ТоктомКүчүн жоготту

КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 24-декабрындагы №761 «Иш күндөрүн которуу жөнүндө» токтому

Редакция24.12.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 24-декабры №761

Иш күндөрүн которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 2012-жылдын 2-январы дем алыш күн болуп эсептелет.

2. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жумасы графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2012-жылдын 3, 4, 5 жана 6-январындагы иш күндөрү тиешелүү түрдө 2012-жылдын 14, 21, 28-январындагы жана 4-февралындагы дем алыш күндөрүнө которулсун.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ө.Бабанов