Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-ноябры №748
Автордук укук объектилерине автордук келишимдерди, чектеш укуктар объектилери жаатындагы келишимдерди, интегралдык микросхемалардын топологияларына укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдерди карап чыгуунун жана каттоонун эрежелерин, Интегралдык микросхемалардын топологияларын расмий каттоого өтүнмөнү тариздөөнүн, түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелерин, Автордук укук жана чектеш укуктар объектисин каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелерин бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
"Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" жана "Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгү тиркелгендер бекитилсин:
- Автордук укук объектилерине автордук келишимдерди, чектеш укуктар объектилери жаатындагы келишимдерди, интегралдык микросхемалардын топологияларына укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдерди карап чыгуунун жана каттоонун эрежелери;
- Интегралдык микросхемалардын топологияларын расмий каттоого өтүнмөнү тариздөөнүн, түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери;
- Автордук укук жана чектеш укуктар объектисин каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А. Атамбаев |