Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-февралы № 146
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам
актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору тууралу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
| Ө.Бабанов
|
Долбоор
1-берене.
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 2005-ж., № 6, 377-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
43-беренеде:
- 3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"3. Ссуда-аманат турак жай-курулуш кассасы өз катышуучуларынын акчалай каражаттарын турак жай-аманат салымдарына тартуу жана өз катышуучуларына мөөнөт коюп, кайтарып берүү жана акы төлөө шарты менен турак жай кредиттерин берүү боюнча иш жүргүзөт.";
- 4 жана 7-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"Ссуда-аманат турак жай-курулуш кассасынын капиталы акысы төлөнгөн турак жай-аманат салымдарынан жана резервдеринен турат. Капитал катышуучулардын акчалай каражаттарынын эсебинен куралышы керек.".
2-берене.
"Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-ж., № 1, 17-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берененин 10-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Инвестициялык фонддун мүлкүн көз карандысыз баалоочу - инвестициялык фонд менен келишимдин негизинде мамлекеттик эмес мүлктү баалоочу жеке же юридикалык жак.".
3-берене.
"Көмүр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1995-ж., № 5, 269-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берененин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Казып алуу, ошондой эле шахталарды же разрездерди куруу, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу боюнча иштеген мамлекеттик же жеке юридикалык жактар, болбосо жеке жактар кен байлыгын пайдалануу, тоо-кен жана жардыруу иштерин жүргүзүү, кыйла кооптуулук менен байланышкан иштин башка түрлөрүнө укук уруксаты (лицензиясы) болууга тийиш.".
4-берене.
"Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 8, 394-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-беренесинин 6-бөлүгүнүн жетинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
5-берене.
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 8, 377-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
20-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктундагы "жана жер астындагы суулардан", "жана жер астындагы сууларды" деген сөздөр алып салынсын.
6-берене.
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 10, 1111-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-берене күчүн жоготту деп табылсын.
7-берене.
"Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (1996-жылдын 30-октябры, № 56) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"4-берене. Баштапкы энергетикалык ресурстарга мамлекеттик менчик
Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан бардык баштапкы энергетикалык ресурстар мамлекеттин гана менчиги болуп эсептелет жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын кошпогондо, аларды пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиялардын негизинде жүзөгө ашырылат.".
8-берене.
"Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-ж., № 2, 98-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
27-берене күчүн жоготту деп табылсын.
9-берене.
"Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2000-ж. 21-январы, № 7-8) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-берененин төртүнчү сүйлөмү алып салынсын.
10-берене.
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 9, 315-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;
- 7-берененин 2-бөлүгүндөгү "же лицензияларда" деген сөздөр алып салынсын.
11-берене.
"Салык консультанттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 8, 398-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене. Салык консультанттары
1. Төмөндөгүлөр салык консультанттары боло алышат:
1) аудитордук же адвокаттык ишке лицензия алган жактар;
2) аудитордук ишке лицензия алган аудитордук уюмдар жана юридикалык жактар.
2. Салык консультанттары кесиптик ишин - аудитордук, укуктук, салыктык консультация ишин биргелешип жүргүзүү үчүн аудиторлор жана юристтер менен биригүүгө укуктуу.
3. Салыктар боюнча консультация берүү ишине тыюу салынчу же чектөө киргизилчү учурлар ушул Мыйзам менен белгиленет.".
2. II бөлүм күчүн жоготту деп табылсын.
3. 15-берененин 2-бөлүгүндөгү "салык консультанттарынын квалификациясын жогорулатуу" деген сөздөр алып салынсын.
4. 16-берененин 2-бөлүгүндө:
1) 4-пунктундагы "анын ичинде квалификациялык сертификаттын күчүн токтотууну же токтото турууну жүзөгө ашырууга" деген сөздөр алып салынсын;
2) 6-пункт күчүн жоготту деп эсептелсин;
3) 7-пункттагы "салык консультанттарын даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу" деген сөздөр алып салынсын.
12-берене.
"Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-ж., № 12, 555-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-беренеде:
1) үчүнчү абзацтагы "риэлтордук иш жүргүзүү укугуна ээ лицензиясы бар" деген сөздөр "риэлтордук иш жүргүзгөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бешинчи абзацтагы "риэлтордук ишке лицензиялоону жүзөгө ашыруучу" деген сөздөр алып салынсын.
2. 4-беренеде:
1) 1-пунктундагы ", риэлтордук ишти лицензиялоону жүзөгө ашырат" деген сөздөр алып салынсын;
2) 2-пунктунун экинчи абзацындагы "риэлтордук ишти лицензиялоонун тартиби жана шарты" деген сөздөр алып салынсын.
3. 6-беренеде:
1) 1-пунктундагы "аттестациядан ийгиликтүү өткөн жана риэлтордук ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы бар" деген сөздөр алып салынсын;
2) 2-пунктта:
- биринчи абзацтагы ", лицензия менен риэлтордук ишти жүргүзүүгө укук берилген" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи жана үчүнчү абзацтар күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. 8-берененин төртүнчү абзацындагы "риэлторлорду аттестациялоого жана лицензиялоого катышууга" деген сөздөр алып салынсын.
5. 17-беренеде:
1) 1-пунктундагы "риэлтордук ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы болгон шартта" деген сөздөр алып салынсын;
2) 2-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.
6. 20-берененин үчүнчү абзацындагы "мында жарнамада лицензиянын номери сөзсүз көрсөтүлүүгө тийиш" деген сөздөр алып салынсын.
7. 21-берененин 2-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "жана риэлтордук иш жүргүзүү укугу берилген нотариалдык жактан ырасталган лицензиянын көчүрмөсүн" деген сөздөр алып салынсын.
8. 28-берененин үчүнчү-бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп эсептелсин.
9. 29-беренеде:
- биринчи сүйлөмү алып салынсын;
- экинчи сүйлөмдөгү "лицензиялык талаптарды жана шарттарды" деген сөздөр алып салынсын.
10. 32-берененин 1-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.
11. 34-берененин 2-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.
12. 44-берененин 1-пунктунда:
- биринчи абзацтагы "риэлтордук ишти лицензиялоо жөнүндө жоболордон башкасы" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.
13-берене.
"Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасынын 2009-жылдын 8-майындагы № 33 саны) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-беренеде:
- 5-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 6-пунктундагы "статус берүү жана алып коюу" деген сөздөр "статусунан ажыратуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14-берене.
"Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 12, 498-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
6-берененин 2-пунктунда:
- төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык авиациянын аба кемелерин кабыл алууга жана чыгарууга, аба транспорту менен жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, почтаны ташууга, аба кемелерин жана алардын жабдууларын техникалык тейлөөгө - 2-жыл.".
15-берене.
Кыргыз Республикасынын Аба кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 5, 159-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 9-берененин 1-пунктунун "(ж)" пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. 61-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"61-берене. Аэродромдордун аймагында ар түрдүү объекттерди куруу
жана жайгаштыруу
Аэродромдордун аймагына имараттарды, курулмаларды же объекттерди, байланыш жана электр өткөрүү линияларын, аба кемелеринин жердеги же бортундагы навигациялык жабдууларынын туура иштешине тоскоолдук кылуучу же аба кемелеринин учуу коопсуздугуна коркунуч туудуруучу ар кандай жабдууларды же каражаттарды курууга, жайгаштырууга жана пайдаланууга тыюу салынат.".
3. 166-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"166-берене. Авиациялык жумуштардын тарифтери
Эксплуатант жана заказчы авиациялык иштерге келишим түзгөндө келишимдик тарифтерди белгилөөгө укуктуу. Жарандык авиация органы тарифтерди жана аларды авиациялык иштердин айрым түрлөрү боюнча колдонуунун эрежелерин иштеп чыгышы мүмкүн.".
16-берене.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 10, 374-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
32-берененин 16-пунктундагы "(лотерея боюнча ишти жүзөгө ашырууга укук бергендиги үчүн төлөм)" деген сөздөр алып салынсын.
17-берене.
"Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-б.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
19-1-берене күчүн жоготту деп табылсын.
18-берене.
Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2005-ж., № 4, 241-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) 2-беренесинин он бешинчи, отуз экинчи, отуз бешинчи абзацтары;
2) 8-беренесинин сегизинчи абзацы;
3) 11-беренесинин 2-пунктунун "а" пунктчасынын он алтынчы абзацы;
4) 12-беренесинин төртүнчү абзацы;
5) 13-беренесинин сегизинчи абзацы;
6) 14-беренесинин үчүнчү - бешинчи абзацтары;
7) 22, 23, 25, 32, 43, 44, 86-беренелери;
8) 38-беренесинин 1-пункту;
9) 39-беренесинин 2-пунктунун төртүнчү абзацы;
10) 42-беренесинин 1, 2, 4-пункттары;
11) 45-беренесинин 2-пункту;
12) 56-беренесинин 2-пункту;
13) 86-беренесинин 3 жана 4-пункттары;
14) 90-беренесинин 1-пунктунун үчүнчү - бешинчи, жетинчи, сегизинчи, он биринчи, жыйырма үчүнчү абзацтары;
15) 93-беренесинин экинчи абзацы.
2. 21-беренесинин 3-пунктунун үчүнчү абзацындагы "суу пайдаланууга уруксаттагы, сууну пайдаланууга атайын уруксаттагы же" деген сөздөр алып салынсын.
3. 24-беренесинин биринчи абзацындагы "сууну пайдаланууга уруксаттын, сууну пайдаланууга атайын уруксаттын негизинде пайдалануу үчүн," деген сөздөр алып салынсын.
4. 34-беренесинин 4-пунктундагы ", эгерде суу берүүчүгө сууну пайдаланууга берилген уруксат ушул Кодекстин 27-статьясына ылайык кургакчылыкка же суунун жетишсиздиги же өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу өзгөртүлбөсө же токтотулбаса" деген сөздөр алып салынсын.
5. 40-беренесинин 3-пунктундагы "суу берүүчүнүн сууну пайдаланууга уруксат алууга төлөгөн акысын" жана "кошо алганда," деген сөздөр алып салынсын.
6. 74-беренесинин үчүнчү абзацындагы "суу пайдаланууга уруксаттарды жана" деген сөздөр алып салынсын.
7. 89-беренесинин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "суу пайдаланууга уруксат жана" деген сөздөр алып салынсын.
8. 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацындагы "суу пайдаланууга берилген уруксатсыз же суу пайдаланууга атайын уруксатсыз 30 метрден ашык тереңдиктеги артезиан скважиналарынын суусун пайдалануу, же калыбына келтирилбөөчү булактардан жер астындагы сууларды пайдалануу, же" деген сөздөр алып салынсын.
19-берене.
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2005-ж., № 8, 546-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 12-беренесинин 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2. 14-беренесинин 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы ", жаныбарлардын ооруларынын алдын алууга жана дарылоого арналган дары каражаттарынын" деген сөздөр алып салынсын.
3. 15-беренеде:
1) 1-пунктунун сегизинчи абзацындагы "ветеринариялык дары каражаттарынын" деген сөздөр алып салынсын;
2) 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "ветеринардык-санитардык аттестациялоонун," деген сөздөр алып салынсын.
4. 23-беренесинин 3-пунктундагы "(ветеринариялык күбөлүктөрү)" деген сөздөр алып салынсын.
5. 27-беренесинин 4-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
6. 29-беренесинин 2-пунктунун биринчи абзацындагы ошондой эле алынып келинүүчү көрсөтүлгөн объектилердин (жүктөрдүн) ар бир партиясын анын ветеринардык-санитардык коопсуздугун жана ал алынып чыккан өлкөдө жаныбарлардын жугуштуу оорулары жок экендигин ырастоочу (кепилдик берүүчү) ветеринариялык сертификаттар (күбөлүктөр) менен кошо" деген сөздөр алып салынсын.
7. 59-беренесинин 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
8. 60-беренесинин 1-пунктунун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
20-берене.
"Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2005-ж., № 11, 900-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
9-беренесинде:
- 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү лицензиянын негизинде" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
21-берене.
"Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 12, 499-б.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
30-беренеси күчүн жоготту деп табылсын.
22-берене.
"Баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 11-августу, № 70-71) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 8-беренесинин жетинчи жана онунчу абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.
2. 9-беренесинде:
- бешинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- он тогузунчу абзацындагы "баалуу кагаздардын ачык сунушталышын," деген сөздөр алып салынсын.
3. 15-беренесинин 2 жана 4-бөлүктөрү күчүн жоготту деп табылсын.
4. 16 жана 17-беренелери күчүн жоготту деп табылсын.
5. 23-беренеде:
- 1-пунктунун биринчи абзацындагы "жана бул мөөнөт бүткөндөн кийин ачык сунуштун шарттарын жана проспектин каттоону төмөнкү учурларда жокко чыгара алат" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
6. 27-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "жана баалуу кагаздарды сунуштоонун шарттарын жана проспекти каттоону жоюуга" деген сөздөр алып салынсын.
7. 35-беренеде:
1-пунктун үчүнчү жана сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
8. 36-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"36-берене. Баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары
1. Коомдук эмиссиянын жыйынтыктары ушул Мыйзамдын 27-беренесине ылайык чыгарылат. Чыгарылган бардык баалуу кагаздарды жайгаштырган учурда жана 27-беренеге ылайык коомдук сунуш болуп өттү деп эсептелгенде баалуу кагаздарды чыгаруу баалуу кагаздар жайгаштырылган санда болуп өттү деп таанылат. Жайгаштырылбаган баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жок кылынууга жатат.
2. Жабык жайгаштыруу үчүн арналган баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары, эгерде баалуу кагаздарды жайгаштыруу мөөнөтү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген баалуу кагаздардын минималдуу саны баалуу кагаздарды чыгарууну таануу үчүн зарыл болгон минималдуу баалуу кагаздардан аз жайгаштырылса болуп өттү деп таанылат. Жайгаштырылбаган баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жокко чыгарылууга жатат.
Мындай баалуу кагаздарды жайгаштыруу аяктагандан 30 күндөн кечиктирбестен эмитент баалуу кагаздарды жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган билдирүү берүүгө милдеттүү:
1) баалуу кагаздарды жайгаштыруунун башталышынын жана аякталышынын датасы;
2) жайгаштырылган баалуу кагаздардын саны;
3) бир баалуу кагазды жайгаштыруунун баасы;
4) баалуу кагазды жайгаштыруу үчүн келип түшүүлөрдүн жалпы көлөмү, анын ичинде:
- улуттук валютадагы акча каражатынын көлөмү;
- төлөнгөн учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын валютасында туюндурулган чет өлкөлүк валюталардын көлөмү;
- баалуу кагаздарды жайгаштыруу үчүн акы төлөө катары төлөнгөн материалдык жана материалдык эмес активдердин Кыргыз Республикасынын валютасында туюндурулган көлөмү.".
9. 41-берененин 6-пунктунун биринчи абзацындагы "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 54-беренеде:
- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 3-бөлүктүн 1-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
6-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
11. 65-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
23-берене.
"Илимий-техникалык маалымат тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-ж., № 2, 99-б.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
9-берененин 2-пунктундагы "илимий-маалыматтык ишти лицензиялоо" деген сөздөр алып салынсын.
24-берене.
"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 12, 505-б.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
1. 9-беренеде:
- 2 жана 3-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"4. Камсыздандыруучу ортомчулардын кесиптик жарандуулугунун деңгээлине жана брокерлердин финансылык ишенимдүүлүгүнө карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
2. 31-беренедеги "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү өлчөмдө камсыздандыруу төлөмдөрүнөн камсыздандыруу уюмдарынын чегерүүлөрү" деген сөздөр алып салынсын.
25-берене.
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 3, 126-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
9-берененин 1-пунктунда:
1) 2-пункттагы "долбоорлоо жана" деген сөздөр алып салынсын;
2) 8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"8) тотализаторлордун жана букмекер кеңселеринин иши";
3) 9-пунктта:
"авиациялык атайын иштердин бардык түрлөрү" деген сөздөр алып салынсын;
"авиация" деген сөздөн кийин "аба транспорту менен жүргүнчүлөрдү, кол жүктөрдү, жүктөрдү жана почтаны ташуу" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 33-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"33) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу, автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү генералдык ташуу, суу жана темир жол транспорту менен ташуулар (атайын, кызматтык жана технологиялыктардан социалдык, кызматтык жана технологиялыктардан тышкарыда);".
5) 36-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
26-берене.
"Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 2, 64-б.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
25-берененин 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
27-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби.
1. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып ушул Мыйзам менен чыгарылып салынган иштердин бардык түрлөрүнө берилген лицензиялар жана уруксаттар юридикалык күчүн жоготкондугу, ал эми иштин бул түрлөрү боюнча лицензиялар жана уруксаттар алуу үчүн кароого келип түшкөн документтер арыз ээлерине кайтарыла тургандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
28-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|