Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-декабры №771
"1993-жылдын 29-майында Гаага шаарында кабыл алынган Балдарды коргоо жана чет эл аралык асыроо жагында кызматташуу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "1993-жылдын 29-майында Гаага шаарында кабыл алынган Балдарды коргоо жана чет эл аралык асыроо жагында кызматташуу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
1993-жылдын 29-майында Гаага шаарында кабыл алынган Балдарды коргоо жана чет эл аралык асыроо жагында кызматташуу жөнүндө конвенцияны ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп эсептелген Нидерланд Королдугунун Тышкы иштер министрлигине ратификациялоо жөнүндө грамотаны сактоого жиберсин.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аткаруу бийлигинин балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жагындагы мамлекеттик органына Балдарды коргоо жана чет эл аралык асыроо жагында кызматташуу жөнүндө конвенцияда айтылган нормаларды аткарууда Кыргыз Республикасынын атынан ыйгарым укуктуу орган катары чыгууга ыйгарым укук берсин.
4-берене.
Балдарды коргоо жана чет эл аралык асыроо жагында кызматташуу жөнүндө конвенциянын 23-беренесине ылайык эл аралык асырап алуу боюнча күбөлүктү аткаруучу бийликтин жарандык абалдын актыларын каттоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берет.
5-берене.
Бул Мыйзам жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
1. Кыргыз Республикасы 1989-жылдын 12-январындагы Баланын укугу жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 20-ноябрындагы токтому менен кошулган. Ал Конвенция декларациялык мүнөздө, баланын билим алууга, ден соолугун сактоого, социалдык камкордукка ж.б. укуктары сыяктуу жалпы укуктарын жана милдеттерин белгилейт.
Ошондой эле бул Конвенцияда ата-энесинин экөөнүн тең баланын тарбияланышы жана өсүшү үчүн жалпы жана бирдей жоопкерчилик принцибин таануунун камсыздалышы каралат. Ата-энелер же тийиштүү учурларда мыйзамдуу камкорчулар баланын тарбияланышы жана өсүшү үчүн негизги жоопкерчиликти алышат. Катышкан мамлекеттер баланы ата-энелери, мыйзамдуу камкорчулары же балага кам көрүүчү ар кандай башка адамдар тарабынан физикалык же психологиялык басмырлоонун, кордоонун же катуу кармоонун бардык формаларынан, кам көрбөөнүн же этибар албоонун, орой мамиле кылуунун же эксплуатациялоонун, анын ичинде жыныстык эксплуатациялоонун бардык формаларынан коргоо максатында бардык зарыл мыйзамдык, администрациялык, социалдык жана түшүнүк берүүчү чараларын колдонушат. Бул Конвенцияда асыроо маселелери, асыроо боюнча милдеттерди жана милдеттүү талаптарды жөнгө салуу каралган эмес.
2. 1993-жылдын 29-майындагы Балдарды коргоо жана чет өлкөлүк асыроо жагында кызматташуу жөнүндө Конвенция Макулдашуучу мамлекеттердин ("чыккан мамлекеттин") биринде жашаган бала аны жашап турган мамлекетинде кабыл алуучу мамлекетте жашаган жубайлар же адам асырап алгандан кийин, же кабыл алуучу мамлекетте же жашап турган мамлекетинде ошондой асырап алуу максаты үчүн башка Макулдашуучу мамлекетке ("кабыл алуучу мамлекетке") кеткен, барууга тийиш болгон учурларда колдонулат.
Ошондой эле Конвенцияда бала аны кабыл алуучу мамлекетке өткөрүп берилгенден кийин асыроого алынган жана ал мамлекеттин борбордук органы бала аны асыроого алуучу ата-энелерде андан ары калышы баланын кызыкчылыктарына ылайык эместигин аныктаган учурда андай борбордук орган баланы коргоо үчүн чараларды көрүшүнүн процедуралары каралган, атап айтканда:
а) баланы асырап алмак болгон ата-энелерден кайра алат жана баланы убактылуу камкордукка алууну уюштурат;
Ь) бала чыккан мамлекеттин борбордук органы менен кеңешүү боюнча баланы кармабастан асыроого берүү максатында жайгаштырууну уюштурат, же антүүгө болбосо альтернативдүү узак мөөнөттүү камкорчулукту уюштурат; чыккан мамлекеттин борбордук органы белгиленип жаткан кабыл алуучу ата-энелер жөнүндө тийиштүү түрдө маалымдалмайынча асыроого берүүгө болбойт;
с) эгер баланын кызыкчылыгы талап кылса, акыркы айла катары анын кайра кетишин уюштурат.
Коомдук талкуу: Киргизилип жаткан долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтында коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.
Ишке ашыруу механизми: Бул Конвенция кабыл алуучу мамлекетте жана чыккан мамлекетте күчүнө киргенден кийин эл аралык асыроонун ар бир учурунда колдонулат, башкача айтканда, катышуучулардын арасында кошумча эки тараптуу же көп тараптуу макулдашуусуз иштейт. Ошондой эле ар бир Макулдашуучу мамлекет өз ара мамилелерде Конвенцияны жакшылап колдонуу максатында Макулдашуучу мамлекеттердин бири же бир канчасы менен Конвенциянын айрым пункттары боюнча кошума макулдашуу түзө алат.
Башкача айтканда, асыроо, асыроого алуучулар жөнүндө зарыл информация, мамлекеттин ал маселелер боюнча органдарынын аракеттери, укуктары жана милдеттери, ошондой эле асырап алуучулардын жоопкерчилик чаралары бул Конвенцияда жөнгө салынган жана бирдей түргө келтирилген.
Финансылык милдеттенмелер: Кыргыз Республикасынын бул Конвенцияны ратификациялоо, кирүү взносту же мезгилдүү төлөө сыяктуу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.
Анализден көрүнгөндөй, чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын балдарын негизинен чет өлкөлөрдүн жарандарына Кыргызстандык балдарды асырап алууга жардам көрсөтүүчү чет мамлекеттик өкүлчүлүктөр аркылуу асырап алышкан. Бирок балдарды асырап алуу жагында Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими жоктугу, маалыматтардын автоматташтырылган базасы жөнүндө жобо жоктугу, КР колдонуудагы нормативдик укуктук базасында эл аралык асыроо процедурасын ишке ашыруунун так механизми жоктугу жана чет өлкөлүк уюмдардын иштөөсүн аккредиттөө тууралуу жобонун жоктугу ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүүнүн эрежелери жөнүндө жобонун 3-бөлүмүн жокко чыгарууга себеп болду (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы № 117 токтому менен).
Азыркы учурда Кыргызстандын балдарын (кыздарын) чет өлкөлүк жарандардын асыроого алышы мамлекеттер аралык асыроо маселеси жөнгө салынганга чейин токтотулган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроосу боюнча 2009-жылдын майында Кыргызстандын Гаага конвенциясына кошулуу мүмкүндүгүнө байланыштуу Гаага конференциясынын эл аралык жеке укук боюнча эксперти менен консультация жүргүзүлгөн. Эксперттин отчетунда төмөнкүдөй рекомендациялар берилген, алардын негизгилери: мамлекеттер аралык асыроо боюнча жооптуу мамлекеттик органдарды аныктоо, органдардын компетенцияларынын чөйрөлөрүн белгилөө, Гаага конвенциясын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн нормативдик укуктук актыларды кабыл алуу, асыроо боюнча агенттиктер менен кызматташуу маселесин чечүү.
Азыр бул проблемаларды жайгаруу үчүн чаралар көрүлүүдө.
Азыркы учурда 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 169 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин маселелери жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомунун негизинде балдардын укуктарын коргоо жагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу аткаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо министерствосу болуп аныкталган.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2010-жылдын 2-мартта № 125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" токтомун кабыл алган. Кыргыз Республикасынын Президенти менен "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүңдө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2011-жылдын 4-майында кол коюлган. Аталган мыйзамды аткаруу үчүн "Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга ата-энесинен кароосуз калган балдарды берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" № 521 жана "Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды асырап алуу боюнча чет мамлекеттердин органдарын жана уюмдарын аккредитациялоо тартиби жана алардын ишмердиги жөнүндө" № 522 токтомдор 27-август 2011-жылы кабыл алынган.
Андан сырткары чет өлкөлүк асыроого Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 19-майдагы № 473-V токтому менен мораторий алынып салынган.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, баланын асыралууга укугун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү жана асыроого берилген балдардын андан аркы тагдырын контролдоо максатында 1993-жылдын 29-майындагы Гаага шаарындагы Балдарды коргоо жана чет өлкөлүк асыроо жагында кызматташуу жөнүндө Конвенцияны ратификациялоо зарыл деп эсептейбиз.
Министр |
А.Рыскулова |