Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-октябры № 649
«Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-ж., № 3, 158-берене) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 98-берененин 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:
«10) доону камсыз кылуу жөнүндө бейтарап териштирүүнүн тараптарынын арыздарынан алынат.».
2. 140-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
«140-берене. Доону камсыз кылуу үчүн негиздер
«1. Ишке катышкан адамдардын арызы боюнча сот доону камсыз кылуу чараларын көрүшү мүмкүн. Доону камсыз кылууга иштин бардык учурунда жол берилет, эгер мындай чараларды кабыл албоо соттун чечимин аткарууга кыйынчылык келтирсе же мүмкүнчүлүк бербесе.
2. Туруктуу иштеген бейтарап сот караган териштирүүдө бейтарап тараптардын арызы боюнча доону камсыз кылуу чаралары, доону камсыз кылуунун бир түрүн башка түрү менен алмаштыруу, доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жана доону камсыз кылуу боюнча башка маселелер ушул Кодекстин 14-главасында каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын сотко доону камсыз кылуу жөнүндө берген арызы үчүн бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу барагын берүү жөнүндө арыздарга акы төлөө үчүн мыйзамдарда каралган өлчөмдө мамлекеттик алым төлөнөт.».
3 .Төмөнкү мазмундагы 141-1 берене менен толукталсын:
«141-1 берене. Бейтарап териштирүү тарабынын доону камсыз кылуу жөнүндө арызы
1. Доону камсыз кылуу жөнүндө бейтарап териштирүү тарабынын арызы бейтарап соттун жайгашкан жеринде же карызкор адамдын жайгашкан же жашаган жеринде, же карызкор адамдын мүлкү жайгашкан жеринде берилет.
2. Доону камсыз кылуу жөнүндө бейтарап териштирүү тарабынын арызына төмөнкүлөр тиркелет:
бейтарап соттун кароосуна кабыл алынган доо арызынын дайыма туруктуу иштеген бейтарап соттун төрагасы күбөлөндүргөн көчүрмөсү;
доо арызынын туруктуу иштеген бейтарап соттун өндүрүшүнө кабыл алынгандыгын тастыктаган документ;
талашты бейтарап соттун чечүүсүнө берүү жөнүндө (бейтарап макулдашуу) нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн макулдашуунун көчүрмөсү;
3. Мамлекеттик төлөмдү тастыктаган документ.».
4. 146-берене төмөнкү мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
«5. Бейтарап териштирүү тарабынын арызынын негизинде чыгарылган доону камсыздоо маселелери боюнча соттун аныктамасы даттанылган учурда, сот иштин материалдарынын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, жеке арызды же көрсөтмөнү кароо үчүн зарыл болгон материалдарды гана бейтарап соттон талап кылышы мүмкүн.».
5. 420-берененин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
«Бейтарап соттордун Кыргыз Республикасынын аймагында кабыл алынган мажбурлап аткарууга аткаруу барагын берүү жөнүндө чечимдери боюнча иштин өндүрүшү соттор тарабынан ушул главада белгиленген, жарандык сот өндүрүшүнүн жалпы эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат.».
6. 424-беренеде:
- 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«4. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткарууга аткаруу барагын берүүдөн баш тартуу жөнүндө же берүү жөнүндө соттун аныктамасы жогорку турган сотто даттанылышы мүмкүн.
Жогорку турган сот даттануу боюнча келип түшкөн ишти ал келип түшкөн күндөн баштап жыйырма күндөн кечиктирбей кароого тийиш, келип түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө карала турган көзөмөл тартибиндеги даттануудан сырткары.»;
төмөнкү мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
«5. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткарууга аткаруу барагын берүүдөн баш тартуу же берүү жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирбеген аныктамасына даттануу соттун акыркы чечими чыгарылгандан кийин он күндүн ичинде берилиши мүмкүн.
Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткарууга аткаруу барагын берүүдөн баш тартуу жөнүндө же берүү жөнүндө соттун күчүнө кирген аныктамасына даттануу, соттун аныктамасы күчүнө кирген күндөн тартып, үч айдан ашпаган мөөнөттө берилиши мүмкүн.».
2-берене. Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|