ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №772 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 307 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн ишин жөнгө салуучу документтерди бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 30-декабры № 772

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 307 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн ишин жөнгө салуучу документтерди бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 307 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн ишин жөнгө салуучу документтерди бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Авиациялык ишкана» мамлекеттик ишканасынын уставы төмөнкү мазмундагы 22-1-пункт менен толукталсын:

«22-1. Жылдык финансылык чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча Ишкананын таза пайдасынын 50 проценттен кем эмеси отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке андан ары жиберүү менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин алыш-бериш эсебине которулат.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө. Бабанов