Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-августу №448
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы №739 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы №342 "Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы жашоо-турмуш маселелерин өркүндөтүү жана инфраструктураны күтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы №739 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобо төмөнкүдөй мазмундагы 8.5-пункт менен толукталсын:
"8.5. Эгер өткөрүү пункту мамлекеттик контролдоо органынын балансында турса, анда өткөрүү пунктунун администрациясы болуп ошол мамлекеттик контролдоо органы эсептелет. Бул учурда өткөрүү пунктунун администрациясынын функциясы өткөрүү пунктундагы мамлекеттик контролдоо органынын жетекчисине жана ошондой эле ал мамлекеттик контролдоо органынын башка ыйгарым укуктуу кызмат адамына же түзүмдүк бөлүгүнө жүктөлүүсү мүмкүн".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А. Атамбаев |