Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-августу №450
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын курамы төмөнкү мазмундагы позиция менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А. Атамбаев |