Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №768 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Комиссиянын функциялары жана ыйгарым укуктары
3. Комиссиянын укуктары жана милдеттери
4. Комиссиянын ишин уюштуруу
5. Комиссиянын катчылыгынын функциялары
Бул Жобо Мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо боюнча комиссиянын ишин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.
1. Мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) мамлекеттик финансыны башкаруу (мындан ары - МФБ) системасын реформалоо боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын координацияланган чечимдерин кабыл алууну камсыз кылуучу консультациялык - кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Комиссия өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана ушул Жобонун негизинде жүргүзөт.
3. Комиссиянын негизги максаты МФБ системасын реформалоо боюнча мамлекеттик башкаруу органдарына сунуштарды иштеп чыгуу.
4. Комиссиянын чечими сунуштама мүнөздө болот.
5. Комиссиянын негизги милдеттери:
а) МФБ системасын реформалоону жүргүзүү процессин жалпы координациялоону камсыз кылуу;
б) МФБ системасын реформалоону жүргүзүү процессин мониторингдөө.
6. Коюлган милдеттерди чечүү үчүн Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
а) МФБ системасын реформалоону жүргүзүүдө келип чыккан проблемаларды иликтөөнү жана талдоону жүргүзөт;
б) МФБ системасын реформалоону жүргүзүү боюнча артыкчылыктарды аныктайт;
в) МФБ системасын реформалоо боюнча мамлекеттик органдар үчүн сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгат;
г) МФБ системасын реформалоо чөйрөсүндө учурдагы жана пландалган иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүн карайт;
д) МФБ чөйрөсүндө реформаларды натыйжалуу координациялоо жана мониторинг жүргүзүүнү ишке ашырат;
е) ушул Жободо каралган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-чараларды ишке ашырат.
7. Комиссия өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Комиссиянын жыйынына МФБ чөйрөсүндө адистештирилген эксперттерди, илимий жана башка консультанттарды чакырууга;
б) Комиссиянын жыйынына өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн жана башка кызыкдар уюмдар менен мекемелердин өкүлдөрүн чакырууга;
в) Комиссиянын курамына кирбеген аткаруу бийлиги органдарынын жетекчилерин өзүнүн жыйынына катышуу үчүн тартууга;
г) каралып жаткан маселе боюнча Комиссиянын жыйынына чакырылган Комиссиянын мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн жана башка уюмдар менен мекемелердин өкүлдөрүн угууга;
д) иш-чаралар планына жана жетишилген натыйжаларга байланыштуу МФБ системасын реформалоо боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшүнө баа берүүнү жүргүзүүгө;
е) МФБ реформалоону илгерилетүү боюнча мамлекеттик органдарга тийиштүү сунуштарды киргизүүгө;
ж) МФБ чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты андан ары өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте тийиштүү сунуштарды киргизүүгө;
з) Комиссияга караштуу жумушчу органды (ведомстволор аралык жумушчу топ) түзүүгө. Тийиштүү жумуш органдарын түзүү жөнүндө чечим Комиссиянын чечими менен таризделет;
и) МФБ системасын өркүндөтүү, МФБ артыкчылыктарын аныктоо, техникалык жана башка жардамдарды тартуу максатында мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча иш-чаралардын жүрүшү жөнүндө эксперттик баа берүүнү ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын адистерин жана чет өлкөнүн адистерин кошкондо эксперттерди тартууга.
8. Комиссия мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Комиссиянын жыйынындагы жарыш сөздөргө катышууга, талкууланып жаткан маселелер боюнча иштиктүү сунуштарды, сын-пикирлерди жана оңдоолорду киргизүүгө, эксперттерге талапкерлерди сунуштоого, суроолорду берүүгө, маалымкаттарды берүүгө;
б) Комиссия тарабынан кабыл алынган сунуштарды даярдоого жана ишке ашырууга катышууга;
в) Комиссия мүчөлөрү өз милдеттерин аткаруулары үчүн зарыл
болгон бардык маалыматтарды алууга жана аны менен таанышууга;
г) Комиссиянын компетенциясына кирген маселелерди талкуулоодо кеңеш берүүчү добуш берүү укугу менен Комиссиянын жумушчу органдарынын жыйындарына катышууга;
д) Комиссиянын иш-аракетинин бардык маселелери боюнча өзүнүн пикирин эркин айтууга;
е) Комиссиянын ишине зарыл болгон маалыматты алуу үчүн мамлекеттик органдарга кайрылууга жана алардан сурап алууга.
9. Комиссия мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) Комиссиянын ишине жана Комиссиянын иш планынын алкагындагы иш-чараларга катышууга;
б) Комиссиянын ишине катышууга, анын жыйындарына жүйөлүү себеби жок катышпай коюуга жол бербөөгө;
в) Комиссиянын кабыл алынган иш планынын алкагында Комиссиянын башка мүчөлөрүнө анын ишинин мазмуну, жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө толук маалымат берүүгө;
г) Комиссиянын сунуштарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө.
10. Комиссиянын курамына МФБ системасын реформалоо процессин ишке ашырууда катышкан мамлекеттик башкаруу органдарынын өкүлдөрү кирет (кызматы боюнча). Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.
11. Комиссиянын жыйындары МФБ системасын ишке ашыруунун жүрүшүн координациялоону жана мониторингдөөнү камсыз кылуу үчүн зарылдыгына жараша, бирок жарым жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Комиссиянын жыйыны, эгерде анын мүчөлөрүнүн 2/3 кем эмес мүчөлөрү катышса жарактуу деп эсептелет.
12. Комиссиянын жыйындарына Комиссиянын мүчөлөрүн чакыруу, Комиссиянын жыйындарынын күн тартибин бекитүү Комиссиянын төрагасынын, ал жокто анын орун басарынын ыйгарым укуктарына кирет.
13. Комиссиянын чечимдери жыйында катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк жөнөкөй добушу менен кабыл алынат жана тигил же бул маселени чечүү боюнча иштелип чыккан сунуштарды кошо алганда протокол менен таризделет жана жыйынга катышкан Комиссия мүчөлөрү ага кол коет. Добуштар тең болуп калган учурда Комиссиянын төрагасы, ал жок учурда анын орун басары добуш берген чечим кабыл алынган болуп эсептелет. Комиссиянын жыйындарынын протоколдорунун көчүрмөлөрү Комиссиянын бардык мүчөлөрүнө жиберилет.
14. Комиссиянын ишинин уюштуруу-методикалык, маалыматтык жана техникалык камсыз кылууну Комиссиянын катчылыгы ишке ашырат.
15. Жыйынга материалдарды даярдоону, Комиссиянын сунуштарын жана рекомендацияларын аткарууга мониторинг жүргүзүүнү Комиссиянын катчылыгы ишке ашырат. Комиссиянын катчылыгы Комиссия кабыл алган чечимдердин депозитарийи болуп саналат.
16. Комиссияны жоюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылат.
17. Комиссиянын катчылыгы төмөнкү функцияларды аткарат:
а) Комиссиянын ишин уюштурууну камсыз кылуу, кабыл алынган чечимдерди аткарууну уюштуруу жана Комиссия мүчөлөрү менен жумушчу байланыштарды түзүү;
б) Комиссиянын төрагасына анын кезектеги жыйынынын датасын жана күн тартибин аныктоого карата сунуштарды киргизүү;
в) иш кагаздарын жүргүзүү, анын ичинде Комиссиянын ишине байланыштуу протоколдорду, чечимдерди жана башка документтерди жүргүзүү жана сактоо;
г) Комиссиянын рекомендацияларын жана сунуштарынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү;
д) ушул Жободон келип чыгуу башка функцияларды ишке ашыруу.
|
|