Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 токтому менен бекитилген |
Ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-декабрындагы №749, 2015-жылдын 20-ноябры № 792, 2017-жылдын 4-майындагы № 249 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Ири салык төлөөчүлөрдү тандоо боюнча критерийлер
3-глава. ИСКБ салыктык башкаруусуна жаткан ири салык
төлөөчүлөрдүн тизмеси
1-глава Жалпы жоболор
1. Ушул Ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - жобо) Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №735 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы органдарынын ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Жобо бюджетке салыктарды жана төлөмдөрдү толук чогултулушуна, ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген чарба жүргүзүү субъекттеринин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын жана башка ченемдик-укуктук актыларын сактоосуна натыйжалуу контролду камсыздоо максатында иштелип чыккан.
3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жоболорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча (мындан ары - ИСКБ) администрациялык башкарууга жаткан ири салык төлөөчүлөрдү милдеттүү түрдө аныктоо критерийлерин жөнгө салат.
4. Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
1) (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-декабрындагы №749 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
2) Ыйгарым укуктуу салык органы - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын борбордук мамлекеттик органы.
3) Толук салыктык башкаруу, төмөнкүлөрдү камтыган башкаруу тартиби:
- ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык отчетторун, эсептөөлөрдү жана декларацияларды, бухгалтердик баланстарды жана анын тиркемелерин, ошондой эле салыктарды эсептөө менен байланышкан башка документтерди ИСКБга берүүсү;
- Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан электрондук байланыш системасы (интернет) аркылуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салык отчетторунун, эсептөөлөрдүн жана декларациялардын ИСКБга берилүүсү;
- ИСКБ тарабынан ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген чарба жүргүзүү субъекттерине алардын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген талаптарды өз убагында аткаруусун контролдоону жана көмөк көрсөтүүнү ишке ашыруусу;
- ИСКБ тарабынан ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерде салык текшерүүлөрүн жүргүзүү.
4) Тышкы салыктык башкаруу, төмөнкүлөрдү камтыган салык мамилелерин башкаруу тартиби:
- ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салык отчетторун, эсептөөлөрдү жана декларацияларды, бухгалтердик баланстарды жана тиркемелерди, башка кабарларды, маалыматтарды жана документтерди салыктык жана/же эсептик каттоого алынган жери боюнча салык органына берүүсү;
- салык органдары тарабынан ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген чарба жүргүзүү субъекттерине, алардын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген талаптарды өз убагында аткаруусун контролдоону жана көмөк көрсөтүүнү ишке ашыруусу;
- ИСКБ тарабынан ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерде салык текшерүүлөрүн жүргүзүүнү ишке ашыруусу.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-декабрындагы №749, 2017-жылдын 4-майындагы № 249 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2-глава Ири салык төлөөчүлөрдү тандоо боюнча критерийлер
5. Ири салык төлөөчүлөргө төмөндөгүдөй талаптарга туура келген чарба жүргүзүүчү субъекттер кирет:
1) ушул главанын 6-пунктунда баяндалган ири салык төлөөчүлөрдү тандоонун критерийлеринин бирине жооп берген чарба жүргүзүүчү субъекттер;
2) ИСКБнын милдеттүү түрдө салыктык башкаруусуна жаткан, ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттер.
6. ИСКБнын милдеттүү түрдө салыктык башкаруусуна жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттердин тизмесине киргизүү максатында ири салык төлөөчүлөрдү тандоо төмөнкү критерийлер боюнча жүргүзүлөт:
- акыркы 12 ай ичинде белгиленген стандарттарга жана бухгалтердик эсептин тандалган методуна ылайык товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруудан алынган каражат төмөнкүнү түзсө:
а) соода ишинен - 100,0 млн. сомду жана андан ашыкты;
б) ушул пункттун "а" пунктчасында каралбаган иш үчүн - 50,0 млн. сомдон ашыкты;
- акыркы 12 ай үчүн эсептелинген жана төлөнгөн салыктардын жана милдеттүү төлөмдөрдүн 10,0 млн. сомдон ашык көлөм;
- менчик активдеринин наркы (милдеттенмелерден башка активдери) - 10,0 млн. сомдон ашса.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябры № 792, 2017-жылдын 4-майындагы № 249 токтомдорунун редакциясына ылайык)
7. а) жана б) пунктчаларында көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр негизги иш түрүнө (жалпы иш түрүнөн 50% ашкан иш) карата каралат.
8. Салык төлөөчү иштин бир канча түрлөрүн жүргүзгөн учурда, алардын ичинен бирөө да жалпы иштин көлөмүнөн 50% ашпаса, тандоо үчүн көрсөткүч соода ишин жүргүзгөн чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн каралган (акыркы 12 айда 100,0 млн. сом) чекке карата бардык түрдөгү иштердин көлөмдөрүнүн жыйындысы боюнча аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Ири салык төлөөчүлөрдү тандоонун көрсөткүчтөрүн аныктоо максатында чарба жүргүзүүчү субъекттер берген төмөнкү маалыматтар пайдаланылат:
- салык декларациясы, отчеттор жана эсептөөлөр;
- бухгалтердик баланс жана анын тиркемеси;
- тышкы экономикалык иш жөнүндөгү маалыматтар;
- чарба жүргүзүүчү субъекттердин экономикалык ишти кеңейтүү планы жөнүндө маалыматтар;
- чарба жүргүзүүчү субъектисин экономикалык ишине тиешелүү, анын ичинде салык текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча алынган маалыматтардын негизиндеги башка маалыматтары.
3-глава ИСКБ салыктык башкаруусуна жаткан ири салык төлөөчүлөрдүн тизмеси
10. Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесине ИСКБ тарабынан толук жана тышкы салыктык башкарууга жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттер киргизилиши мүмкүн.
11. ИСКБ тарабынан салыктык (толук жана тышкы) администрацияланууга тийиш болгон ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесин ыйгарым укуктуу салык органы бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-декабрындагы №749 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесине, эгер алардын экономикалык иши Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон учурда, жаңы түзүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттер киргизилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-декабрындагы №749 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Ушул Жободо каралган чарба жүргүзүүчү субъект ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген учурда, ыйгарым укуктуу салык органы бул тууралуу салык төлөөчүлөргө кабарлайт.
14. Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесин аныктоо, ага толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү ушул Жобонун 2-главасынын 5-пунктуна көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр чарба жүргүзүүчү субъекттерге ылайык келгенде жүзөгө ашырылат.
15. Субъектти тандоодо жана ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизүү, ыйгарым укуктуу салык органы бюджетке салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү жыйноо боюнча тиешелүү өлчөмдүн пландуу тапшырмаларына зарыл өзгөртүүлөрдү, түзөтүүлөрдү киргизет.
16. Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттер алардын экономикалык ишинин кийинки жыйынтыктарына жана тандоонун критерийлери болуп саналган көрсөткүчтөргө карабастан ИСКБнын салыктык башкаруусунда эки жылдан кем эмес болот.
17. Критерийлерге ылайык келбеген учурда андай чарбакер субъекттерди ыйгарым укуктуу салык органы Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесинен чыгарат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-декабрындагы №749 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген мөөнөткө карабастан, төмөнкү учурларда:
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык чарба жүргүзүүчү субъект жоюлганда;
- Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамына ылайык чарба жүргүзүүчү субъект банкрот болгондо.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-декабрындагы №749 токтомунун редакциясына ылайык)