Загрузка документа…
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы № 739 токтому менен бекитилген) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пунктары жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-сентябрындагы № 460, 2006-жылдын 2-августундагы № 553, 2010-жылдын 28-январындагы № 40, 2011-жылдын 4-августундагы № 448, 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700, 2012-жылдын 12-декабрындагы № 830, 2013-жылдын 24-январындагы № 28, 2015-жылдын 16-апрели № 214, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178, 2024-жылдын 15-августундагы № 473 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө Жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарын (мындан ары - өткөрүү пункттары) ачуунун, алардын иштешинин жана жабылышынын тартибин жөнгө салат.
Бул Жобо "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана башка ченемдик укуктук актылардын негизинде иштелип чыккан.
1.2. Өткөрүү пункттары Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен эл аралык катнашын камсыз кылуу үчүн арналган.
1.3. Өткөрүү пункттары - темир жол, автомобиль вокзалынын, бекетинин, эл аралык катнаштар үчүн ачылган аэропорттун, аэродромдун чегиндеги аймак, ошондой эле чек аралык, бажылык, санитардык-карантиндик, ветеринардык, фитосанитардык жана контролдуктун башка түрлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан товарларды, транспорттук каражаттарды жана башка мүлктү контролдуктан өткөрүү жүзөгө ашырылып жаткан атайын жабдылган жер.
1.4. Аталган объектилердин аймагынын чектеринде өткөрүү пункттары өзүнө имараттардын, имарат жайлардын, тиешелүү технологиялык жабдуулары бар курулуштардын комплексин камтып турат, аларда чек ара, бажы органдары жана контролдуктун башка түрлөрү, ошондой эле өткөрүү пунктунун ишин камсыз кылуучу транспорттук жана башка ишканалар жана уюмдар кызматтык ишти жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу ар бир өткөрүү пунктуна ушул Жобонун тиркемесине ылайык өткөрүү пунктунун паспорту түзүлөт
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-апрели № 214 токтомунун редакциясына ылайык)
1.5. Адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүнүн, товарларды, транспорт каражаттарын жана башка мүлктү алып өтүүнүн белгиленген эрежелеринин сакталышын камсыз кылуу үчүн аткаруу бийлигинин тиешелүү органдары тарабынан чек ара, бажы, санитардык-карантиндик, иммиграциялык, ветеринардык, фитосанитардык жана транспорттук контролдоо жана баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо органдарынын бөлүмдөрү түзүлөт, ал эми ташуучулар тарабынан аба, автомобиль жана темир жол катнашы жагындагы эл аралык макулдашуулардын жана конвенциялардын талаптарынын сакталышына контролдук жүргүзүү, граждандык авиациянын ишине мыйзамсыз кийлигишүү актыларын болтурбай коюу үчүн - мамлекеттик автотранспорттук контролдоонун, авиациялык коопсуздуктун жана поезддердин кыймылынын коопсуздугунун органдары (мындан ары - мамлекеттик контролдоо органдары) түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 28 токтомунун редакциясына ылайык)
1.6. Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык адамдар, транспорт каражаттары, жүктөр жана башка мүлк мамлекеттик чек ара аркылуу өткөндө контролдоо функциялары төмөнкүлөргө жүктөлгөн:
- чек ара жана миграциялык контролдоо - мамлекеттик чек араны коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына;
- бажы контролу - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- санитардык-карантиндик контролдук - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына;
- ветеринардык жана фитосанитардык контролдук - санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына;
- транспорттук контроль – Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарын кошпогондо, транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
- баңгизаттардын жүгүртүлүшүн контролдоо - баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 28, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1.7. Өткөрүү пункттарында контролдуктун башка түрлөрүн уюштуруу жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле өткөрүү пункттарында эл аралык катнаштын иш жүргүзүшүнө байланышпаган чарбалык жана башка ишти (статистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча статистика органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштерден тышкары) жүзөгө ашырууга аткаруу бийлигинин органдарына, жеке жана юридикалык жактарга жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-августундагы № 473 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Өткөрүү пункттарынын классификациясы
2.1. Өткөрүү пункттары түрүнө, эл аралык катнаштын мүнөзүнө жана иштин режимине жараша:
- эл аралык катнаштын түрү боюнча - аба, автомобилдик, темир жол жана жөө жүрүү;
- эл аралык катнаштын мүнөзү боюнча - жүргүнчүлөрдү ташуучу, жүктөрдү ташуучу, жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуучу;
- иш режими боюнча - туруктуу, убактылуу, сезондуу болуп классификацияланат.
2.2. Өткөрүү пункттары - граждандыгына (букаралыгына) карабастан адамдарды, транспорт каражаттарын жана башка мүлктү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү үчүн көп тараптуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын граждандарын өткөрүү үчүн эки тараптуу; Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк граждандарды жана граждандыгы жок адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана башка мүлктү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жана чектеш мамлекет аркылуу өткөрүү үчүн эки тараптуу, анын ичинде женөкөйлөтүлгөн тартипте болушу мүмкүн.
2.3. Өткөрүү пунктун классификациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эл аралык укуктун нормаларына ылайык, чектеш чет мамлекеттин таламдарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тиешелүү органдарынын сунушу боюнча кайра каралышы мүмкүн.
2.4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алардын классификациясын көрсөтүү менен өткөрүү пункттарын белгилөө жөнүндөгү чечими расмий басма сөзгө жарыяланат жана зарыл учурда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы аккредиттелген дипломатиялык (консулдук) өкүлчүлүктөрүнө жана тиешеси бар эл аралык уюмдарга, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнө билдирилет.
III. Өткөрүү пункттарын белгилөөнүн тартиби
3.1. Өткөрүү пункттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими тарабынан Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана областтык мамлекеттик администрацияларынын сунушу боюнча (мындан ары - демилгечилер) чектеш чет мамлекеттердин таламдарын эске алуу менен орнотулат.
3.2. Өткөрүү пунктун белгилөөнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн демилгечи Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, мамлекеттик чек араны коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, транспорт жана коммуникация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитетке төмөндөгү материалдарды жиберет:
- өткөрүү пунктун белгилөө жөнүндө анын классификациясы, аны уюштуруунун максатка ылайыктуулугун негиздеген справканы, пландаштырылган өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жана ачуу мөөнөтүн, мамлекеттик бюджеттен жана финансылоонун башка булактарынан өткөрүү пунктун долбоорлоонун, куруунун (кайра конструкциялоо), жабдуунун жана техникалык жабдуунун, мамлекеттик контролдоо органдарын күтүүгө кеткен чыгымдардын эсеби көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун;
- Кыргыз Республикасынын аймактык мамлекеттик башкаруу органдарынын өзүнүн аймагында өткөрүү пунктун белгилөөгө макулдугун жиберет.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн аткаруу бийлигинин органдары өздөрүнө берилген материалдарды карап чыгат жана бир айлык мөөнөттө өзүнүн корутундусун демилгечиге берет.
3.3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган өткөрүү пунктун орнотуу жөнүндө чечим өткөрүү пунктун ачуу, финансылоо, долбоорлоо, куруу (кайра конструкциялоо), техникалык жактан жабдуу, ошондой эле транспорттук, инженердик жана социалдык-турмуш-тиричилик инфраструктураны түзүү үчүн негиз болуп эсептелет.
IV. Өткөрүү пункттарын ачуунун тартиби
4.1. Өткөрүү пункту алар курулгандан (кайра конструкциялангандан), жабдылгандан, техникалык жабдылгандан, транспорттук, инженердик жана социалдык-турмуш-тиричилик инфраструктурасы аяктагандан жана алар тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан пайдаланууга кабыл алынгандан кийин ачылат.
4.2. Өткөрүү пунктун орнотуу (реконструкциялоо) жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин демилгечи өзүнүн компетенциясынын чектеринде заказчынын функциясын аткарат жана өткөрүү пунктун долбоорлоо, куруу (кайра конструкциялоо), жабдуу жана техникалык жабдуу боюнча жалпы координациялоону жүзөгө ашырат.
4.3. Өткөрүү пунктун куруу (кайра реконструкциялоо) жана пункттун объектилерин жабдуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик экспертизадан өткөн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, транспорт жана коммуникация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, архитектура жана курулуштун жергиликтүү органдары менен макулдашылган долбоорлор тарабынан жүзөгө ашырылат.
4.4. Демилгечи объектини долбоорлоо үчүн өткөрүү пунктун архитектуралык-пландаштыруу тапшырмасын жана техникалык тапшырманы иштеп чыгуу жана техникалык жабдууну камсыз кылат.
4.5. Өткөрүү пункттарын жабдуу жана техникалык жабдуу үчүн техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу үчүн 4.3 пунктта көрсөтүлгөн аткаруу бийлигинин таламдаш органдарына төмөндөгү материалдар берилет:
- имараттарды жана курулуштарды көрсөтүү менен өткөрүү пунктунун аймагынын планы;
- өткөрүү пунктунун имараттарды пайдаланууга берүү жөнүндө архитектуралык-пландаштырылган чиймелерин;
- өткөрүү пунктунун аймагынын жайгашышы белгиленген 1:25000 масштабындагы картанын көчүрмөсүн.
4.6. Өткөрүү пунктун куруу (кайра конструкциялоо) аякталгандан кийин объектини пайдаланууга кабыл алууну жүзөгө ашыруу үчүн ведомстволор аралык комиссия чакырылат.
4.7. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана курамда түзүлөт, ошондой эле өткөрүү пунктундагы мамлекеттик контролдоо органдарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн камтып турат.
4.8. Убактылуу жана сезондуу өткөрүү пункттарынын иштөө мөөнөтү, ишинин мезгили, аларды жабдуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аларды белгилөө жөнүндө чечими менен аныкталат.
V. Өткөрүү пункттарын жабуунун тартиби
5.1. Өткөрүү пункту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен төмөндөгүлөрдүн негизинде:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу транспорттук катнашты токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери күчүнө киргенде;
- Кыргыз Республикасы же башка мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдин колдонулушун токтотуу жөнүндө бир тараптуу чечим кабыл алынганда;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин жана/же бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул Жобонун 3.2 пунктунда көрсөтүлгөн контролдоо органдары менен макулдашуу боюнча өткөрүү пунктунун андан ары иш жүргүзүшүнүн максатка ылайыксыздыгы же мүмкүн эместиги жөнүндө сунуш берилгенде жабылышы мүмкүн.
5.2. Өткөрүү пунктун убактылуу жабуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен төмөндөгү учурларда:
- транспорттук катнашты же мамлекеттик контролдоо органдарынын ишин жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогон өзгөчө жагдайларда, табигый кырсыктардын жана техногендик мүнөздөгү жагдайлардын учурунда;
- санитардык-карантиндик мүнөздөгү себептер боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдеринде каралган милдеттенмелерди аткаруу үчүн жүргүзүлөт.
5.3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өткөрүү пунктун жабуу же аны убактылуу жабуу, ошондой эле өткөрүү пунктун убактылуу жабуу жөнүндө чечимдерди жокко чыгаруу жөнүндө чечимдери массалык маалымат каражаттарында жарыяланат жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасында өзүнүн ишин жүзөгө ашырып жаткан эл аралык уюмдарга жеткирилет.
5.4. Убактылуу жабылган өткөрүү пунктунун иши кайра жүргүзүлгөнгө чейин мамлекеттик контролдоо органдарынын структуралык бөлүмдөрү жоюп жиберүүгө жатпайт жана өзүнүн-ишин министрликтер менен ведомстволордун тиешелүү жетекчилеринин чечимине ылайык жүзөгө ашырат.
VI. Өткөрүү пункттарынын ишин уюштуруу
6.1. Өткөрүү пунктунун ишинин жалпы тартиби - ишинин башталышын жана аякталышынын убактысы, технологиялык тыныгуулар, мамлекеттик чек ара аркылуу өтүп жаткан жеке адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү жол-жоболоштуруунун графиги (расписаниеси) мамлекеттик контролдоо органынын жетекчилеринин жана аэропорттун, аэродромдун, темир жол вокзалынын, бекетинин башка транспорт ишканаларынын (мындан ары өткөрүү пунктунун администрациясы) биргелешкен чечими менен бекитилет.
6.2. Өткөрүү пункттарында контролдоонун бардык түрлөрүн жүзөгө ашыруунун ырааттуулугу адамдарды, транспорт каражаттарын жүктөрдү жана башка мүлктү эл аралык катнаштын түрү боюнча өткөрүүнүн типтүү схемалары тарабынан аныкталат, алар мамлекеттик контролдоо органдарынын жетекчилери менен өткөрүү пункттарында макулдашылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын нормативдик-укуктук актылары менен бекитилет.
6.3. Мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана башка мүлктү жергиликтүү шарттарды эсепке алуу менен өткөрүүнүн типтүү схемаларына ылайык мамлекеттик контролдоо органдарынын жетекчилеринин жана өткөрүү пунктунун администрациясынын биргелешкен чечимдери менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдарды, товарларды, транспорт каражаттарын жана башка мүлктү айкын өткөрүү пунктунда өткөрүүнүн технологиялык схемалары ишке киргизилет.
Өткөрүү пунктунун иштөө тартибинин графигин өзгөртүү жөнүндө чечим белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын министрликтери, ведомстволору жана аймактык администрациялык органдары менен макулдашылууга тийиш.
VII. Мамлекеттик контролдоо органдарынын өткөрүү пункттарындагы өз ара аракеттенүүсү
7.1. Мамлекеттик контролдоо органдары жана өткөрүү пункттарынын администрациясы төмөндөгү негизги багыттар боюнча өз ара аракеттерди жүзөгө ашырат:
- өткөрүү пунктундагы орун алган жагдайга биргелешкен талдоо жүргүзүү, жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн агымын өзгөртүү боюнча тенденцияларды, мамлекеттик чек арадан өтүүнүн жана ал аркылуу транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана башка мүлктү алып өтүүнүн мүмкүн болуучу эрежелерин бузуулар боюнча тенденцияларды болжолдоо;
- өткөрүү пункттарынын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүнүн схемасын жана өз ара аракеттенүүнүн пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү.
7.2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын тиешелүү структуралык бөлүмдөрүнүн башпаана издеген адамдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында кабыл алышынын жол-жобосу боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби ведомстволор аралык Жобо менен жөнгө салынат.
7.3. Өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын режиминин жана өткөрүү пунктундагы режимдин маселелери боюнча мамлекеттик контролдоо органдарынын ишин координациялоо - чек ара контролдугу органдарынын, бажы контролдугу зонасынын режимин кармоону контролдоо органдарынын жетекчилерине - бажылык контролдоо оргаңцарынын жетекчилигине, өндүрүштүк жана чарбалык иш - өткөрүү пунктунун администрациясынын жетекчилерине жүктөлөт.
7.4. Өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоо органдарынын ишин координациялоону камсыз кылуу максатында мамлекеттик контролдоо органдарынын жетекчилеринин демилгеси боюнча координациялык кеңешмелер чакырылат, ага өткөрүү пункттарындагы мамлекеттик контролдоо органдарынын бөлүмдөрүнүн, улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана ички иштер органдарынын аймактык органдарынын жетекчилери, өткөрүү пунктунун администрациясы, ошондой эле өткөрүү пункту жайгашкан аймактагы аткаруу органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү катышат.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү маселелерди талкуулоодо жана чечимдерди кабыл алууда бирдей укуктардан пайдаланат.
7.5. Зарыл учурда координациялык кеңешмеге башка мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жана бирикмелердин өкүлдөрү да чакырылышы мүмкүн. Алардын катышуусу жөнүндө чечим координациялык кеңештин мүчөлөрү тарабынан кабыл алынат.
7.6. Координацияяык кеңешмелер зарылдыгына жараша, бирок кварталында кеминде бир жолу, ошондой эле координациялык кеңешменин мүчөсүнүн биринин демилгеси боюнча өткөрүлүп турат.
7.7. Координациялык кеңешмелерде алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат. Эгерде ал үчүн координациялык кеңешке катышкан мүчөлөрдүн жарымынан көбү добуш берсе, ал чечим кабыл алынды деп эсептелет.
7.8. Координациялык кеңештин чечими протоколго жазылат.
7.9. Ушул Жобонун 7.4-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары өздөрү өкүлү болгон органдардын, уюмдардын жана мекемелердин компетенциясына таандык кылынган жагындагы чечимди аткарууну камсыз кылышат.
VIII. Өткөрүү пункттарын финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу
8.1. Өткөрүү пункттарын куруу (реконструкциялоо) жана жабдуу үлүштүк башталыштарда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджетинин каражаттарынын эсебинен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринде жана учурдагы финансылык жылда ушул максаттар үчүн тартылган тиешелүү мамлекеттик органдардын республикалык бюджеттеги каражаттарынын чектеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Таламдаш тараптардын өткөрүү пунктун курууга (реконструкииялоого) жана жабдууга финансы берүүгө үлүштүк катышуусунун көлөмү долбоорлук-сметалык документтер тарабынан аныкталат.
8.2. Өткөрүү пункту пайдаланууга кабыл алынгандан кийин мамлекеттик контролдоо органдарынын структуралык бөлүмдөрүнө белгиленген тартипте кызматтык жана турмуш-тиричилик бөлмөлөрүн, ушул пункттардын курулушуна тараптардын үлүштүк катышынын өлчөмүнө ылайык тиешелүү контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон атайын жайлар жана технологиялык жабдуулар берилет.
8.3. Өткөрүү пунктун атайын аппаратура жана техникалык контролдоо каражаттары менен жабдуу, аларды пайдалануу, ошондой эле мамлекеттик контролдоо органдарынын структуралык бөлүмдөрүнүн өздүк курамын күтүүгө байланыштуу чыгымдар мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринде каралган каражаттардын жана учурдагы финансылык жылда аталган максаттар үчүн тартылган тиешелүү мамлекеттик органдардын республикалык бюджеттеги каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартылган башка каражаттардын чектеринде жүзөгө ашырылат.
Өткөрүү пунктун күтүүгө, коммуналдык кызматтарга кетүүчү чыгамдар жана башка чыгымдар демилгечинин тиешелүү кызматы жана өткөрүү пунктундагы мамлекеттик контролдоо органынын ортосундагы келишимдин негизинде финансыланат.
8.4. Мамлекеттик контролдоо органдарынын структуралык бөлүмдөрү аларга берилген кызматтык жана турмуш-тиричилик бөлмөлөрүн, атайын жайларды жана технологиялык жабдууларды, алардын арналышына ылайык белгиленген нормалар жана эрежелер боюнча пайдаланат.
8.5. Эгер өткөрүү пункту мамлекеттик контролдоо органынын балансында турса, анда өткөрүү пунктунун администрациясы болуп ошол мамлекеттик контролдоо органы эсептелет. Бул учурда өткөрүү пунктунун администрациясынын функциясы өткөрүү пунктундагы мамлекеттик контролдоо органынын жетекчисине жана ошондой эле ал мамлекеттик контролдоо органынын башка ыйгарым укуктуу кызмат адамына же түзүмдүк бөлүгүнө жүктөлүүсү мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 448 токтомунун редакциясына ылайык)
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобого тиркеме |
Өткөрүү пунктунун паспорту
_____________________________________________________________________
(өткөрүү пунктунун аталышы)
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-апрели № 214 токтомунун редакциясына ылайык)
1 | Жалпы маалыматтар | |
1.1 | өткөрүү пунктунун мамлекетке тиешелүүлүгү |
|
1.2 | чектеш мамлекет |
|
1.3 | чектеш жагындагы өткөрүү пунктунун аталышы |
|
1.4 | өткөрүү пунктун орнотуунун, ачуунун негиздери |
|
1.5 | өткөрүү пунктунун коду |
|
1.6 | өткөрүү пунктунун дареги (иш жүзүндө жайгашкан жери) |
|
1.7 | эксплуатациялоого жооптуу юридикалык жак |
|
1.8 | өткөрүү пунктунун Бажы союзунун сырткы чек арасынан алыстыгы |
|
1.9 | эл аралык каттамдын мүнөзү боюнча классификациясы |
|
1.10 | эл аралык каттамдын түрү боюнча классификациясы |
|
1.11 | иштөө тартиби боюнча классификациясы |
|
1.12 | адамдардын, унаа каражаттарынын жана товарлардын чөйрөсү боюнча классификациясы |
|
1.13 | иштөө режими (иш тартиби) |
|
1.14 | өткөрүү пунктунун адистешүүсү |
|
1.15 | кош коридор технологиялык тутумунун болушу ("кызыл" жана "жашыл" каналдар) |
|
1.16 | долбоордук өткөрүү жөндөмдүүлүгү: |
|
1.17 | унаа каражаттары адамдар товарлар |
|
2 | Өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоо тутумунун болушу | |
2.1 | паспорттук контролдоо |
|
2.2 | адамдардын денесинин температурасын контактсыз ченөө |
|
2.3 | жол жүгүн жана кол жүгүн кароо (текшерүү) |
|
2.4 | унаа каражатын жана товарларды кароо (текшерүү) |
|
2.5 | жеке кароо бөлмөсүнүн (ЖКБ) болушу |
|
2.6 | автоунаа каражаттарын электрондук эсепке алуу |
|
2.7 | автоунаа каражаттарынын салмак параметрлерин жана габариттик өлчөмдөрүн автоматтык (октук) аныктоо |
|
2.8 | радиациялык контролдоо |
|
2.9 | алып киргенге, алып чыкканга тыюу салынган курал-жарактарды, баңгизаттарды жана башка товарларды аныктоо |
|
2.10 | атайын, телефон, радио жана башка байланыштар |
|
2.11 | теле (көрмө) байкоо жүргүзүү |
|
2.12 | өрт сигнализациясы |
|
2.13 | кайтаруу, кирүүнү контролдоо жана кайтаруу сигнализациясынын инженердик каражаттары |
|
2.14 | интеграцияланган маалыматтык тутум |
|
2.15 | биологиялык калдыктарды чогултуу жана утилдештирүү |
|
2.16 | унаа каражаттарын тазалоо жана дезинфекциялоо |
|
2.17 | карантиндик продукцияларды зыянсыздандыруу |
|
2.18 | часофикация |
|
2.19 | резервдик азыктандыруу |
|
3 | Өткөрүү пунктунда өз ишин жүргүзгөн уюмдар тууралуу маалыматтар, реквизиттер, байланыш маалыматтары (тел., факс, e-mail, башка маалыматтар) | |
3.1 | мамлекеттик контролдоонун түрлөрү: |
|
3.1.1 | чек аралык |
|
3.1.2 | бажылык |
|
3.1.3 | санитардык-карантиндик |
|
3.1.4 | ветеринардык |
|
3.1.5 | фитосанитардык карантиндик |
|
3.1.6 | унаалык контролдоо |
|