Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-декабры № 749
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 «Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесин түзүү процедурасын жөнөкөйлөштүрүү жана аларды администрациялоонун натыйжалуулугун арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 «Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пунктунун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11. ИСКБ тарабынан салыктык (толук жана тышкы) администрацияланууга тийиш болгон ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесин ыйгарым укуктуу салык органы бекитет.»;
- 12-пунктундагы «ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылгандан кийин ыйгарым укуктуу салык органынын сунушу боюнча» деген сөздөр алып салынсын;
- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«17. Критерийлерге ылайык келбеген учурда андай чарбакер субъекттерди ыйгарым укуктуу салык органы Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесинен чыгарат.»;
- 18-пунктундагы «Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча», «чарба жүргүзүүчү субъекттерди ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесинен чыгаруу тууралуу сунуш» жана «киргизилет» деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |