Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2011-жылдын 15-августундагы № 469 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Фондулук биржа берүүчү отчеттордун мөөнөттөрүнө
жана тартибине, курамына коюлуучу талаптар
3. Берилүүчү отчет үчүн жоопкерчилик
1-тиркеме. Фондулук биржалардын отчетторунун формаларын
толтуруунун эрежелери
2-тиркеме. Формалар
1. Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногундагы фондулук биржаларынын отчет берүүсү жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй ишти жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) фондулук биржанын отчетторду берүүсүнүн мөөнөттөрүн жана тартибин, курамын белгилейт.
2. Бул Жобо баалуу кагаздар рыногунда соодаларды уюштуруу боюнча кесипкөй ишти жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген лицензиянын негизинде иш жүргүзгөн жана баалуу кагаздар менен жана башка каржылык куралдар менен соодага катышуучулардын ортосундагы бүтүмдөрдү жасоого жардам берүүчү кызматтарды көрсөткөн фондулук биржанын баардыгына колдонулат.
3. Ушул жободо белгиленген курамда, тартипте жана мөөнөттөрдө отчеттор келип түшкөндөн тартып фондулук биржанын отчету ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилди деп эсептелет.
4. Фондулук биржа отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген кагазга түшүрүлгөн же электрондук формада берүүгө милдеттүү. Кагаз формасында берилген отчеттордун мазмуну электрондук формадагы отчеттордун мазмунуна толук ылайык келиши керек.
5. Кагаз формасында берилген отчеттордун барактары көктөлүп, номерлери коюлушу керек. Ушул жободо белгиленген фондулук биржанын отчетуна фондулук биржанын мөөрү басылып жана фондулук биржанын аткаруу органынын жетекчисинин колу коюлуп, финансылык отчеттун документтерине фондулук биржанын мөөрү басылып жана фондулук биржанын аткаруу органынын жетекчисинин, башкы бухгалтердин колдору коюлуп, күбөлөндүрүлүшү керек.
6. Фондулук биржанын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берген отчеттору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде пайдаланылат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган фондулук биржалардын отчетторун алуу, текшерүү жана сактоо үчүн жоопкер органдын кызматкерлеринин тизмесин аныктайт.
7. Фондулук биржанын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүчү отчетторундагы тилкелерди толтуруунун тартиби ушул Жобого ылайык Фондулук биржалардын отчетторунун формаларын толтуруу боюнча эрежелер менен (1-тиркемеде) аныкталат.
8. Фондулук биржа ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй отчетторду берет:
а) ар кварталдык отчетту, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
- фондулук биржанын аракеттеринин жана андагы окуялардын кыскача баяндамасын. Фондулук биржанын аракеттеринин жана андагы окуялардын кыскача баяндамасы фондулук биржадагы олуттуу окуялар, өткөн кварталдагы фондулук биржанын ишинин жыйынтыгы, фондулук биржанын ишинин келечеги жана ой максаттары жөнүндө, алар тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдоо керек деп фондулук биржа эсептеген жана башка маалыматтар тууралуу кабарларды камтууга тийиш. Баяндама ар квартал сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет;
- акционерлер жана фондулук биржанын соодаларына катышуучулар жөнүндө жалпы маалыматтар (2-тиркеме, 1-форма);
- бухгалтердик баланс;
- кирешелер жана чыгымдар жөнүндө отчет;
- капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет;
- акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет;
- каржылык отчетко карата түшүндүрмө эскертүү;
- уюмдун эсептик саясаты жөнүндө буйрук (тескеме);
- өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдеринин эсептери (2-тиркеме, 2-форма);
б) ар айлык отчетту, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
- фондулук биржадагы листингге киргизилген баалуу кагаздардын тизмеси (2-тиркеме, 3-форма);
- фондулук биржадагы листингден чыгарылган баалуу кагаздардын тизмеси (2-тиркеме, 4-форма);
- соодага катышуучулардын жана ыйгарым укуктуу трейдерлердин реестри (2-тиркеме, 5-форма);
- фондулук биржанын соода системасы аркылуу жүгүртүүгө чыгарылган баалуу кагаздарга сом менен жасалган бүтүмдүн эң чоң суммасына ээ болгон 5 соодага катышуучу жөнүндө маалыматтар (2-тиркеме, 6-форма);
- фондулук биржанын соода системасында жасалган бүтүмдүн жалпы көлөмү жана саны, отчеттук айдагы биринчи жана экинчи рынок боюнча бүтүмдөрдүн көлөмүн жана санын көрсөтүү менен (2-тиркеме, 7-форма);
- айдагы (календарлык) соодалардын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар жыйындысын (2-тиркеме, 8, 9-формалар);
в) фондулук биржа жогоруда аталган отчеттордон тышкары, күн сайын реалдуу мезгилдин режиминде (оn line) обочолонгон кирүү аркылуу төмөнкүдөй маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берип турууга милдеттүү:
- соода кылынган күндөгү эмиссиялуу баалуу кагаздарды сатуунун жыйынтыктары (2-тиркеме, 8, 9, 10, 11-формалары);
- соода кылынган күндөгү индекстин жана рыноктук капиталдаштыруунун маанилери (2-тиркеме, 12, 13-формалар);
г) фондулук биржа, төмөнкүдөй ыкчам маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берип турууга милдеттүү:
- баалуу кагаздар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле фондулук биржанын эрежелерин жана ички операциялык жол-жоболорун соодага катышуучунун баардык табылган бузуулары тууралуу (мындан ары - соодаларга катышуучулардын бузуулары). Соодага катышуучунун баардык табылган бузуулары тууралуу маалыматтарда бузуулардын фактылары менен жагдайлары баяндалышы керек, мында табылган бузууларга тиешеси бар материалдарды милдеттүү түрдө тиркелет. Көрсөтүлгөн документ фондулук биржанын бланкасында түзүлүп жана фондулук биржанын ыйгарым укуктуу адамынын койгон колу менен күбөлөндүрүлүп, бузуу фактысы табылгандан кийин бир иш күндүн ичинде факс же чабарман байланышы аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлүшү керек;
- фондулук биржанын соода системаларындагы үзгүлтүктөр жөнүндө, бул маалыматтар фондулук биржанын бланкасында жазылып жана фондулук биржанын ыйгарым укуктуу адамынын койгон колу менен күбөлөндүрүлүп, үзгүлтүккө учуроо фактысынан кийин 6 сааттын ичинде факс же чабарман байланышы аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлүшү керек.
9. Ушул Жобонун 8-пунктунун а) пунктчасынын 2-абзацында көрсөтүлгөн баяндама эркин түрдө түзүлөт жана отчеттук кварталдын жыйынтыгы боюнча отчеттук квартал бүткөндөн кийин 30 күндөн кечиктирбей, отчеттук жыл үчүн кийинки отчеттук жылдын 1-майынан кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
10. Ушул Жобонун 8-пунктунун а) пунктчасынын 4, 5, 6, 7, 8 жана 10-абзацтарында көрсөтүлгөн документтер ар квартал сайын түзүлөт жана отчеттук кварталдын жыйынтыгы боюнча отчеттук квартал бүткөндөн кийин 30 күндөн кечиктирбей, отчеттук жыл үчүн кийинки отчеттук жылдын 1-майынан кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
11. Ушул Жобонун 8-пунктунун а) пунктчасынын 10-абзацында көрсөтүлгөн өздүк капиталдын өлчөмүнүн эсеби фондулук биржалар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
12. Ушул Жобонун 8-пунктунун а) пунктчасынын 3-абзацында көрсөтүлгөн документтер жылына бир жолу түзүлөт жана кийинки отчеттук жылдын 1-майынан кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. Бирок, акционерлердин жана фондулук биржалардын соодаларына катышуучулардын курамы өзгөргөн учурда фондулук биржанын курамындагы өзгөрүүлөрдүн себебин көрсөтүү менен беш күндөн кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.
13. Ушул Жобонун 8-пунктунун а) пунктчасынын 9-абзацында көрсөтүлгөн документтер жылына бир жолу жылдык отчеттун курамында кийинки отчеттук жылдын 1-майынан кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
14. Ушул жобонун 8-пунктунун а) пунктчасында, 1-тиркемеде көрсөтүлгөн финансылык отчеттордун документтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында белгиленген формада отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүп, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан күбөлөндүрүлүп кийинки отчеттук жылдын 1-майынан кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
15. Ушул Жобонун 8-пунктунун а) пунктчасында көрсөтүлгөн документтерде;: тышкары фондулук биржа жылдык отчеттун курамында фондулук биржанын жылдык финансылык отчету боюнча аудитордун корутундусунун (фондулук биржанын аткаруу органынын жетекчисинин колу коюлуп күбөлөндүрүлгөн) түп нускасын же көчүрмөсүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
16. Ушул Жобонун 8-пунктуңун б) пунктчасынын 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-абзацтарында көрсөтүлгөн документтер ар бир айдын (календарлык) акыркы иш күнүндөгү абал боюнча ай сайын түзүлөт жана ушул Жобонун 4-пунктуна ылайык ар бир отчеттук айдын акыркы иш күнүнөн кийинки 7 календардык күндүн ичинде берилет.
17. Ушул Жобонун 8-пунктунун б) пунктчасынын 5-абзацында көрсөтүлгөн отчет айдын ар бир күнүндөгү маалыматтарды камтышы керек.
18. Ушул Жобонун 8-пунктунун б) пунктчасында көрсөтүлгөн документтерге өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизүү зарыл болгон учурда алар киргизилген учурдан тартып үч иш күндүн ичинде фондулук биржа аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бериши керек.
19. Ушул Жобонун 8-пунктунун в) пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен фондулук биржанын ортосунда белгиленген реалдуу мезгилдин режиминде (о№ li№е) обочолонгон электрондук кирүү аркылуу соода күнүнүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилип турушу керек.
20. Ушул Жобонун 8-пунктунун г) пунктчасында көрсөтүлгөн табылган маалыматтар боюнча өзү кабыл алган чечимдер жөнүндө фондулук биржа ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү, мындан чечим кабыл алгандан кийинки үч күндөн кечиктирбей фондулук биржа өзүнүн чечимин камтыган документтин түп нускасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
21. Фондулук биржалар ушул Жобонун 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн отчетторду өз убагында эмес жана туура эмес бергендиги үчүн жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартат.
1-тиркеме
Бул Эрежелер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүчү отчеттун формаларынын айрым тилкелерин фондулук биржанын толтуруусунун тартибин аныктайт.
1. Берилүүчү түрлөрдүн баардык тилкелери толтурулат. Толтурулуучу тилкеде маалымат жок болгон учурда сызыкча (" - ") коюлат.
2. "Акционерлер жана фондулук биржалардын соодаларына катышуучулар жөнүндө жалпы маалыматтар" деген 1-форманы толтуруу учурунда төмөнкү жоболор жетекчиликке алынат:
а) "Акционердин/катышуучунун толук аталышы" тилкесин толтуруу учурунда (2-графа) уюмдун уставдык документтерине ылайык уюмдун аталышы көрсөтүлөт.
б) "Фондулук биржалардын соодаларына катышуучулардын/акционерлердин лицензияларынын бардыгы жөнүндө маалымат" тилкесин толтуруу учурунда (6, 7, 8-графалар) баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй ишти жүргүзүүгө укук берген соодаларга катышуучуларга/акционерлерге берилген лицензиянын күнүн, номерин көрсөтүү менен колдонуудагы лицензия жөнүндө гана маалыматтар көрсөтүлөт.
в) "Статус" тилкесин толтуруу учурунда (11-графа) эгерде адам фондулук биржанын адамы болуп саналса "акционер" деп көрсөтүлөт, эгерде адам фондулук биржалардын соодаларынын катышуучусу болуп саналса "катышуучу" деп көрсөтүлөт, эгерде адам бир мезгилде фондулук биржалардын соодаларынын акционери жана катышуучусу болуп саналса "акционер/катышуучу" деп көрсөтүлөт.
3. "Фондулук биржалардын листингине киргизилген баалуу кагаздардын тизмеси" деген 3-форманы толтуруу учурунда төмөнкү жоболор жетекчиликке алынат:
а) "Фондулук биржалардын листингине киргизилген күн" тилкесин толтуруу учурунда (8-графа) фондулук биржалардын листингине киргизилген баалуу кагаздардын тизмесине баалуу кагаздын киргизилген күнү көрсөтүлөт;
б) "Баалуу кагаздардын кыскартылган аталышы/коду" тилкесин толтуруу учурунда (9-графа) фондулук биржа кабыл алган баалуу кагаздардын кыскартылган аталышы/коду көрсөтүлөт.
4. "Фондулук биржанын листингинен чыгарылган баалуу кагаздардын тизмеси" деген 4-форманы толтуруу учурунда төмөнкү жоболор жетекчиликке алынат:
а) "Листингден чыгарылган баалуу кагаздардын категориясы (деңгээли)" тилкесин (7-графа) толтуруу учурунда фондулук биржанын листингинен чыгарылган учурга чейинки баалуу кагаздардын листингинин категориясы (деңгээли) көрсөтүлөт;
б) "Фондулук биржалардын листингинен чыгаруунун себептери" тилкесин толтуруу учурунда (10-графа) баалуу кагаздарды фондулук биржалардын листингинен чыгарууга алып келген себептер көрсөтүлөт.
5. "Соодаларга катышуучулардын жана ыйгарым укуктуу трейдерлердин реестри" деген 5-формасын толтуруу учурунда төмөнкү жоболор жетекчиликке алынат:
а) "Соодаларга катышуучулардын лицензиялары жөнүндө маалыматтар" тилкесин толтуруу учурунда (7, 8, 9-графалар) баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иш жүргүзүү укугун берген лицензия берилген күндү жана номерди көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген колдонуудагы лицензия жөнүндө маалыматтар гана көрсөтүлөт.
б) "Ыйгарым укуктуу трейдердин аты-жөнү" графасын толтуруу учурунда соодага катышуучунун ыйгарым укуктуу трейдерлери жөнүндө маалымат тилкесинде фондулук биржалардын соода системасы аркылуу соодаларга катышуучулардын атынан бүтүм жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу соодага катышуучунун-уюмдун кызматкери болуп саналган трейдердин аты-жөнү толук көрсөтүлөт;
в) "Катышуучуга соодага кирүү укугу берилген күн" (15-графа) тилкесин толтуруу учурунда фондулук биржалардын соода системасы жана финансылык башка куралдар аркылуу котировкалоого жана баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү түзүүгө киргизилген күн көрсөтүлөт.
6. "Фондулук биржанын соода системасы аркылуу жүгүртүүгө чыгарылган баалуу кагаздарга сом менен жасалган бүтүмдүн эң чоң суммасына ээ болгон 5 соодага катышуучу жөнүндө маалыматтар" деген 6-формасын толтуруу учурунда төмөнкү жоболорду жетекчиликке алуу керек:
а) "Фондулук биржалардын соода системалары аркылуу жасалган баардык бүтүм" (4-графа) тилкесинде соода болгон күнү фондулук биржанын соода системасы аркылуу жүгүртүүгө киргизилген баалуу кагаздар менен фондулук биржаларда жасалган бүтүмдүн саны (бирдиктер менен) көрсөтүлөт;
б) "Бүтүмдөрдүн жалпы суммасы" тилкесиндеги "Жайгаштыруу" деген 8-графада соода күнүнүн ичинде баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча жасалган бүтүмдөрдүн суммасы көрсөтүлөт;
в) "Бүтүмдөрдүн жалпы суммасы" тилкесинин "Жүгүртүү" деген 7-графасында соода күнүнүн ичинде экинчи рыноктогу баалуу кагаздарды сатуу сатып алуу боюнча жасалган бүтүмдөрдүн суммасы көрсөтүлөт.
г) "Бардыгы" деген 8-графаны толтуруу учурунда 6 жана 7-графалардын суммалары көрсөтүлөт.
7. "Айдагы бүтүмдөр жөнүндө маалыматтар" деген 7-формасын толтуруу учурунда төмөнкүдөй жоболорду жетекчиликке алуу керек:
а) "Бүтүмдөрдүн жалпы саны" тилкесин толтуруу учурунда 1-графада бир айда баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөрдүн жалпы саны көрсөтүлөт;
б) "Жалпы саны" тилкесин толтуруу учурунда 2-графада бир айда баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөрдүн жалпы саны көрсөтүлөт;
в) "Биринчи рыноктогу бүтүмдөрдүн саны" тилкесин толтуруу учурунда 3-графада баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөрдүн саны көрсөтүлөт;
г) "Биринчи рынокто жасалган бүтүмдөрдүн көлөмү" тилкесин толтуруу учурунда 4-графада бир айда биринчи рынокто жасалган бүтүмдөрдүн жалпы көлөмү көрсөтүлөт;
д) "Экинчи рыноктогу бүтүмдөрдүн саны" тилкесин толтуруу учурунда 5-графада баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөрдүн саны көрсөтүлөт;
е) "Экинчи рынокто жасалган бүтүмдөрдүн көлөмү" тилкесин толтуруу учурунда 6-графада бир айда экинчи рынокто жасалган бүтүмдөрдүн жалпы көлөмү көрсөтүлөт.
8. "Бүтүмдөр жөнүндө отчет" деген 8-форманы толтуруу учурунда төмөнкүдөй жоболорду жетекчиликке алуу керек:
а) "Күнү" тилкесин толтуруу учурунда 1-графада бүтүм жасалган күн/ай/жыл көрсөтүлөт;
б) "Бүтүмдүн номери" тилкесин толтуруу учурунда 4-графада фондулук биржада катталган бүтүмдүн каттоо номери көрсөтүлөт;
в) "Сатып алуучу" жана "Сатуучу" тилкелерин толтуруу учурунда 6, 7-графаларында уюмдун уставдык документтерине ылайык соодага катышуучулардын толук аталышы көрсөтүлөт.
г) "Баалуу кагаздардын саны" тилкесин толтуруу учурунда 8-графада бүтүм жасала турган баалуу кагаздардын саны даана менен көрсөтүлөт;
д) "Бүтүмдүн көлөмү" тилкесин толтуруу учурунда 10-графада фондулук биржанын соода системасында жасалган бүтүмдөрдүн көлөмү көрсөтүлөт.
е) "Листинг эмес/листинг "листингдин категориясы/деңгээли)" тилкесин толтуруу учурунда 11-графада бүтүм жасалган баалуу кагаздардын статусу көрсөтүлөт, б.а. эгерде бүтүм жасалган баалуу кагаздар листинг тизмесине кирбесе "листинг эмес" деген сөз көрсөтүлөт, эгерде бүтүм жасалган баалуу кагаздар листинг тизмесине кирсе "листинг" деген сөз жана фондулук биржа кабыл алган листингдин категориясы көрсөтүлөт.
9. "Брокердик жана дилердик фирмалар боюнча бүтүмдөр жөнүндө отчет" деген 9-форманы толтурууда төмөнкүдөй жоболорду жетекчиликке алуу зарыл:
а) "Брокердик фирма" тилкесинде баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун толук аталышы уюмдун уставдык документтерине ылайык көрсөтүлөт;
б) "Баалуу кагаздын аталышы" тилкесинин толтурууда 1-графада баалуу кагаздын эмитентинин аталышы көрсөтүлөт;
в) "Датасы" тилкесин толтурууда 2-графада бүтүм жасалган күнү/айы/жылы көрсөтүлөт;
г) "Мамлекеттик каттоо номери" тилкесин толтурууда 3-графада баалуу кагаздын чыгарылышына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ыйгарган каттоо номери көрсөтүлөт;
д) "Бүтүмдөрдүн саны" тилкесин толтурууда 4-графада компания/сооданын катышуучусу жүргүзгөн бүтүмдөрдүн саны көрсөтүлөт;
е) "Баалуу кагаздардын саны" тилкесин толтурууда 5-графада бүтүм жасалган баалуу кагаздардын саны даана менен көрсөтүлөт;
ж) "Баалуу кагаздын саны" тилкесин толтурууда 6-графада (максималдуу баа) бүтүм жүргүзүлгөн баалуу кагаздардын 1 баалуу кагазына болгон баа көрсөтүлөт, 7-графада (минималдуу баа) бүтүм жүргүзүлгөн баалуу кагаздардын 1 баалуу кагазына болгон баа көрсөтүлөт, 8-графада баалуу кагаздын орточо баасы көрсөтүлөт, бул баа максималдуу жана минималдуу баалар боюнча баалуу кагаздар менен жүргүзүлгөн бүтүмдөрдүн көлөмүн кошуп, аны бүтүм жүргүзүлгөн баалуу кагаздардын жалпы санына бөлүү менен эсептелет;
з) "Бүтүмдүн көлөмү" тилкесин толтурууда 9-графада жүргүзүлгөн бүтүмдөрдүн жалпы көлөмү бир баалуу кагаздын орточо баасы боюнча көрсөтүлөт.
10. "Фондулук биржанын соода системасы аркылуу жүгүртүүгө чыгарылуучу баалуу кагаздардын тизмеси" деген 10-форманы толтурууда төмөнкүдөй жоболорду жетекчиликке алуу керек:
а) "Баалуу кагаздардын мамлекеттик каттоо номери" тилкесин толтурууда 3-графада ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ыйгарган чыгарылган баалуу кагаздардын катталган номери көрсөтүлөт;
б) "Баалуу кагаздардын коду" тилкесин толтурууда 4-графада фондулук биржа кабыл алган баалуу кагаздардын аталышы/коду көрсөтүлөт;
в) "Ишинин түрү" тилкесин толтурууда 6-графада уюмдун уставдык документтерине ылайык негизги иш көрсөтүлөт;
г) "Рыноктук баа" тилкесин толтуруу учурунда 7-графада акыркы бүтүм боюнча баалуу кагаздардын баасы көрсөтүлөт;
д) "Листинг/листинг эмес" тилкесин толтуруу учурунда, эгерде ошол баалуу кагаз фондулук биржанын листингине киргизилсе "листинг" деп көрсөтүлөт, тескерисинче болгон учурда "листинг эмес" деп көрсөтүлөт.
11. "Соодалар жөнүндө маалыматтар" деген 11-форманы толтуруу учурунда төмөнкүдөй жоболорду жетекчиликке алуу керек:
а) "Буйруктар" тилкесин толтуруу учурунда (1, 2, 3, 4, 5-графалар) төмөнкүлөрдү көрсөтүү керек:
2-графада - сатып алуу/сатуу буйругунда көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын саны;
3-графада - сатып алуу буйругунда көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын саны;
4-графада - сатуу буйругунда көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын саны;
5-графада - буйрук берилген мезгил (күн/ай/жыл).
10-формада көрсөтүлгөн маалыматтарда колдонуудагы, бирок аткарыла элек буйруктар жөнүндө маалыматтар камтылат.
12. "Соода кылган күндөгү индекстин баркы" деген 12-форманы толтуруу учурунда төмөнкүдөй жоболорду жетекчиликке алуу керек:
а) "Индексти эсептеген күн" тилкесин толтурууда 1-графада индекс эсептелген күн/ай/жыл көрсөтүлөт;
б) "Мурдагы соода күнүндөгү индекс менен салыштырганда индекстеги өзгөрүүлөр (%)" тилкесин толтуруу учурунда 3-графада мурдагы иш күндөгү индекстин маанисине караганда отчеттук күндөгү анын маанисинин өзгөрүшү процент менен көрсөтүлөт.
13. "Соода күнүндөгү рыноктук капиталдаштыруунун мааниси" деген 13-форманы толтурууда 12-формадагыдай нускама колдонулат.
2-тиркеме
1-форма
┌──┬───────────────────┬───────────────────┬───────────┬───────────────┐
│№ │Акционердин/ │Акционердин/ │ Телефону, │ Акционердин/ │
│ │катышуучунун │катышуучунун │ факсы, │ катышуучунун │
│ │толук аталышы │жайгашкан жери │ e-mail │ аткаруу │
│ │ │ │ │ органынын │
│ │ │ │ │ жетекчисинин │
│ │ │ │ │ аты-жөнү │
│ │ │ │ │ │
├──┼───────────────────┼───────────────────┼───────────┼───────────────┤
│1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │
└──┴───────────────────┴───────────────────┴───────────┴───────────────┘
┌───────────────────────────┬────────────┬────────────────────┬────────┐
│Фондулук биржалардын │ Ишинин түрү│Фондулук биржалардын│Статусу │
│соодаларына │ │соодаларына │ │
│катышуучулардын/ │ │катышуучу/акционер │ │
│акционерлердин лицензиялары│ │болуп кирген күн │ │
│жөнүндө маалымат │ │ │ │
├────────┬─────────┬────────┤ │ │ │
│Лицен- │Лицен- │ Берген │ │ │ │
│зиянын │зияны │ күн │ │ │ │
│номери │берген │ │ │ │ │
│ │орган │ │ │ │ │
├────────┼─────────┼────────┼────────────┼────────────────────┼────────┤
│ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │ 10 │ 11 │
└────────┴─────────┴────────┴────────────┴────────────────────┴────────┘
2-форма
┌─────────────┬───────────────────────────┬───────────────────────────┐
│Өздүк капитал│ Отчеттук мезгилдин │Отчеттук мезгилдин аягында │
│ │ башталышында │ │
│ ├─────────────┬─────────────┼─────────────┬─────────────┤
│ │ Норматив │ Иш жүзүндө │ Норматив │ Иш жүзүндө │
├─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │
└─────────────┴─────────────┴─────────────┴─────────────┴─────────────┘
3-форма
┌─┬───────┬────────┬──────┬──────┬──────┬────────┬──────┬───────┬──────┐
│№│Эми- │Листинг-│ Баа │ Баа │ Баа │Мамле- │Фонду-│ Баа │ Баа │
│ │тенттин│ дин │ луу │ луу │ луу │кеттик │лук │ луу │ луу │
│ │аталышы│катего- │кагаз-│кагаз-│кагаз-│каттого │биржа-│кагаз- │кагаз-│
│ │ │риясы │дардын│дардын│дардын│алган │лар- │дардын │дардын│
│ │ │(деңгээ-│түрү │мам- │мам- │органдын│дагы │кыскар-│номи- │
│ │ │ли) │ │лекет-│лекет-│аталышы │листи-│тылган │налы │
│ │ │ │ │тик │тик │ │нгге │аталышы│ │
│ │ │ │ │каттоо│кат- │ │кирги-│/коду │ │
│ │ │ │ │номери│тоого │ │зилген│ │ │
│ │ │ │ │ │алын- │ │күн │ │ │
│ │ │ │ │ │ган │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │күн │ │ │ │ │
├─┼───────┼────────┼──────┼──────┼──────┼────────┼──────┼───────┼──────┤
│1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │ 10 │
└─┴───────┴────────┴──────┴──────┴──────┴────────┴──────┴───────┴──────┘
4-форма
┌─┬─────┬──────┬──────┬───────┬──────┬─────────┬───────┬──────┬────────┐
│№│Баа- │Баа- │Баа- │Мам- │Фонду-│Листинг- │Фонду- │ Баа │Фонду- │
│ │луу │луу │луу │лекет- │лук │ ден │лук │ луу │лук │
│ │ка- │ка- │ка- │тик │биржа-│чыгарыл- │биржа- │кагаз-│биржа- │
│ │газ- │газ- │газ- │каттоо-│лар- │ган │лар- │дардын│лар- │
│ │дар- │дар- │дар- │го │дагы │баалуу │дагы │номи- │дагы │
│ │дын │дын │дын │алган │листи-│кагаздар-│листи- │налы │листи- │
│ │түрү │мамле-│мамле-│орган- │нгге │дын │нгден │ │нгден │
│ │ │кеттик│кеттик│дын │кирги-│катего- │чыга- │ │чыгаруу-│
│ │ │каттоо│кат- │аталышы│зилген│риясы │рылган │ │нун │
│ │ │номери│тоого │ │күн │(деңгээ- │күн │ │себеп- │
│ │ │ │алын- │ │ │ли) │ │ │тери │
│ │ │ │ган │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │күн │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────┼──────┼──────┼───────┼──────┼─────────┼───────┼──────┼────────┤
│1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │ 10 │
└─┴─────┴──────┴──────┴───────┴──────┴─────────┴───────┴──────┴────────┘
5-форма
┌──┬───────────────┬───────────┬──────────┬────────────────┬───────────┐
│№ │Соодага каты- │ Соодага │ Телефону,│ Аткаруу │ Соодага │
│ │шуучулардын │катышуучу- │ факсы, │ органынын │ катышуучу-│
│ │толук аталышы │лардын │ e-mail, │ жетекчисинин │ лардын │
│ │ │юридикалык │ │ аты-жөнү │ ИСНи │
│ │ │дареги │ │ │ │
├──┼───────────────┼───────────┼──────────┼────────────────┼───────────┤
│1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │
└──┴───────────────┴───────────┴──────────┴────────────────┴───────────┘
┌────────────────────┬────────────────────────────┬────────┬───────────┐
│Соодага │ Соодага катышкан ыйгарым │Катышуу-│Соодаларда-│
│катышуучулардын │укуктуу трейдерлер жөнүндө │чунун │гы соодага │
│лицензиялары │ маалымат │соодага │катышуучу- │
│жөнүндө маалымат │ │киргиз- │нун токто- │
├──────┬──────┬──────┼───┬───────┬────────┬───────┤ген күн │туу же │
│Лицен-│Лицен-│Лицен-│ № │Ыйгарым│Квалифи-│Ыйга- │ │катышуучу- │
│зиянын│зияны │зиянын│ │укуктуу│кациялык│рылган │ │лардан │
│ № │берген│ № │ │трей- │күбөлүк-│квали- │ │чыгаруу │
│ │орган │берген│ │дердин │тү │фикация│ │боюнча │
│ │ │күн │ │аты- │берген │ │ │фондулук │
│ │ │ │ │жөнү │күн жана│ │ │биржалардын│
│ │ │ │ │ │анын │ │ │кабыл алган│
│ │ │ │ │ │ № │ │ │тартиптик │
│ │ │ │ │ │ │ │ │иш-чаралар │
│ │ │ │ │ │ │ │ │жөнүндө │
│ │ │ │ │ │ │ │ │маалымат │
├──────┼──────┼──────┼───┼───────┼────────┼───────┼────────┼───────────┤
│ 7 │ 8 │ 9 │10 │ 11 │ 12 │ 13 │ 14 │ 15 │
└──────┴──────┴──────┴───┴───────┴────────┴───────┴────────┴───────────┘
6-форма
201__-жылдын "___"____________ тартып 201__-жылдын
"_______"_______
┌──┬──────────┬────────────┬────────────┬───────┬──────────────────────┐
│№ │Күнү/айы │Соодага │Фондулук │Баалуу │ Бүтүмдөрдүн жалпы │
│ │ жылы │катышуучу- │биржалар- │кагаз- │ суммасы (сом менен) │
│ │ │лар толук │дын соода │дардын ├──────┬───────┬───────┤
│ │ │аталышы │системалары │саны │Жай- │Жүгүр- │Барды- │
│ │ │ │аркылуу │ │гаш- │түү │гы │
│ │ │ │жасалган │ │тыруу │ │ │
│ │ │ │баардык │ │ │ │ │
│ │ │ │бүтүмдөр │ │ │ │ │
├──┼──────────┼────────────┼────────────┼───────┼──────┼───────┼───────┤
│1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │
└──┴──────────┴────────────┴────────────┴───────┴──────┴───────┴───────┘
7-форма
┌───────────┬───────────┬───────────┬───────────┬───────────┬──────────┐
│Бүтүмдөрдүн│Бүтүмдөрдүн│ Биринчи │ Биринчи │ Экинчи │ Экинчи │
│жалпы саны │ жалпы │ рыноктогу │ рыноктогу │ рыноктогу │ рыноктогу│
│ │ көлөмү │бүтүмдөрдүн│бүтүмдөрдүн│бүтүмдөрдүн│бүтүмдөр- │
│ │ │ саны │ көлөмү │ саны │дүн көлөмү│
├───────────┼───────────┼───────────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │
└───────────┴───────────┴───────────┴───────────┴───────────┴──────────┘
8-форма
┌─────┬──────┬───────┬──────┬─────┬──────┬──────┬──────┬──────┬────────┐
│Күнү │БКнын │Мамле- │Бүтүм-│Сатып│Сатуу-│БК │1 БК │Бүтүм-│Листинг │
│ │эми- │кеттик │дүн │алуу-│чу │саны │баасы │дүн │/лис- │
│ │тенти │каттоо │номери│чу │ │(даа- │(сом) │көлөмү│тинг │
│ │жана │номери │ │ │ │на) │ │ │эмес │
│ │БКнын │ │ │ │ │ │ │ │(лис- │
│ │түрү │ │ │ │ │ │ │ │тингдин │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │катего- │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │риясы/ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │деңгээ- │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ли) │
├─────┼──────┼───────┼──────┼─────┼──────┼──────┼──────┼──────┼────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │ 10 │ 11 │
├─────┼──────┼───────┼──────┼─────┼──────┼──────┼──────┼──────┼────────┤
│Жый- │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ынты-│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│гы │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
└─────┴──────┴───────┴──────┴─────┴──────┴──────┴──────┴──────┴────────┘
9-форма
Брокердик фирма
" ________________________________ "
┌──────────┬──────┬────────┬───────┬──────┬────────────────────┬───────┐
│БКнын │Күнү │Каттал- │Бүтүм- │ БК │ Баалуу кагаздардын │Бүтүм- │
│аталышы │ │ган │дөрдүн │саны │ баасы (сом) │дүн кө-│
│ │ │мамле- │саны │(даа- ├─────┬─────┬────────┤лөмү │
│ │ │кеттик │ │на) │max. │mi№. │Орточо │(сом) │
│ │ │номери │ │ │баасы│баасы│баасы │ │
├──────────┼──────┼────────┼───────┼──────┼─────┼─────┼────────┼───────┤
│ 1 │ 2 │ │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ │
├──────────┼──────┼────────┼───────┼──────┼─────┼─────┼────────┼───────┤
│БК │ │ │ (*) │ (*) │ (*) │ (*) │ (*) │ (*) │
│боюнча │ │ │ │ │ │ │ │ │
│жыйынтык │ │ │ │ │ │ │ │ │
└──────────┴──────┴────────┴───────┴──────┴─────┴─────┴────────┴───────┘
10-форма
┌────────────┬────────┬─────────┬─────┬────┬────────┬────────┬─────────┐
│Эмитенттин │Жайгаш- │Мамлекет-│БК │Бкд │ Ишинин │Рыноктук│Листинг/ │
│ аталышы, │кан жери│тик кат- │коду │түрү│ түрү │ баасы │листинг │
│чыгарылган │ │тоо номе-│ │ │ │ (сом) │эмес │
│ БКнын │ │ри │ │ │ │ │ │
│жалпы саны │ │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼─────────┼─────┼────┼────────┼────────┼─────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │
└────────────┴────────┴─────────┴─────┴────┴────────┴────────┴─────────┘
11-форма
┌──────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ Буйруктар │
├──────────────┬──────────────┬───────────┬────────────┬───────────────┤
│ БК коду │ БК саны │Сатып алуу │ Сатуу │ Күнү, │
│ │ │ (сом) │ (сом) │ убактысы │
├──────────────┼──────────────┼───────────┼────────────┼───────────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │
└──────────────┴──────────────┴───────────┴────────────┴───────────────┘
12-форма
┌───────────────────┬───────────────────┬──────────────────────────────┐
│ Индекс эсептелген │ Индекстин мааниси │Мурдагы соода күнүндөгү индекс│
│ күн │ (пункттар) │менен салыштырганда индекстеги│
│ │ │ өзгөрүүлөр (%) │
├───────────────────┼───────────────────┼──────────────────────────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │
└───────────────────┴───────────────────┴──────────────────────────────┘
13-форма
┌───────────────────┬──────────────────┬───────────────────────────────┐
│ Капиталдаштыруу │Капиталдаштыруунун│ Мурдагы соода күнүндөгү │
│ эсептелген күн │ мааниси (сом) │ капиталдаштыруу менен │
│ │ │ салыштырганда │
│ │ │ капиталдаштыруудагы │
│ │ │ өзгөрүүлөр (%) │
├───────────────────┼──────────────────┼───────────────────────────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │
└───────────────────┴──────────────────┴───────────────────────────────┘
|
|