Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-августу № 523
«2012-2015-жылдардагы Кыргыз Республикасындагы сейсмикалык коопсуздук» мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө
Сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо багытында зилзалага каршы алдын алуучу иш-чараларды жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- «2012-2015-жылдардагы Кыргыз Республикасындагы сейсмикалык коопсуздук» мамлекеттик программасы (мындан ары - Мамлекеттик программа);
- «2012-2015-жылдардагы Кыргыз Республикасындагы сейсмикалык коопсуздук» мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2012-2015-жылдарга карата республикалык бюджетте жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигине Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн тийиштүү каражат караштырсын жана керектүү финансылык ресурстарды Мамлекеттик программада белгиленген көлөмдө өз убагында бөлүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги менен бирдикте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн эл аралык донор уюмдардын кошумча каражаттарын тартуу боюнча зарыл ишти жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-августундагы № 523 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасы сейсмикалык активдүүлүк зонасында жайгашкан. Өлкөнүн аймагында 8,9 жана 9 дан ашуун балл интенсивдүүлүктөгү жер титирөөлөр болушу ыктымал. Республикада акыркы беш жылдын ичииде эле 3 катуу жер титирөө болуп, алар кыйла чоң материалдык зыян келтирип, адамдардын өлүмүнө дуушарлантты. Аймактын жогорку сейсмикалуулугу республиканын курулуш тармагына өзгөчө талаптарды коюп, курулган жана жаңы курулуп жаткан имараттар менен курулмалардын сейсмикалык туруктуулук деңгээлин жогорулатуу максатында узак мөөнөттүү максаттуу мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана жүргүзүүнү талап кылат.
Жер титирөөлөрдү болжолдоонун, байкоо жүргүзүүнүн, алдын алуунун жана алардын кесепеттерин жоюунун азыркы системасы калктын сейсмикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маселелерди тез арада чечүүнүн талап кылынган деңгээлине толук ченемде жооп бербейт.
«Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана башка ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук милдеттерин жана укуктарын аныктайт.
Калктын сейсмикалык коопсуздугун камсыз кылууга, жер титирөөлөрдү болжолдоого жана алдын алууга байланышкан маселелерди так жана өз убагында чечүү үчүн мамлекеттик бийлик субъекттеринин ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салуу орчундуу маселе.
2. Учурдагы абалга талдоо
2.1. Республиканын аймагында мамлекеттик каражаттын эсебинен капиталдык курулуш иштеринин көлөмү кыскарышы, өндүрүштүк базанын жаңы шарттарга даяр эместиги, курулуш материалдарына, буюмдарына жана конструкцияларына баанын токтоосуз өсүшү курулуш тармагындагы кырдаалды татаалдаштырды. Турак жай курулушуна мамлекеттик салымдардын азайышы жекече үй куруунун кыйла кеңейишине алып келди. Жарандардын каражатынын эсебинен тургузулган турак-жайдын үлүшү кескин көбөйдү. Ошондуктан жакынкы жылдарда шаар курулушундагы негизги багыт көбүн эсе көп кабаттуу эмес курулуш болуп калат.
2.2. Буга байланыштуу курулуш тармагынын өнүгүшүнүн негизги багытында жергиликтүү материалдарды пайдалануу менен көп кабаттуу эмес курулуш үчүн буюмдарды жана конструкцияларды өндүрүүнү кеңейтүү, жер титирөөгө туруктуу, энергиялык жактан натыйжалуу жана экологиялык таза курулуш конструкцияларынын, материалдарынын жана буюмдарынын ассортиментин кеңейтүү, курулуш өндүрүшүнүн материалдарды, энергияны жана эмгекти көп талап кылуусун азайтуу, имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу негизги багыт катары каралууда.
2.3. Азыркы учурда республиканын аймагында жергиликтүү чопо материалдарды колдонуу менен жекече турак-жай курулушунун салттуу түрлөрү пайда болду, кийинки жылдарда аларды куруунун көлөмү улам өсүп жатат. Колдонуудагы нормалар чындыганда сейсмикалык райондордо топурак материалдан имараттарды курууга тыюу салат.
Бирок материалдык-техникалык ресурстардын жетишсиздигинен улам бул айыл жергесинде кеңири колдонулууда, ал эми алар өлкөнүн калктуу конуштарынын 80 %тен ашуунун түзөт. Буга байланыштуу жергиликтүү курулуш материалдарын пайдалануу менен турак үйлөрдү куруунун жер титирөөгө туруктуу конструкциялык-пландаштыруу чечимдерин иштеп чыгуу зарыл.
3. Мамлекеттик программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарылдыгы
3.1. Имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун изилдөө, жаңы конструкциялык чечимдерди жана жер титирөөгө каршы иш-чараларды иштеп чыгуу мүмкүн болгон жер титирөөлөр келтирген зыянды азайтууга эле эмес, имараттардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, анын аркасында адамдардын жашоосунун коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
3.2. Акыркы жылдарда (1990-2011-ж.) сейсмикалык опурталдуулук проблемасы боюнча изилдөөлөр өнүгүүдө. Сейсмикалык коркунучтуу райондордо жашаган калктын коопсуздугу жана курулуш экономикасы аны чечүүнүн деңгээлине көз каранды. Толук баштапкы маалымат жетишсиз шарттарда, анын ичинде жер титирөө учурундагы кыртыштын жылышуусунун спектрдик жана убактылуу мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтын жетишсиздиги, жер титирөөгө туруктуу курулуштун натыйжалуулугу жана сейсмикалык опуртал маселелери системалуу мамиле жасоонун негизинде чечилүүгө тийиш.
3.3. Жер титирөөгө туруктуу конструкциялык имараттарды жана курулмаларды курууга натыйжалуу жеңил конструкцияларды пайдалануу жана курулуш объекттеринин ишенимдүүлүгүн жана үнөмдүүлүгүн жогорулатуучу жер титирөөдөн сактануунун жаңы методдорун колдонуу менен курулуштардын массасын максималдуу төмөндөтүүнүн эсебинен жетишилет. Курулуштун инженердик-геологиялык, материалдык-техникалык салттуу шарттарын эске алуу менен жер титирөөгө туруктуу имараттарды куруунун жаңы чечимдерин иштеп чыгуу ишин кеңейтүү зарыл.
3.4. Кыргыз Республикасында жер титирөөгө туруктуулук маселесин регламенттеген колдонуудагы ченемдик документтердин талаптары өткөн кылымдын ортосунда тургузулган имараттар жана курулмалар үчүн коюлган талаптардан ашып түшөт. Имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоо деңгээлинин төмөндүгү коркунучту тереңдетип, сейсмикалык опурталды жогорулатат.
3.5. 1992-2010-жылдары өлкөнүн аймагында болуп еткөн жер титирөөлөрдөн жабыр тарткан имараттарды изилдөөнүн маалыматтары жабыр тарткан адамдардын жана бузулган имараттардын саны өсүп жаткандыгын көрсөтүүдө. Мисалы, 2007-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы жер титирөөдө 3000 миңден ашуун имарат, ал эми Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жер титирөөлөрдөн 5000 миңден ашуун имарат жабыр тарткан. Мындай жагдайда ар кандай арналыштагы имараттардын колдоо болгон фондунун сапаттык абалын аныктоо жана алдын-ала чара көрүү максатында паспорттоштурууну тезинен жүргүзүү зарыл.
3.6. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын аймагында күчтүү жер титирөөлөр коркунучу объективдүү реалдуу жана аларга даярдык эң маанилүү мамлекеттик милдеттердин бири болуп эсептелет. Жер титирөөлөрдүн кесепеттерине анализ келтирилген зыянды калыбына келтирүүдөн көрө аларга карата алдын-ала даярдануу жакшы экендигин көрсөтүүдө. Алдын алуучу иш-чараларды жүргүзүү жер титирөөдөн келтирилген материалдык зыянды ондогон эсеге төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
4. Мамлекеттик программанын максаттары жана милдеттери
4.1. Бул Программанын максаттары төмөнкүлөр:
- ченемдик документтерге ылайык объекттердин сейсмикалык туруктуулугунун деңгээли боюнча имараттардын жана курулмалардын маалыматтык базасын түзүү.
- сейсмикалык коопсуздук, алдын алуу, калыбына келтирүү системасы жана республиканын аймагында жер титирөөлөргө калктын даярдыгы тармагында укуктук жана ченемдик базаны өркүндөтүү.
- үлгүлүк объекттердеги (б.а. конструкциялык схемасы мурдатан турган имараттар үчүн да, ошондой эле жаңы курулуп жаткандар үчүн да көп колдонулган объекттер) илимий изилдөөчү жана тажрыйбалык-конструкциялык иштердин натыйжаларын практикада пайдалануу, бул кийин мындай тажрыйбаны башка объекттерде колдонууга да мүмкүндүк берет. Уюмдардын жана калктын сейсмикалык тобокелдик жана сейсмикалык коргонуу маселелериндеги маалыматтуулугун жогорулатуу.
4.2. Алдыга коюлган максаттарга жетишүү үчүн төмөнкү милдеттердин чегинде иш-чараларды аткаруу талап кылынат:
- сейсмикалык коопсуздук тармагындагы укуктук жана ченемдик базаны, Мамлекеттик программанын институттук мүмкүнчүлүктөрүн жана жалпы кызматтарды өркүндөтүү жана чыңдоо;
- имараттардын жана курулмалардын алгачкы диагностикасына жана адекваттуу күчөтүлүшүнө толук жетишүүнү камсыз кылуу;
- имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатууга багытталган ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү;
- сейсмикалык процесстерди оперативдүү алдын алуунун жана чара көрүүнүн, жер титирөөнүн кесепеттерин жоюунун системасын жакшыртуу;
- Мамлекеттик программаны аткарууну мониторингдөө жана баа берүү механизмдерин андан ары күчөтүү жана илимий-практикалык изилдөөлөрдүн потенциалын чыңдоо;
- калктын маалыматтуулук деңгээлин жана анын жер титирөөгө каршы иш-чараларга катышуусун жогорулатуу.
5. Мамлекеттик программаны ишке ашыруу планы (иш-аракет планы)
5.1. Мамлекеттик программаны ишке ашыруу жер титирөөлөрдү болжолдоо, байкоо жүргүзүү жана алдын алууга, имараттар менен курулмалардын ишеничтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле калктуу конуштардагы бардык кыймылсыз мүлк объекттеринин жер титирөөгө туруктуулугун паспорттоштуруунун натыйжасынын негизинде калктуу конуштардагы имараттар боюнча маалыматтар банкын түзүүгө байланышкан маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет. Алынган натыйжалар жер титирөөгө туруктуу эмес имараттарды бекемдөө же калыбына келтирүү боюнча конкреттүү чара көрүү боюнча оперативдүү чечим кабыл алууга, калктын даярдыгы деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет, бул айрыкча калктын аз камсыз болгон жана социалдык аялуу бардык катмары үчүн өзгөчө маанилүү.
5.2. Мамлекеттик программаны ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышат.
6. Программаны ишке ашыруунун негизги иш-чаралары жана фазалары
1) Жер титирөөлөрдө адамдардын өмүрүн, материалдык жана маданий байлыктарды, айлана-чөйрөнү коргоо максатында имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык коопсуз курулуштук конструкцияларын иштеп чыгуу менен жер титирөөгө туруктуу курулуш тармагында илимий изилдөө жана тажрыйба-конструкциялык иштерди жүргүзүү;
2) Жер титирөөгө туруктуу курулуш үчүн ченемдик документтерди иштеп чыгуу жана өркүндөтүү.
3) Имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугуна инженердик изилдөөнү жүргүзүү, имараттарды жана курулмаларды паспорттоштурууну жер титирөөгө туруктуу курулуш жаатында колдонулган ченемдик укуктук документтерге ылайык республикалык маалыматтар банкын түзүү жана киргизүү менен жүргүзүү.
4) Кыргыз Республикасында калктуу конуштардын аймактарынын сейсмикалык кичи райондорунун карталарын иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасында сейсмикалык коркунуч карталарын түзүү.
5) жер титирөө коркунучтарын азайтууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
6) Жер титирөөлөрдөн калкты жана аймактарды коргоо боюнча иш аракеттер пландарын жана башкаруу системаларын иштеп чыгуу.
7) Материалдык жана финансылык ресурстардын резервин түзүү, жер титирөөлөрдү эскертүү боюнча иш-чараларды каржылоону ишке ашыруу.
8) Мүмкүн болгон жер титирөөлөргө тез чара көрүү пландарын иштеп чыгуу.
9) Жер титирөөлөрдөн авария болгон зоналарда куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн авариялык-куткаруучу күчтөрдүн жана техниканын (анын ичинде тез чара көрүү бөлүмдөрүнүн) жана атайын түзүлүштөрдүн дайым даярдыгы.
10) Сейсмикалык коопсуздук боюнча билим берүү мекемелери үчүн максаттуу программаларды жана окуу куралдарын иштеп чыгуу.
11) Жер титирөөгө туруктуу курулуш жаатындагы адистерди даярдоо программаларын иштеп чыгуу, мүмкүн болгон жер титирөөлөрдүн учурунда аракеттенүүгө калкты окутуу ж.б.
7. Мамлекеттик программаны ишке ашыруу фазасы
I фаза - өлкөнүн калктуу конуштарында имараттарга жана курулмаларга инженердик текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча аларды паспорттоштуруу системасын киргизүү. Сейсмикалык коопсуздук жаатында ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү. Калктуу конуштардын аймактарын чакан сейсморайондоштуруу карталарын иштеп чыгуу (2011-2013-жылдарга).
II фаза - илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин комплексин жүргүзүү жана өкүл объекттерди күчөтүү. Бул фаза калк эң көп жашаган (калктын тыгыздыгы жыш), эң көп жер титирөө көп болушу мүмкүн болгон жана кыртыштын шарттары эң начар, ошондой эле калктуу конуштардын аймактарын чакан сейсморайондоштуруу карталарына ылайык (2011-2014-жылдарга) 100-300 жылдын ичинде жер титирөөнүн кайталанышы бир учурду түзгөн аймактарда башталат.
III фаза - жер титирөөлөрдө жарандардын жүрүм-турум эрежелерин чагылдыруу, ошондой эле жер титирөөдө зыянды өтө азайтууга өбөлгө түзүүчү алдын алуучу чараларды көрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү.
IV фаза - жетишилген натыйжаларды колдоо фазасы (2014-2015-жылдар).
8. Мамлекеттик түзүмдөрдүн өз ара аракети
8.1. Республикалык программаны ишке ашыруу боюнча жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамкурулушу) жүргүзөт.
8.2. Мамкурулуш мамлекеттик жана менчик сектордун тыгыз кызматташтыгын, ошондой эле коомчулуктун кеңири катышуусун жана калктын жүргүзүлгөн иш-чараларды колдоосун уюштурат.
8.3. Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн түрдүү финансылык жана адам ресурстарын, анын ичинде чет өлкөлүк гранттарды жана инвестицияларды мобилизациялоону кошкондо республикалык бюджетте финансылык каражаттарды натыйжалуу пландоо талап кылынат. Ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну жана мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун, ошондой эле коюлган милдеттерди чечүү үчүн жалпы маалымдоо каражаттарынын күч аракетин бириктирүүнү камсыздоо зарыл.
9. Коомдук уюмдардын жана калктын ролу
Программанын ийгилиги жүргүзүлген иш-чаралардын сапатына гана эмес, ошондой эле калкты социалдык жактан мобилизациялоо деңгээлине да жараша болот. Программанын ачык-айкындыгы аны ишке ашырууда өзгөчө мааниге ээ. Калкты тартуу жер титирөөлөргө аларды даярдоо боюнча компанияларда негизги фактор болуп эсептелет. Жер титирөөгө каршы иш-чараларды өткөрүүгө коомдук уюмдарды жана калкты активдүү тартуу пландалууда. Маалыматтык-агартуу иши иштердин комплекстүү планына киргизилет. Ушул программаны ишке ашыруу үчүн калкка маальшат берүү жана тартуу бир кыйла деңгээлде имараттар боюнча, өзгөчө айыл калктуу конуштарында зарыл маалыматтарды жыйноо боюнча иштерди жеңилдетет, финансылык сарптоолорду азайтат жана алдын алуучу иш-чаралардын ийгилигине кепилдик берет.
10. Чектеш өлкөлөр менен өз ара аракеттенүү
10.1. Чектеш өлкөлөр үчүн жалпы болгон сейсмокоопсуздук маселелер менен байланышкан проблемаларды чечүү үчүн чектеш өлкөлөрдүн тиешелүү кызматтары менен өз ара аракетти координациялоону жана күчөтүүнү жакшыртуу боюнча бардык мүмкүн болгон чараларды көрүү зарыл.
10.2. Имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугу боюнча учурдагы кырдаалды талдалат жана чек арага чектеш облустардагы каралуучу милдеттер менен байланышкан проблемаларды бир түргө келтирилет. Чек арага чектеш аймактардагы иш-чараларды синхрондоштуруу максатында иш-аракеттердин биргелешкен пландарын иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
11. Каржылоо жана ресурстарды мобилизациялоо
11.1. Сейсмикалык коопсуздукту жогорулатууга карата иш-чараларды ишке ашыруу боюнча маселелерди чечүү жана коюлган максатка жетүү зарыл болгон техникалык, адам жана финансы ресурстарын адекваттуу пландоону жана мобилизациялоону талап кылат.
11.2. Сейсмикалык коопсуздук боюнча мурунку иш-чараларды ишке ашыруу тажрыйбасы көрсөткөндөй каржылоонун жоктугу жер титирөөлөрдүн натыйжаларына жана кесепеттерине олуттуу таасир берет.
11.3. Кыргыз Республикасында жер титирөөлөрдүн терс кесепеттерин болушунча азайтуу демилгесинин ийгилиги көп факторлорго, анын ичинде Мамлекеттик программалардын иш-чараларды ишке ашырууга, квалификациялуу жана даярдалган кадрларга, эл аралык уюмдар тарабынан берилүүчү техникалык жардамга, ошондой эле Мамлекеттик программаны адекваттуу каржылоого жараша болот. Мамлекеттик программаны негизинен республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо пландалууда.
12. Мониторинг жана баалоо
Мониторингдин жана баалоонун натыйжалуу системасы Мамлекеттик программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн абдан маанилүү. Иш-чараларды мониторингдөө жана баалоо системасы белгиленген максаттарга жана милдеттерге жетишүүдө программанын ийгиликтүүлүк деңгээлин системалуу талдоону камсыздоого багытталат.
14. Мамлекеттик программаны аткаруунун мөөнөтү
Башталышы - 2011-жылдын 1-октябры.
Аякташы - 2015-жылдын 31-декабры.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29 августундагы № 523 токтому менен бекитилген |
№ | Иш чаралар | Аткаруучу | Аткаруу мөөнөтү | Каржы булагы | Каржылоонун көлөмү (миң сом) | Аяккы жыйынтыгы | ||||
Баштал ышы | Аягы | Жалпы | Анын ичинен жылдыгы | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
1 | Жер титирөө коркунучу жогору зоналарда жайгашкан калктуу конуштарда үйлөрдүн жер титирөөгө туруктуулугун баалоо жана электрондук маалыматтык база түзүү | Мамкурулуш КР (Кыргыз ЖТТКИИж ДИ, КР УИА СИ*, Кыргыз ШКБАИИж ДИ, БАЖИИ*, ШМАжККБ). | 2012 | 2015 | Республикалык бюджет | 10 000 | 2012-ж. 4 000 | 2013-2014-ж. 4 000 | 2015-ж. 2 000 | Турак-жай курулуш имараттарынын банк маалыматтары. Сейсмикалык туруктуулугун баалоо, оперативдик маалымат КМИ көлөмү боюнча. |
2 | Бишкек жана Ош шш., жер титирөө коркунучу 9 жана андан ашык балл болгон зоналарда инженердик изилдөө жолу менен турак үйлөрдүн жер титирөөгө туруктуулугун баалоо жана электрондук маалыматтык базатүзүү | Мамкурулуш КР (Кыргыз ЖТТКИИж ДИ, КР УИА СИ *, ШМАжККБ) | 2012 | 2012 | Республикалык бюджет | 2 000 | 2012 ж. 1000 | 2012 ж.. 1000 |
| Турак-жай курулуш имараттарынын банк маалыматтары. Сейсмикалык туруктуулугун баалоо, оперативдик маалымат КМИ көлөмү боюнча. |
3 | Мониторинг киргизүү. Жер титирөө опурталын талдоо жана болуучу зыянды минималдаштыруу үчүн опурталдарды башкаруу боюнча алдын алуучу чараларды көрүү | КР Мамкурулуш КРӨКМ | 2012 | 2015 | Республикалык бюджет | 8 000 | 2012-ж. 3000 | 2013-2014-ж. 3000 | 2015-ж. 2000 | Опурталдуулукту азайтуу боюнча алдын ала чаралар жана аларды башкаруу. Экономикалык жана социалдык зыяндарды азайтуу |
4 | Кыргыз Республикасынын барууга кыйьш жана жер титирөө коркунучу бар региондору үчүн тез курулчу курама-ажыратма конструкциялардан көчмө жаны конструкцияларды иштеп чыгуу | КР Мамкурулуш (Кыргыз ЖТТКИИж ДИ, КМТУ*, КРСУ*, АКДИ«КПП»*, АК ДИ«КГС»*, Специалистер тобу, КРИА*). | 2012 | 2013 | Республикалык бюджет | 1500 | 2012-ж. 500 | 2013-ж. 500 | 2014-ж. 500 | Дубалдардын жана жабуулардын элементтеринин тажрыйбалык көрсөтмөсү, жана кошулган түйүндөрү. ТУ Чогултулуп чечилген үйлөрдү монтаждоо жана транспортиравкалоо, даярдоо долбоолоруна жолдомо |
5 | Жер титирөөлөрдөн кийин имараттардын бузулушунун каталогун жана имараттарды чыңдоо боюнча техникалык чечилиштерди иштеп чыгуу. Турак үйлөрдүн жана массалык курулуштардын түйүндөрүн жана конструкцияларын күчтөндүрүү боюнча техникалык чечилиштердин каталогун иштеп чыгуу | КР Мамкурулуш (Кыргыз ЖТТКИИжДИ, АК ДИ«КГС»*, ШМАжККБ КР Мамкурулуш); | 2012 | 2014 | Республикалык бюджет | 2 000 | 2012-ж. 800 | 2013-ж. 600 | 2014-ж. 600 | Курулуштардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштоолор жана РДС |
6 | Мурдатан бар имаратгар үчүн мансардалык курулмалар (464, 105, 106 ж.б. сериялар). | КР Мамкурулуш (АК ДИ «КГС»*, КыргызЖТТКИИжДИ, АК ДИ «КПП»*). | 2012 | 2012 | Республикалык бюджет | 1 000 | 2012-ж. 600 | 2013-ж. 400 | ---- | Курулмалардын аянтын кеңейтүү. Чатырчаларды оңдоо |
7 | Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймактарын микросейсмо-райондорго бөлүштүрүү картасын иштеп чыгуу. | КР Мамкурулуш (КР УИА СИ *, БАЖИИ*, *). | 2012 | 2014 | Республикалык бюджет | 5 000 | 2012-ж. 2 500 | 2013-2014-ж. 2 500 | ---- | Микросейсмикалык райондорго балуу жана эл жыш жайгашкан бөлүктөрдүн башкы планынын картасы. |
8 | Жер титирөө коркунучу жогору зоналарда жайгашкан калктуу конуштар үчүн жер титирөө опурталын баалоо жана жер титирөөлөрдөн мүмкүн болуучу зыяндарды болжолдоо | КР Мамкурулуш (Кыргыз ЖТТКИИжДИ, Кыргыз ШКБАИИжДИ, КР УИА СИ *, БАЖИИ*, ШМАжККБ КР Мамакурулуш). | 2012 | 2014 | Республикалык тогтжст | 6 000 | 2012-ж. 2000 | 2013-ж. 2000 | 2014-ж. 2000 | Жер титиреедөн боло турган зыяндарды баалоо боюнча сунуштар. Эл жыш жайгашкан бөлүктөрдөгү боло турган зыяндар жана коркунучтардын картасы. |
9 | Жер кыртышын жана геологиялык шарттарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын аймактары үчүн жер титирөө опурталынын картасын жана жер титирөөлөрдүн божомолун эсептеп чыгуу. | КР Мамкурулуш (КР УИА СИ *, БАЖИИ*, Кыргыз ШКБАИИжДИ). | 2012 | 2015 | Республикалык бюджет | 4 500 | 2012-ж. 2000 | 2013-2014-ж. 1500 | 2015-ж. 1000 | Эл жыш жайгашкан бөлүктөрдүн башкы планын иштеп чыгуу үчүн сейсмикалык коркунучтардын картасы. |
10 | Өзгөчө маанидеги мамлекеттик өнөр жай объекттеринин жер титирөөгө туруктуулугун баалоо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тизмелери боюнча). | Мамкурулуш КР (КыргызНИИПСС, АК ДИ «КПП»*, КРИА*, Адистер тобу) | 2013 | 2015 |
| 5 000 | 2013-ж. 2 000 | 2014-ж. 1500 | 2015-ж. 1 500 | Өзгөчө бекитилген объектилердин жер титирөөгө турукгуулугун жогорулатууга, жоготууларды азайтууга жолдомо |
11 | «Жер титирөөгө туруктуу курулуштун негиздери», «Жер титирөө активдүү аймактарда калкты сактоо», «Жер титирөөгө туруктуу имараттарды долбоорлоонун негиздери» ж.б. сабактар боюнча окуу куралдарды Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Билим министрлигине макулдашуу боюнча иштеп чыгуу. | Мамкурулуш КР (КМТУ*, КМКТАУ*. КРСУ*, Кыргыз ЖТТКИИжДИ, КР УИА СИ*). | 2012 | 2014 |
| 2 000 | 2012-ж. 1 000 | 2013-ж. 500 | 2014-ж. 500 | Китептер, маалымат китептери, методикалык пособиялар ЖОЖры үчүн ЦПиПК |
12 | ЖЫЙЫНТЫГЫ: | --- | --- | --- | --- | 47 000 | 19 400 | 17 500 | 10 100 | --- |
Эскертүүлөр:
1. * - тийиштүү министрлик же ведомство, академиялар, ошондой эле уюмдардын же долбоорлоочу же илимий изилдөөчү институттардын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча;
2. Аткаруучулар (кошо аткаруучулар) графасында төмөнкүдөй кыскартуулар пайдаланылды:
Архкурулуш - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги;
ӨКМ - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
Кыргыз ЖТТКИИжДИ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Жер титирөөгө туруктуу курулуш илимий изилдөө жана долбоорлоо институту;
Кыргыз ШКБАИИжДИ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз шаар куруу жана архитектура илимий изилдөө жана долбоорлоо институту;
КР УИА СИ - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту;
АК ДИ «КПП» - «Кыргызгипропроект» долбоорлоо институту акционердик коому;
АК ДИ«КГС» - «Кыргызгипрострой» долбоорлоо институту акционердик коому;
КМТУ - Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура институту;
КРСУ - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университети;
КМТУ - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
БАЖИИ - Борбор Азиялык жер изилдөө институту;
КР ИА - Кыргыз Республикасынын ИНженердик академиясы.
|
|
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-августу № 523
«2012-2019-жылдардагы Кыргыз Республикасындагы сейсмикалык коопсуздук» мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 22-апрели № 236 токтомдун редакциясына ылайык)
Сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо багытында зилзалага каршы алдын алуучу иш-чараларды жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- «2012-2019-жылдардагы Кыргыз Республикасындагы сейсмикалык коопсуздук» мамлекеттик программасы (мындан ары - Мамлекеттик программа);
- Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча 2015-2019-жылдарга иш-чаралардын планы.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 22-апрели № 236 токтомдун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2012-2019-жылдарга карата республикалык бюджетте жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн тийиштүү каражат караштырсын жана керектүү финансылык ресурстарды Мамлекеттик программада белгиленген көлөмдө өз убагында бөлүп берсин.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 22-апрели № 236 токтомдун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен бирдикте 2015-2019-жылдары Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн эл аралык донор уюмдардын каражаттарын тартуу боюнча зарыл иштерди жүргүзүшсүн.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 22-апрели № 236 токтомдун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 22-апрели № 236 токтомдун редакциясына ылайык)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-августундагы № 523 токтому менен бекитилген |
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 22-апрели № 236 токтомдун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасы сейсмикалык активдүүлүк зонасында жайгашкан. Өлкөнүн аймагында 8,9 жана 9 дан ашуун балл интенсивдүүлүктөгү жер титирөөлөр болушу ыктымал. Республикада акыркы беш жылдын ичииде эле 3 катуу жер титирөө болуп, алар кыйла чоң материалдык зыян келтирип, адамдардын өлүмүнө дуушарлантты. Аймактын жогорку сейсмикалуулугу республиканын курулуш тармагына өзгөчө талаптарды коюп, курулган жана жаңы курулуп жаткан имараттар менен курулмалардын сейсмикалык туруктуулук деңгээлин жогорулатуу максатында узак мөөнөттүү максаттуу мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана жүргүзүүнү талап кылат.
Жер титирөөлөрдү болжолдоонун, байкоо жүргүзүүнүн, алдын алуунун жана алардын кесепеттерин жоюунун азыркы системасы калктын сейсмикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маселелерди тез арада чечүүнүн талап кылынган деңгээлине толук ченемде жооп бербейт.
«Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана башка ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук милдеттерин жана укуктарын аныктайт.
Калктын сейсмикалык коопсуздугун камсыз кылууга, жер титирөөлөрдү болжолдоого жана алдын алууга байланышкан маселелерди так жана өз убагында чечүү үчүн мамлекеттик бийлик субъекттеринин ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салуу орчундуу маселе.
2. Учурдагы абалга талдоо
2.1. Республиканын аймагында мамлекеттик каражаттын эсебинен капиталдык курулуш иштеринин көлөмү кыскарышы, өндүрүштүк базанын жаңы шарттарга даяр эместиги, курулуш материалдарына, буюмдарына жана конструкцияларына баанын токтоосуз өсүшү курулуш тармагындагы кырдаалды татаалдаштырды. Турак жай курулушуна мамлекеттик салымдардын азайышы жекече үй куруунун кыйла кеңейишине алып келди. Жарандардын каражатынын эсебинен тургузулган турак-жайдын үлүшү кескин көбөйдү. Ошондуктан жакынкы жылдарда шаар курулушундагы негизги багыт көбүн эсе көп кабаттуу эмес курулуш болуп калат.
2.2. Буга байланыштуу курулуш тармагынын өнүгүшүнүн негизги багытында жергиликтүү материалдарды пайдалануу менен көп кабаттуу эмес курулуш үчүн буюмдарды жана конструкцияларды өндүрүүнү кеңейтүү, жер титирөөгө туруктуу, энергиялык жактан натыйжалуу жана экологиялык таза курулуш конструкцияларынын, материалдарынын жана буюмдарынын ассортиментин кеңейтүү, курулуш өндүрүшүнүн материалдарды, энергияны жана эмгекти көп талап кылуусун азайтуу, имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу негизги багыт катары каралууда.
2.3. Азыркы учурда республиканын аймагында жергиликтүү чопо материалдарды колдонуу менен жекече турак-жай курулушунун салттуу түрлөрү пайда болду, кийинки жылдарда аларды куруунун көлөмү улам өсүп жатат. Колдонуудагы нормалар чындыганда сейсмикалык райондордо топурак материалдан имараттарды курууга тыюу салат.
Бирок материалдык-техникалык ресурстардын жетишсиздигинен улам бул айыл жергесинде кеңири колдонулууда, ал эми алар өлкөнүн калктуу конуштарынын 80 %тен ашуунун түзөт. Буга байланыштуу жергиликтүү курулуш материалдарын пайдалануу менен турак үйлөрдү куруунун жер титирөөгө туруктуу конструкциялык-пландаштыруу чечимдерин иштеп чыгуу зарыл.
3. Мамлекеттик программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарылдыгы
3.1. Имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун изилдөө, жаңы конструкциялык чечимдерди жана жер титирөөгө каршы иш-чараларды иштеп чыгуу мүмкүн болгон жер титирөөлөр келтирген зыянды азайтууга эле эмес, имараттардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, анын аркасында адамдардын жашоосунун коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
3.2. Акыркы жылдарда (1990-2011-ж.) сейсмикалык опурталдуулук проблемасы боюнча изилдөөлөр өнүгүүдө. Сейсмикалык коркунучтуу райондордо жашаган калктын коопсуздугу жана курулуш экономикасы аны чечүүнүн деңгээлине көз каранды. Толук баштапкы маалымат жетишсиз шарттарда, анын ичинде жер титирөө учурундагы кыртыштын жылышуусунун спектрдик жана убактылуу мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтын жетишсиздиги, жер титирөөгө туруктуу курулуштун натыйжалуулугу жана сейсмикалык опуртал маселелери системалуу мамиле жасоонун негизинде чечилүүгө тийиш.
3.3. Жер титирөөгө туруктуу конструкциялык имараттарды жана курулмаларды курууга натыйжалуу жеңил конструкцияларды пайдалануу жана курулуш объекттеринин ишенимдүүлүгүн жана үнөмдүүлүгүн жогорулатуучу жер титирөөдөн сактануунун жаңы методдорун колдонуу менен курулуштардын массасын максималдуу төмөндөтүүнүн эсебинен жетишилет. Курулуштун инженердик-геологиялык, материалдык-техникалык салттуу шарттарын эске алуу менен жер титирөөгө туруктуу имараттарды куруунун жаңы чечимдерин иштеп чыгуу ишин кеңейтүү зарыл.
3.4. Кыргыз Республикасында жер титирөөгө туруктуулук маселесин регламенттеген колдонуудагы ченемдик документтердин талаптары өткөн кылымдын ортосунда тургузулган имараттар жана курулмалар үчүн коюлган талаптардан ашып түшөт. Имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоо деңгээлинин төмөндүгү коркунучту тереңдетип, сейсмикалык опурталды жогорулатат.
3.5. 1992-2010-жылдары өлкөнүн аймагында болуп еткөн жер титирөөлөрдөн жабыр тарткан имараттарды изилдөөнүн маалыматтары жабыр тарткан адамдардын жана бузулган имараттардын саны өсүп жаткандыгын көрсөтүүдө. Мисалы, 2007-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы жер титирөөдө 3000 миңден ашуун имарат, ал эми Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жер титирөөлөрдөн 5000 миңден ашуун имарат жабыр тарткан. Мындай жагдайда ар кандай арналыштагы имараттардын колдоо болгон фондунун сапаттык абалын аныктоо жана алдын-ала чара көрүү максатында паспорттоштурууну тезинен жүргүзүү зарыл.
3.6. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын аймагында күчтүү жер титирөөлөр коркунучу объективдүү реалдуу жана аларга даярдык эң маанилүү мамлекеттик милдеттердин бири болуп эсептелет. Жер титирөөлөрдүн кесепеттерине анализ келтирилген зыянды калыбына келтирүүдөн көрө аларга карата алдын-ала даярдануу жакшы экендигин көрсөтүүдө. Алдын алуучу иш-чараларды жүргүзүү жер титирөөдөн келтирилген материалдык зыянды ондогон эсеге төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
4. Мамлекеттик программанын максаттары жана милдеттери
4.1. Бул Программанын максаттары төмөнкүлөр:
- ченемдик документтерге ылайык объекттердин сейсмикалык туруктуулугунун деңгээли боюнча имараттардын жана курулмалардын маалыматтык базасын түзүү.
- сейсмикалык коопсуздук, алдын алуу, калыбына келтирүү системасы жана республиканын аймагында жер титирөөлөргө калктын даярдыгы тармагында укуктук жана ченемдик базаны өркүндөтүү.
- үлгүлүк объекттердеги (б.а. конструкциялык схемасы мурдатан турган имараттар үчүн да, ошондой эле жаңы курулуп жаткандар үчүн да көп колдонулган объекттер) илимий изилдөөчү жана тажрыйбалык-конструкциялык иштердин натыйжаларын практикада пайдалануу, бул кийин мындай тажрыйбаны башка объекттерде колдонууга да мүмкүндүк берет. Уюмдардын жана калктын сейсмикалык тобокелдик жана сейсмикалык коргонуу маселелериндеги маалыматтуулугун жогорулатуу.
4.2. Алдыга коюлган максаттарга жетишүү үчүн төмөнкү милдеттердин чегинде иш-чараларды аткаруу талап кылынат:
- сейсмикалык коопсуздук тармагындагы укуктук жана ченемдик базаны, Мамлекеттик программанын институттук мүмкүнчүлүктөрүн жана жалпы кызматтарды өркүндөтүү жана чыңдоо;
- имараттардын жана курулмалардын алгачкы диагностикасына жана адекваттуу күчөтүлүшүнө толук жетишүүнү камсыз кылуу;
- имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатууга багытталган ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү;
- сейсмикалык процесстерди оперативдүү алдын алуунун жана чара көрүүнүн, жер титирөөнүн кесепеттерин жоюунун системасын жакшыртуу;
- Мамлекеттик программаны аткарууну мониторингдөө жана баа берүү механизмдерин андан ары күчөтүү жана илимий-практикалык изилдөөлөрдүн потенциалын чыңдоо;
- калктын маалыматтуулук деңгээлин жана анын жер титирөөгө каршы иш-чараларга катышуусун жогорулатуу.
5. Мамлекеттик программаны ишке ашыруу планы (иш-аракет планы)
5.1. Мамлекеттик программаны ишке ашыруу жер титирөөлөрдү болжолдоо, байкоо жүргүзүү жана алдын алууга, имараттар менен курулмалардын ишеничтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле калктуу конуштардагы бардык кыймылсыз мүлк объекттеринин жер титирөөгө туруктуулугун паспорттоштуруунун натыйжасынын негизинде калктуу конуштардагы имараттар боюнча маалыматтар банкын түзүүгө байланышкан маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет. Алынган натыйжалар жер титирөөгө туруктуу эмес имараттарды бекемдөө же калыбына келтирүү боюнча конкреттүү чара көрүү боюнча оперативдүү чечим кабыл алууга, калктын даярдыгы деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет, бул айрыкча калктын аз камсыз болгон жана социалдык аялуу бардык катмары үчүн өзгөчө маанилүү.
5.2. Мамлекеттик программаны ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышат.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 22-апрели № 236 токтомдун редакциясына ылайык)
6. Программаны ишке ашыруунун негизги иш-чаралары жана фазалары
1) Жер титирөөлөрдө адамдардын өмүрүн, материалдык жана маданий байлыктарды, айлана-чөйрөнү коргоо максатында имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык коопсуз курулуштук конструкцияларын иштеп чыгуу менен жер титирөөгө туруктуу курулуш тармагында илимий изилдөө жана тажрыйба-конструкциялык иштерди жүргүзүү;
2) Жер титирөөгө туруктуу курулуш үчүн ченемдик документтерди иштеп чыгуу жана өркүндөтүү.
3) Имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугуна инженердик изилдөөнү жүргүзүү, имараттарды жана курулмаларды паспорттоштурууну жер титирөөгө туруктуу курулуш жаатында колдонулган ченемдик укуктук документтерге ылайык республикалык маалыматтар банкын түзүү жана киргизүү менен жүргүзүү.
4) Кыргыз Республикасында калктуу конуштардын аймактарынын сейсмикалык кичи райондорунун карталарын иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасында сейсмикалык коркунуч карталарын түзүү.
5) жер титирөө коркунучтарын азайтууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
6) Жер титирөөлөрдөн калкты жана аймактарды коргоо боюнча иш аракеттер пландарын жана башкаруу системаларын иштеп чыгуу.
7) Материалдык жана финансылык ресурстардын резервин түзүү, жер титирөөлөрдү эскертүү боюнча иш-чараларды каржылоону ишке ашыруу.
8) Мүмкүн болгон жер титирөөлөргө тез чара көрүү пландарын иштеп чыгуу.
9) Жер титирөөлөрдөн авария болгон зоналарда куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн авариялык-куткаруучу күчтөрдүн жана техниканын (анын ичинде тез чара көрүү бөлүмдөрүнүн) жана атайын түзүлүштөрдүн дайым даярдыгы.
10) Сейсмикалык коопсуздук боюнча билим берүү мекемелери үчүн максаттуу программаларды жана окуу куралдарын иштеп чыгуу.
11) Жер титирөөгө туруктуу курулуш жаатындагы адистерди даярдоо программаларын иштеп чыгуу, мүмкүн болгон жер титирөөлөрдүн учурунда аракеттенүүгө калкты окутуу ж.б.
7. Мамлекеттик программаны ишке ашыруу фазасы
I фаза - өлкөнүн калктуу конуштарында имараттарга жана курулмаларга инженердик текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча аларды паспорттоштуруу системасын киргизүү. Сейсмикалык коопсуздук жаатында ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү. Калктуу конуштардын аймактарын чакан сейсморайондоштуруу карталарын иштеп чыгуу (2011-2015-жылдарга).
II фаза - илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин комплексин жүргүзүү жана өкүл объекттерди күчөтүү. Бул фаза калк эң көп жашаган (калктын тыгыздыгы жыш), эң көп жер титирөө көп болушу мүмкүн болгон жана кыртыштын шарттары эң начар, ошондой эле калктуу конуштардын аймактарын чакан сейсморайондоштуруу карталарына ылайык (2011-2016-жылдарга) 100-300 жылдын ичинде жер титирөөнүн кайталанышы бир учурду түзгөн аймактарда башталат.
III фаза - жер титирөөлөрдө жарандардын жүрүм-турум эрежелерин чагылдыруу, ошондой эле жер титирөөдө зыянды өтө азайтууга өбөлгө түзүүчү алдын алуучу чараларды көрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү.
IV фаза - жетишилген натыйжаларды колдоо фазасы (2014-2019-жылдар).
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 22-апрели № 236 токтомдун редакциясына ылайык)
8. Мамлекеттик түзүмдөрдүн өз ара аракети
8.1. Республикалык программаны ишке ашыруу боюнча жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамкурулушу) жүргүзөт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 22-апрели № 236 токтомдун редакциясына ылайык)
8.2. Мамкурулуш мамлекеттик жана менчик сектордун тыгыз кызматташтыгын, ошондой эле коомчулуктун кеңири катышуусун жана калктын жүргүзүлгөн иш-чараларды колдоосун уюштурат.
8.3. Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн түрдүү финансылык жана адам ресурстарын, анын ичинде чет өлкөлүк гранттарды жана инвестицияларды мобилизациялоону кошкондо республикалык бюджетте финансылык каражаттарды натыйжалуу пландоо талап кылынат. Ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну жана мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун, ошондой эле коюлган милдеттерди чечүү үчүн жалпы маалымдоо каражаттарынын күч аракетин бириктирүүнү камсыздоо зарыл.
9. Коомдук уюмдардын жана калктын ролу
Программанын ийгилиги жүргүзүлген иш-чаралардын сапатына гана эмес, ошондой эле калкты социалдык жактан мобилизациялоо деңгээлине да жараша болот. Программанын ачык-айкындыгы аны ишке ашырууда өзгөчө мааниге ээ. Калкты тартуу жер титирөөлөргө аларды даярдоо боюнча компанияларда негизги фактор болуп эсептелет. Жер титирөөгө каршы иш-чараларды өткөрүүгө коомдук уюмдарды жана калкты активдүү тартуу пландалууда. Маалыматтык-агартуу иши иштердин комплекстүү планына киргизилет. Ушул программаны ишке ашыруу үчүн калкка маальшат берүү жана тартуу бир кыйла деңгээлде имараттар боюнча, өзгөчө айыл калктуу конуштарында зарыл маалыматтарды жыйноо боюнча иштерди жеңилдетет, финансылык сарптоолорду азайтат жана алдын алуучу иш-чаралардын ийгилигине кепилдик берет.
10. Чектеш өлкөлөр менен өз ара аракеттенүү
10.1. Чектеш өлкөлөр үчүн жалпы болгон сейсмокоопсуздук маселелер менен байланышкан проблемаларды чечүү үчүн чектеш өлкөлөрдүн тиешелүү кызматтары менен өз ара аракетти координациялоону жана күчөтүүнү жакшыртуу боюнча бардык мүмкүн болгон чараларды көрүү зарыл.
10.2. Имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугу боюнча учурдагы кырдаалды талдалат жана чек арага чектеш облустардагы каралуучу милдеттер менен байланышкан проблемаларды бир түргө келтирилет. Чек арага чектеш аймактардагы иш-чараларды синхрондоштуруу максатында иш-аракеттердин биргелешкен пландарын иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
11. Каржылоо жана ресурстарды мобилизациялоо
11.1. Сейсмикалык коопсуздукту жогорулатууга карата иш-чараларды ишке ашыруу боюнча маселелерди чечүү жана коюлган максатка жетүү зарыл болгон техникалык, адам жана финансы ресурстарын адекваттуу пландоону жана мобилизациялоону талап кылат.
11.2. Сейсмикалык коопсуздук боюнча мурунку иш-чараларды ишке ашыруу тажрыйбасы көрсөткөндөй каржылоонун жоктугу жер титирөөлөрдүн натыйжаларына жана кесепеттерине олуттуу таасир берет.
11.3. Кыргыз Республикасында жер титирөөлөрдүн терс кесепеттерин болушунча азайтуу демилгесинин ийгилиги көп факторлорго, анын ичинде Мамлекеттик программалардын иш-чараларды ишке ашырууга, квалификациялуу жана даярдалган кадрларга, эл аралык уюмдар тарабынан берилүүчү техникалык жардамга, ошондой эле Мамлекеттик программаны адекваттуу каржылоого жараша болот. Мамлекеттик программаны негизинен республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо пландалууда.
12. Мониторинг жана баалоо
Мониторингдин жана баалоонун натыйжалуу системасы Мамлекеттик программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн абдан маанилүү. Иш-чараларды мониторингдөө жана баалоо системасы белгиленген максаттарга жана милдеттерге жетишүүдө программанын ийгиликтүүлүк деңгээлин системалуу талдоону камсыздоого багытталат.
13. Мамлекеттик программаны аткаруунун мөөнөтү
Башталышы - 2011-жылдын 1-октябры.
Аякташы - 2019-жылдын 31-декабры.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 22-апрели № 236 токтомдун редакциясына ылайык)
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29 августундагы № 523 токтому менен бекитилген |
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 22-апрели № 236 токтомдун редакциясына ылайык)
№ | Иштердин аталышы | Аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоонун көлөмү (миң сом) | Каржылоо булагы | Акыркы жыйынтыгы | ||||||
Башталышы | Аякталышы | Жалпы | анын ичинен жыл боюнча: | |||||||||
2015 | 2016 | 2017 | 2018 | 2019 | ||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
1 | Бишкек жана Ош шш. турак жай курулуштарынын, 9 жана андан жогору балл болгон сейсмикалуу зоналарда жер титирөөгө туруктуулук деңгээлин баалоо жана электрондук маалыматтар базасын түзүү | БАЖПИИ (макулдашуу боюнча), КРСУ, КМКТАУ (макулдашуу боюнча), УИА СИ (макулдашуу боюнча), ЖТКИДМИ, МШАДИ | 2012 | 2016 | 5000 | 2500 | 2500 | - | - | - | Республикалык бюджет | Турак жай курулуш имараттары, алардын техникалык абалы боюнча маалыматтары жана жер титирөөгө туруктуулук деңгээлин баалоо боюнча маалыматтар банкы |
2 | Кыргыз Республикасынын жер титирөө коркунучу жогору зоналарда жайгашкан калктуу конуштарында турак жай курулуштарынын жер титирөөгө туруктуулук деңгээлин баалоо. Жер титирөөлөрдөн мүмкүн болуучу зыяндарды болжолдоо | БАЖПИИ (макулдашуу боюнча), КРСУ, УИА СИ (макулдашуу боюнча), КМКТАУ (макулдашуу боюнча), ЖТКИДМИ, ШКАДМИ | 2015 | 2017 | 15000 | 5000 | 5000 | 5000 | - | - | Жер титирөө коркунучу жогору зоналардагы турак жай курулуш имараттары боюнча алардын техникалык абалы жөнүндө маалыматтары менен жана жер титирөөгө туруктуулук деңгээлин баалоо боюнча маалыматтар банкы | |
3 | Кыргыз Республикасынын ири калктуу конуштарынын аймактарын (облустун жана райондук борборлорунун) чакан сейсмикалык райондоштуруу картасын иштеп чыгуу | ШКАДМИ, УИА СИ (макулдашуу боюнча), БАЖПИИ (макулдашуу боюнча) | 2015 | 2017 | 6000 | 2000 | 2000 | 2000 | - | - | Ири калктуу конуштары (облустун жана райондордун борборлору) үчүн чакан сейсмикалык райондоштуруу карталары | |
4 | Ири калктуу конуштардын аймактарынын (облустун жана райондордун борборун) сейсмикалык коркунучун баалоо жана мүмкүн болгон зыяндарды азайтуу максатында коркунучту башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуу | ЖТКИДМИ, ӨКМ, УИА СИ (макулдашуу боюнча) | 2015 | 2016 | 5000 | 2500 | 2500 | - | - | - | Коркунучту азайтуу боюнча иш-чаралардын комплекси жана аларды башкаруу. Экономикалык жана социалдык зыяндарды азайтуу | |
5 | Жер титирөөгө туруктуу курулуш жаатында ченемдик-техникалык документтерди оңдоо | ЖТКИДМИ, КРСУ, УИА СИ (макулдашуу боюнча) | 2015 | 2017 | 1200 | 400 | 400 | 400 | - | - | Республикалык бюджет | Эл аралык талаптарга жооп берүүчү жер титирөөгө туруктуу курулуш жаатында заманбап ченемдик документтер |
6 | Кыргыз Республикасынын барууга кыйын жана сейсмикалык кооптуу региондору үчүн тез курулчу курама-ажыратма конструкциялардан көчмө жаңы конструкцияларды иштеп чыгуу | КМТУ, КРСУ, "КМК" ДИ АК (макулдашуу боюнча), ЖТКИДМИ | 2017 | 2018 | 3000 | - | - | 1500 | 1500 | - | Дубалдардын жана жабуулардын элементтеринин ошондой эле байланыш түйүндөрүнүн тажрыйбалуу үлгүлөрү. Курама- ажыратма имараттарды долбоорлоо, даярдоо, транспортировкалоо жана монтаждоо боюнча сунуштамалар | |
7 | Жер титирөөлөрдөн кийин имараттардын бузулушунун каталогун жана аларды чыңдоо боюнча техникалык чечилиштерди иштеп чыгуу | "КМК" ДИ АК (макулдашуу боюнча), МСКДИ, ШКАДМИ | 2016 | 2017 | 2000 | - | 1000 | 1000 | - | - | Имараттардын бузулушунун каталогу жана аларды чыңдоо боюнча техникалык чечимдер | |
8 | Турак жай имараттардын жана жалпы курулуштардын түйүндөрүн жана конструкцияларын чыңдоо боюнча техникалык чечилиштердин каталогун иштеп чыгуу | "КМК" ДИ АК (макулдашуу боюнча), МСКДИ, ШКАДМИ | 2017 | 2018 | 2000 | - | - | 1000 | 1000 | - | Имараттарды чыңдоо, оңдоо жана реконструкциялоо боюнча конструкциялык жана техникалык чечилиштердин каталогу | |
9 | Өзгөчө маанидеги мамлекеттик өнөр жай объекттеринин жер титирөөгө туруктуулугун баалоо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тизмелери боюнча) | КРСУ, УИА СИ (макулдашуу боюнча), МСКДИ | 2017 | 2019 | 9000 | - | - | 3000 | 3000 | 3000 | Республикалык бюджет | Турак жай курулуш имараттары, алардын техникалык абалы боюнча маалыматтары жана жер титирөөгө туруктуулук деңгээлин баалоо боюнча маалыматтар банкы. Өзгөчө маанидеги объекттердин жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу боюнча сунуштамалар |
10 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча "Жер титирөөгө туруктуу курулуштун негиздери", "Жер титирөө активдүү аймактардагы калкты коргоо", "Жер титирөөгө туруктуу имараттарды жана курулмаларды долбоорлоонун негиздери" сабагы боюнча окуу китептерин жана окуу куралдарын иштеп чыгуу | КМКТАУ (макулдашуу боюнча), КМТУ, КРСУ, "КМТ" ДИ АК (макулдашуу боюнча) | 2018 | 2019 | 800 | - | - | - | 400 | 400 | ЖОЖдор жана Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо борборлору үчүн окуу китептери, окуу үчүн жана маалыматтык колдонмолор, методикалык колдонмолор | |
11 | Мамкурулуштун ведомстволук уюмдарынын сыноо лабораторияларын модернизациялоо | Мамкурулуш | 2016 | 2017 | 2000 | - | 1000 | 1000 | - |
| Республикалык бюджет | Курулуш лабораторияларын модернизациялоо |
12 | Жыйынтыгы: | - | 2015 | 2019 | 51000 | 12400 | 14400 | 14900 | 5900 | 3400 | - | |
2015-2019-жылдарга Мамлекеттик программа боюнча жыйынтыгы 51000000,0 сом анын ичинде жылдар боюнча:
2015-жылга | 12400000,0 сом |
2016-жылга | 14400000,0 сом |
2017-жылга | 14900000,0 сом |
2018-жылга | 5900000,0 сом |
2019-жылга | 3400000,0 сом |
Эскертүү:
Аткаруучулар графасында төмөнкүдөй кыскартуулар пайдаланылды:
Мамкурулуш | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ЖТКИДМИ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту |
ШКАДМИ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура долбоорлоо мамлекеттик институту |
УИА СИ | - | Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту |
"КМК" ДИ АК | - | "Кыргызмамжердолбоорлоо" долбоорлоо институту акционердик коому |
КМКТАУ | - | Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети |
КРСУ | - | Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети |
КМТУ | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети |
БАЖПИИ | - | Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институту |