Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-октябры № 652
«Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган 2007-жылдын 6-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарын жабдуу үчүн атайын техниканы жана атайын каражаттарды берүүнүн жеңилдетилген шарттары тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган 2007-жылдын 6-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарын жабдуу үчүн атайын техниканы жана атайын каражаттарды берүүнүн жеңилдетилген шарттары тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган 2007-жылдын 6-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарын жабдуу үчүн атайын техниканы жана атайын каражаттарды берүүнүн жеңилдетилген шарттары тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына Кыргыз Республикасы аталган протоколдун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол жоболорду аткаргандыгы тууралуу билдирсин.
3-берене. Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|