Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-декабры №761
Иш күндөрүн которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 2012-жылдын 2-январы дем алыш күн болуп эсептелет.
2. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жумасы графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2012-жылдын 3, 4, 5 жана 6-январындагы иш күндөрү тиешелүү түрдө 2012-жылдын 14, 21, 28-январындагы жана 4-февралындагы дем алыш күндөрүнө которулсун.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |