Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 311 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-февралы № 139
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаменти жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүнүн бекитилгенине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдында Тышкы миграция департаменти түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкү бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаменти жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментинин чектелген штаттык саны белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментинин борбордук аппараты - 18 адам;
- аймактык органдар - 11 адам.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаменти тышкы миграция маселелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкө жарандары жана чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандары менен иштөө боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин ведомстволук органы болуп эсептелээри белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
5. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги белгиленген тартипте бир айлык мөөнөттө:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелериндеги өкүлчүлүктөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
2-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
┌──────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Эмгек,│
│ миграция жана жаштар │
│ министрлигинин алдындагы │
│ Тышкы миграция департаменти │
└───────────────┬──────────────┘
│
│
┌─────────┴────────┐
│Борбордук аппарат │
└─────────┬────────┘
│
│
┌─────────┴───────┐
│Аймактык органдар│
└─────────────────┘