Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-октябры № 645
«Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-ж., № 6, 240-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-берененин төртүнчү, жетинчи жана он үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.
2. 6-берененин 4-бөлүгүндөгү «баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3. 27-берененин 3-бөлүгүнүн сегизинчи абзацындагы «баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдары» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 28-берененин 1-бөлүгүндө:
- экинчи абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Акцияларды жекече сунуш кылуудан алынган каражат топтоо эсебинде сакталат.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:
«Коомго сунуш кылынган баалуу кагаздарды сатуунун жүрүшүндө түшкөн акча каражаттары андеррайтингдин же брокердин депозитарийинин кызматын жүргүзгөн брокердин банктык эсебинде, баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуу ишке ашты же ишке ашкан жок деп баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тааныганга чейин сакталат.».
5. 33-беренеде:
7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«7. Эмитенттин акционерлеринин реестрин жүргүзгөн реестрдин кармоочулары коомдун акционерлери, акцияларынын номиналдык кармоочулары тууралу маалыматтарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маалыматтарды ачып берүүгө милдеттүү.»;
8-бөлүктөгү «баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдары» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 45-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-9-пунктар менен толукталсын:
«6. Эгерде ушул Мыйзам менен белгиленген убакыттын ичинде коомдун директорлор кеңеши же аткаруу органы (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөй ишин жүргүзсө) акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө чечим кабыл албаса же аны чакыруудан баш тартуу жөнүндө жүйөөсү жок чечимди кабыл алса, анын чакырылышын талап кылган адамдар, акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүүгө коомду мажбур кылуу жөнүндө талаптар менен баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу.
7. Эгерде ушул Мыйзам менен белгиленген убакыттын ичинде коомдун директорлор кеңеши же аткаруу органы (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөй ишин жүргүзсө) акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө чечим кабыл албаса же аны чакыруудан баш тартуу жөнүндө жүйөөсү жок чечимди кабыл алса, акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүүгө коомду мажбур кылуу жөнүндө чечимди кабыл алууга баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун укугу бар.
Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүүгө коомду мажбур кылуу жөнүндө чечиминде аны өткөрүүнүн мөөнөтү жана тартиби көрсөтүлөт. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун чечимин аткаруу акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырууну талап кылып кайрылган жакка же анын өтүнүчү боюнча коомдун органына же алар макул болгон жагдайда башка жакка жүктөлөт. Коомдун директорлор кеңеши (байкоочу кеңеши) мындай орган боло албайт. Мындай болгон учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун чечимине ылайык акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрө турган коомдун органы же жак бул чогулушту чакыруу жана өткөрүү үчүн зарыл болгон ушул Мыйзамда каралган баардык укуктарга жана ыйгарым укуктарга ээ болот.
Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун чечимине ылайык акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырууну талап кылып кайрылган жак акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрө турган болсо, анда бул чогулушту даярдоого жана өткөрүүгө жумшалган чыгымдар акционерлердин жалпы чогулушунун чечими боюнча коомдун каражаттарынын эсебинен төлөнүп берилиши мүмкүн.
8. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүүгө- коомду мажбур кылуу жөнүндө чечимди аткаруу жүктөлгөн жактын талабы боюнча, коомдун акционерлеринин реестрин кармоочу акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу өтөөрү жөнүндө билдирүүнү акционерлерге жөнөтүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аларды каттоону жана акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүүгө коомду мажбур кылуу жөнүндө чечимди аткаруу жүктөлгөн жактын талабы боюнча коомдун акционерлеринин реестрин кармоочунун акционерлерге билдирүү жана акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүү боюнча көрсөткөн кызматына төлөнүүчү акынын өлчөмү, почта аркылуу материалдарды жөнөтүү жана акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү үчүн зарыл болгон чыгымдар менен байланышкан чыгымдарды төлөө суммасынан ашпашы керек.
9. Бул берененин 6 - 8-бөлүктөрүндө каралган эрежелер ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө чакырылбаган жана өткөрүлбөгөн акционерлердин жылдык жалпы чогулушуна карата да колдонулат.».
7. 54-беренеде:
- 1-бөлүктүн үчүнчү жана төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
- 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
«- ушул Мыйзамдыы 45-беренесинин 6 - 8-пункттарында көрсөтүлгөндөн башка учурларды кошпогондо, акционердик коомдун акционерлеринин жылдык жана кезексиз чогулуштарын чакыруу;
- ушул Мыйзамда белгиленген башка учурларды кошпогондо, акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибин түзүү жана бекитүү, ошондой эле акциоиерлердин жалпы чогулушун даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан башка маселелерди чечүү;».
8. 81-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«2. Коомдук компания жыл сайын акционерлердин (катышуучулардын) жылдык чогулушунан кийин, кийинки отчёттук жылдын 1-июндан кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жылдык финансылык отчётту жарыялоого милдеттүү.».
9. 83-беренеде:
- 1-бөлүктүн төртүнчү абзацындагы «Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүктөгү «Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдары» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|