Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-декабры № 753
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 8, 922-б.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 345-беренеде:
- 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы «салык кызматы органы» деген сөздөрдөн кийин «же салык төлөөчү сатып алган төлөм терминалы аркылуу» деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-бөлүгү «иш жүргүзгөн жери боюнча» деген сөздөрдөн кийин «же төлөм терминалы аркылуу» деген сөздөр менен толукталсын.
2. 355-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«2. Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса патент 1, 2, 15, 30, 90 же 180 үзгүлтүксүз күнгө сатып алынышы мүмкүн. Патентти 90 күнгө сатып алууда салыктын суммасы 5 процентке, 180 күнгө сатып алууда - 10 процентке азайтылат.
Төлөм терминалы аркылуу сатып алынуучу патент 1ден 30 үзгүлтүксүз күнгө чейинки мөөнөткө сатып алынышы мүмкүн.».
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|