Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-октябры № 644
«Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу токтому
Мамлекеттин финансы башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунун финансылык отчёттуулугундагы бухгалтердик эсептин ачыктыгын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2002-ж., № 6, 273-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-беренеде:
2-бөлүктөгү «бюджеттик мекемелер жана» деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкү мазмундагы 2-1. бөлүк менен толукталсын:
- «2-1. Кыргыз Республикасынын аймагында бюджеттик мекемелер колдонгон бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчёттуулукту түзүүнүн бирдиктүү усулдук негизи Бухгалтерлердин эл аралык федерациясы алдындагы Коомдук сектор үчүн финансылык отчёттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча кеңеш иштеп чыккан Коомдук сектор үчүн финансылык отчёттуулуктун эл аралык стандарттары болуп саналат.».
- 5-беренеде:
2-бөлүктөгү» Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги» деген сөздөр «Өкмөт» деген сөзгө алмаштырылсын;
6-беренеде:
1-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
«1. Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсептин жалпы усулдук жетекчилигин камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.».
- 12-беренеде:
4-пункттагы «утурумдук жана» деген сөздөр алып салынсын.
2-берене. Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|