Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-декабры №768
Мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик финансыны башкаруу системасын этабы менен реформалоону ишке ашыруу, мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо боюнча иштин артыкчылыктарын аныктоо, координациялоо жана мониторинг жүргүзүү, ошондой эле бул чөйрөдө жүргүзүлүүчү чаралардын ырааттуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бул токтомдун тиркемесине ылайык курамда Мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо боюнча комиссия түзүлсүн.
2. Тиркелген Мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо боюнча комиссия жөнүндө жобо бекитилсин.
3. Мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо боюнча комиссиянын катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аныкталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Финансы министри, комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри;
- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;
- Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри;
- Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министри;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы.
|
|