Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-февралы № 152
Дарылоочу-алдын алуучу уюмдарда эмгекке убактылуу жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө
Пациенттердин ден соолугунун абалына сапаттуу баа берилишин камсыздоо жана калкка натыйжалуу медициналык-санитардык жардам көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Дарылоочу-алдын алуучу уюмдарда эмгекке убактылуу жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча нускама бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 16-августундагы № 380 «Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык камсыздандыруу жөнүндө» токтомунун 2-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |