Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-ноябры № 599
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдык менчик жаатындагы айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 678 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 "Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө жободо:
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруучу уюмдар талап кылынбаган сый акыны бөлүштүрүлүүчү суммаларга кошуу же ал уюмдун эсебине келип түшкөн күндөн тартып үч жыл өткөнгө чейин өзү өкүлү болгон автордук жана чектеш укуктардын ээлеринин кызыкчылыгында башка максаттарга колдонуу менен сактап турууга укуктуу.
Кыргызпатенттин депозиттик эсебинде турган талап кылынбаган каражаттар үч жыл өткөндөн кийин бюджеттик мыйзамдарга ылайык бюджеттин кирешесине которулууга тийиш.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 686 "Селекциялык жетишкендикке патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаны же маалыматтар базасын расмий каттатуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" деген сөздөр "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электрондук эсептөө машиналары же маалымат базалары үчүн программаларды расмий каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелеринде:
- преамбулада "Электрондук эсептөө машиналары жана маалымат базалары үчүн программаларды укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине" деген сөздөр "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пункттун үчүнчү абзацында "Электрондук эсептөө машиналары же маалымат базалары үчүн программаларды укуктук коргоо жөнүндө" деген сөздөр "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктта "13-беренесине" деген сөздөр "9-беренесине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Өтүнмө түздөн-түз Кыргызпатентке же өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү системасы аркылуу берилет.";
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- өтүнүүчүнүн ким экендигин ырастоочу документ;";
- 15-пунктта "3-беренесинин 1-4-бөлүктөрүнө" деген сөздөр "5-беренесине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 16-пунктта "3-беренесинин 5-бөлүгүнө" деген сөздөр "7-беренесине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 748 "Автордук укук объектилерине автордук келишимдерди, чектеш укуктар объектилери жаатындагы келишимдерди, интегралдык микросхемалардын топологияларына укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдерди карап чыгуунун жана каттоонун эрежелерин, Интегралдык микросхемалардын топологияларын расмий каттоого өтүнмөнү тариздөөнүн, түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелерин, Автордук укук жана чектеш укуктар объектисин каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада ", "Электрондук-эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалымат базаларын укуктук коргоо жөнүндө"" деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автордук укук объектисин жана чектеш укуктар объектисин каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелеринде:
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Өтүнмө түздөн-түз Кыргызпатентке же өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү системасы аркылуу берилет.";
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- өтүнмө ээсинин ким экендигин ырастоочу документ;";
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма алтынчы абзац менен толукталсын:
"Өтүнмө өтүнмөлөрдү электрондук берүү системасы аркылуу берилген учурда, өтүнмө аталган системада толтурулат жана өтүнмө ээлеринин биринин электрондук колтамгасы менен кол коюлат.";
- 11-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Расмий суроо-талап келип түшкөн учурда өтүнмө ээсине же анын өкүлүнө кириш номерин, келип түшкөн датаны жана кабыл алынган материалдардын тизмегин көрсөтүү менен өтүнмөнүн материалдары кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымкат берилет.";
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Өтүнмөнүн материалдары Кыргызпатентте он беш жумуш күндүн ичинде каралат. Бул убакыттын ичинде өтүнмө ээси өтүнмөнүн материалдарын толуктоого, тактоого, оңдоого укуктуу. Өтүнмөнү кароонун жүрүшүндө төмөнкүлөр текшерилет:
- өтүнмөнүн материалдарынын ушул Эрежелердин II бөлүмүндө белгиленген талаптарга ылайык туура таризделгендиги;
- өтүнмө берилген объект автордук укук объекттерине таандык экендиги.
Белгиленген талаптарды бузуу менен берилген өтүнмө боюнча Кыргызпатент өтүнмө ээсине суроо-талап алынган датадан тартып он беш жумуш күндүн ичинде болгон кемчилдиктерди жоюу сунушу менен суроо-талап жөнөтөт. Өтүнмөнү кароонун мөөнөтү тиешелүү түрдө он беш жумуш күнгө узартылат.
Суроо-талап үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
- төлөнгөн каттоо алымынын суммасынын белгиленген өлчөмдөргө ылайык келбөөсү;
- тиркелген документтердин талаптагыдай эмес таризделиши;
- арыздын графаларында талап кылынган маалыматтарды тактоо зарылдыгы;
- депонирленүүчү материалдарды тариздөөгө талаптардын бузулушу.
Эгерде өтүнмө ээси он беш жумуш күндүн ичинде көрсөтүлгөн кемчилдиктерди жойбосо, анда өтүнмө чакыртылып алынды деп саналат.";
- 13-пункттун төртүнчү абзацында "он" деген сөз "он жумуш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пункттун биринчи абзацында "автордук укук объектисин" деген сөздөр "объектти" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Өтүнмө түздөн-түз Кыргызпатентке же өтүнмөлөрдү электрондук берүү системасы аркылуу берилет.";
- 19-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- өтүнмө ээсинин ким экендигин ырастоочу документ;";
- 22-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи абзац менен толукталсын:
"Өтүнмө өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү системасы аркылуу берилген учурда, өтүнмө аталган системада толтурулат жана өтүнмө ээсинин электрондук колтамгасы менен кол коюлат.";
- 24-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Расмий суроо-талап келип түшкөн учурда өтүнмө ээсине же анын өкүлүнө өтүнмөнүн кириш номерин, келип түшкөн датасын жана кабыл алынган материалдардын тизмегин көрсөтүү менен өтүнмөнүн материалдары кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымкат берилет.";
- 25-пунктта "он беш күндүк мөөнөттө" деген сөздөр "он беш жумуш күндүн ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 26-пункттун төртүнчү абзацында "он беш күндүн ичинде", "он беш күнгө" деген сөздөр тиешелүү түрдө "он беш жумуш күндүн ичинде", "он беш жумуш күнгө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 27-пункттун төртүнчү абзацында "он" деген сөз "он жумуш" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 522 "Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана интегралдык микросхемалардын топологияларын каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада ", "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине" деген сөздөр алып салынсын:
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана интегралдык микросхемалардын топологияларын каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө жободо:
- 1-пунктта ", "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө"" деген сөздөр алып салынсын.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 17-ноябрындагы № 91 (3540) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |