түзүлгөн фактысы аныкталган. Бул класстарда окутуу үчүн чыгымдарды Соцфондго чегерүүлөрдү эске алуу менен эсептегенде жылына дээрлик 32,4 млн сомду түзөт, ал эми коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр орточо алганда жылына 27,0 млн сомду түзөт.
2009-2010-окуу жылында республика боюнча мектептен чыккан окуучулардын жалпы саны 5 497 окуучуну түзгөн, бул окуучулар үчүн категориялык гранттар 1 окуучуга болгон минималдуу стандарттардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна чегерүүлөрдү эске алганда дээрлик 15,3 млн сом бөлүнгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 «Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомунун шарттарын аткарбоо жергиликтүү деңгээлдеги билим берүү мекемелеринде 2009-жылы эмгек акыга 161,1 млн сом үстөк төлөмдөрдүн эсептелишине алып келген.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү трансферлер аркылуу каржылоо боюнча жоопкерчиликти бөлүшкөн билим берүү мекемелерин электр, жылуулук энергиялары жана көмүр сатып алуу боюнча жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын каржылоо боюнча милдеттенмелерди гана албастан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттенмелерин да негизсиз каржылаган, бул карыжлоо республика боюнча жалпы алганда 25,4 млн сомду түзгөн.
2009-жылы коомдук уюмдар жалпы суммасы 4 840,7 миң сомго каржыланган.
«Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуп, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мурда алынган бюджеттик ссудалар үчүн мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды жергиликтүү бюджеттердин тындыруусун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көргөн эмес.
«2009-жылы республикалык (бириктирилген) бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде жана анын ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүндө бюджеттик, атайын жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын пайдаланылышына аудит жүргүзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын сунуштарында аталган кемчиликтерди жоюу жана талаптагыдай финансылык тартипти камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2009-жылга республикалык бюджеттин аткарылышына аудит жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын жазма буйругун аткарууну тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте камсыз кылсын;
- тиешелүү жылдагы республикалык бюджеттин параметрлерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бюджеттик жыл аяктаганга чейин киргизсин. Ошол эле учурда бекитилген параметрлерге өзгөртүүлөр милдетгүү тартипте отчеттук жылдын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн тактоо менен коштолууга тийиш;
- түшкөн акчаларды аткаруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча жоопкерчиликти кирешелердин айрым башкаруучуларына так жүктөө тууралуу мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин;
- республикалык бюджеттин корголгон беренелери боюнча каржылоону кечеңдетүүгө жана жетишсиз каржылоого жол бербесин;
- Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн материалдарында белгиленген, ашыкча каржыланган каражаттарды республикалык бюджетке кайтарууну камсыз кылсын;
- бюджеттик мекемелердин атайын эсептерине бюджеттик эсептен акча каражаттарын которууга жол бербесин;
- калктын социалдык катмарларына микрокредит берүү үчүн каражаттарды бөлүүнүн механизмдерин жана шарттарын иштеп чыксын жана бекитсин;
- «Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бюджеттин дефицитин жабуунун булактарын түзүү бөлүгүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин;
- казыначылыктын региондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери мыйзамсыз алган каражаттарды бюджетке ордун толтуруу боюнча чараларды көрсүн жана казыначылыктын операцияларын жүргүзүүдө айырмачылыктардын болушун алдын алуу боюнча ишти күчөтсүн;
- эл аралык линиялар боюнча кредит алган Кыргыз Республикасынын карыз алуучу-резиденттеринин тышкы милдеттенмелерин өз убагында тындыруу боюнча ишти күчөтсүн;
- мамлекеттик казыначылыктын «Кайрат 1-01» сериясындагы облигацияларын жүгүртүүгө чектөөлөрдү белгилөөнүн максатка ылайыктуулугун, же жылына 10 %тик ставканы мөөнөтүнөн мурда тындыруунун же минималдуу өлчөмгө чейин өзгөртүүнүн мүмкүндүгүн карап чыксын;
- бөлүнгөн инвестициялык каражаттарды өздөштүрүүдөгү кечеңдөөлөр маселесин иликтөө боюнча ишти күчөтүү жана Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында тышкы инвестициялардын натыйжалуулугун баалоонун критерийлерин иштеп чыгуу зарыл;
- бүткүл республика боюнча капиталдык курулуш объекттерин инвентаризациялоону жүргүзсүн жана финансылык каражаттардын артыкчылыгын, зарылдыгын, өздөштүрүү процентин жана каражаттарга болгон муктаждыктарды эске алуу менен объекттер боюнча капиталдык салымдардын өлчөмүн бөлүштүрүүнү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 198 токтому менен бекитилген Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жобонун талаптарынын талаптагыдай сакталышын камсыз кылсын;
- республиканын чарбакер субъекттеринин мамлекеттик займдык каражаттар боюнча мөөнөтү өткөн карыздарын тындыруусу боюнча чараларды көрсүн, карызды тындыруунун эсебинен күрөөлүк камсыз кылуу боюнча сунуштарды киргизсин;
- облустук прокуратура органдары төлөбөгөн 2009-жылга атайын каражаттар үчүн салыкты республикалык бюджеттин кирешеси катары ордун толтурсун;
- кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 551 «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын республикалык бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө» токтомунун атайын каражаттарды түзүүнүн жана аткаруунун тартибин мыйзамдарга ылайык келтирүү бөлүгүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте демилге кылсын;
- категориялык гранттарга болгон муктаждыкты сапаттуу түзүү жана аларды натыйжалуу пайдалануу боюнча контролдоону күчөтсүн жана зарыл болгон чараларды көрсүн;
- жергиликтүү бюджеттердин кирешелер боюнча планы болбой же аткарылбай калган учурда теңдөөчү гранттарды кайра эсептөөнү эске алуу менен Теңдөөчү гранттарды эсептөөнүн методикасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин;
- бюджеттик каражатгардын эсебинен коомдук уюмдарды каржылоого жол бербесин, буга мыйзамда каралган учурлар кирбейт;
- мөөнөтү өткөн бюджеттик ссудалар боюнча карыздарды жергиликтүү бюджеттерден өндүрүү боюнча чараларды көрсүн жана мөөнөтү өткөн бюджеттик ссуданы тындыруунун мөөнөттөрүн негизсиз пролонгациялоого жол бербесин;
- жылдын аягында пайда болгон, кирешелердин чыгашалардан ашкан суммасын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана көмүр сатып алуу боюнча карыздарды тындыруу үчүн биринчи кезекте пайдаланууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы салыктык жана бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүшсүн, акциз салыгын жана сатуудан алынуучу салыкты жыйноо боюнча контролдоону күчөтүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги менчиктештирүүдөн алынган дивиденддердин жана кирешелердин бюджетке түшүүсүн камсыз кылуу боюнча зарыл болгон чараларды так пландоону жана көрүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы зарыл болгон чараларды көрсүн жана пайдаланылбаган накталай акчанын калдыктарын республикалык бюджеттин кирешесине эсептөөнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги учурдагы жылга республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун жарым жылда бир жолудан кем эмес кайра карап чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө белгиленген тартипте киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги атайын каражаттар үчүн салыкты төлөө үчүн Жол фондусунун ведомстволук мекемелеринен 5,8 млн сомду республикалык бюджеттин кирешеси катары ордун толтурсун.
7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги менен бирдикте акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн каражаттарды түзүү жана пайдалануу боюнча нормативдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте отунга болгон муктаждыкты так эсептөө үчүн билим берүү мекемелерин жылытуунун муктаждыгы боюнча зарыл болгон катуу отунду (көмүрдү) керектөөнүн жана эсептен чыгарууну мыйзамдаштыруунун маселелерин тартипке салуунун чараларын көрсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги шаттык бирдиктердин иш жүзүндөгү санын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы №520 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте «борбордоштурулган иш-чаралардын» каражаттарын түзүүнүн жана аткаруунун тартибин регламенттеген нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгышсын.
10. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эл аралык уюмдарга милдеттенмелер боюнча мүчөлүк взнос төлөөнү тартипке келтирсин.
11. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын сунушунда белгиленген кемчиликтерди жоюшсун жана аларды 2011-жылга республикалык бюджетти аткарууда эске алышсын.
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |