Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы № 152 токтому менен бекитилген
|
Дарылоочу-алдын алуучу уюмдарда эмгекке
убактылуу жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча
НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 8-майындагы № 261, 2014-жылдын 9-январы № 4, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 579 токтомдорунун редакцияларына ылайык
токтомунун редакциясына ылайык)
1. Негизги жоболор
1. Убактылуу эмгекке жарамсыздык - бул травмага, ооруга же мыйзамда каралган башка себептерге байланыштуу кызматкердин жалпы эле иштөөгө же өз адистиги боюнча жумуш кылууга кыска мөөнөткө жараксыздыгы.
Убактылуу эмгекке жарамсыздыкты аныктаганда негизги критерий болуп жакшы клиникалык жана эмгектик болжол саналат, ал салыштырмалуу кыска мөөнөттө эмгекке жөндөмдүүлүктү калыбына келтирип, организмдин бузулган функциялары кыйла оңолуу же толук калыбына келиши менен мүнөздөлөт. Толук жана жарым жартылай эмгекке жарамсыздык болуп бөлүнөт.
2. Толук убактылуу эмгекке жарамсыздык, бул - бейтап убактылуу иштей албаган же иштебестен атайын режимге жана дарыланууга муктаж болгон абал.
3. Жарым жартылай убактылуу эмгекке жарамсыздык - ооруп калган адам демейдеги өзүнүн кесиптик ишин аткара албай, бирок ден соолугуна зыян келтирбестен жеңилдетилген режимде же азайтылган көлөмдө башка ишти убактылуу аткарышы мүмкүн болгон абал.
4. Убактылуу эмгекке жарамсыздыктын түрлөрү:
1) оорулар жана травмалар;
2) кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү;
3) ооруп калган үй-бүлө мүчөсүн, дени сак баланы жана бала кезден ден соолугунун мүмкүндүгү чектелген адамды багуу;
4) санаторийлик-курорттук дарылануу жана медициналык реабилитация;
5) протездөө (ортопедиялык);
5. Убактылуу эмгекке жарамсыздыктын экспертизасы - медициналык иштин түрү, анын негизги максаты пациенттин ден соолугунун абалын, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жана дарылоонун сапатын жана натыйжалуугун баалоо, кесиптик ишти аткаруу мүмкүндүгүн, ошондой эле убактылуу эмгекке жөндөмдүүлүктү жоготуу даражасын жана мөөнөтүн аныктоо болуп саналат.
6. Убактылуу эмгекке жарамсыздык эмгекке жарамсыздык баракчасы менен гана күбөлөндүрүлөт.
Эмгекке жарамсыздык баракчасы кагаз жана электрондук формаларда (мындан ары чогуу - эмгекке жарамсыздык баракчасы деп аталуучу) тиешелүү түрдө 1, 2-тиркемелерге ылайык берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 579 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Убактылуу эмгекке жарамсыздыктын экспертизасын жүргүзүүгө жана убактылуу эмгекке жөндөмдүүлүктү жоготушун далилдеген документтерди берүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- менчигинин түрүнө карабастан медициналык уюмдардын эмгекке жарамсыздык баракчаларын берүүгө укугу бар дарыгерлери;
- орто медициналык кесиби бар медицина кызматкерлери (медсестралар, фельдшерлер, акушеркалар) - өзгөчө учурларда (фельдшерлик-акушердик пункттун алыстыгы, врач кадрлар менен комплектиленбегендик), облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин уруксаты боюнча.
8. Убактылуу эмгекке жарамсыздыкты далилдеген документти берүүгө төмөнкү медицина кызматкерлеринин укуктары жок:
- медициналык тез жардам станцияларынын (бөлүмдөрүнүн);
- кан куюучу бөлүмдөрдүн;
- соттук-медициналык экспертиза уюмдарынын;
- санаторийлик-курорттук профилдеги уюмдардын;
- эс алуу үйлөрүнүн, туристтик базалардын;
- санэпидкөзөмөл уюмдарынын.
2. Эмгекке жарамсыздык баракчасын берүү
9. Менчигинин түрүнө карабай, Кыргыз Республикасынын ишканаларында, уюмдарында жана мекемелеринде иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга эмгекке жарамсыздык баракчасы дарыгер өзү ошол эмгекке жарамсыздыкты аныктаган күндөн тартып, майрам жана дем алыш күндөрүн кошуп, берилет. Эмгекке жарамсыздык баракчасы ким экендигин күбөлөндүргөн документти көрсөткөндө берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Эмгекке жарамсыздык баракчасын өткөн 1 күнгө (андан кеч эмес) берүү өзгөчө учурларда гана төмөнкүнүн негизинде мүмкүн:
- травмапунктка же саламаттык сактоо пунктуна кайрылган учурдан тартып убактылуу эмгекке жарамсыздык тастыкталган учурларда травмапункттун, здравпункттун маалымкат-жолдомосунун;
- тез жардам бригадасы же ооруканалардын кабыл алуу бөлүмдөрүнүн дарыгерлери берген маалымкаттын (сигналдык барактын).
11. Жумушсуздун расмий статусун алган, миграция жана жумуштуулук боюнча ыйгарым укуктуу органдарда эсепке алынган жарандарга эмгекке жарамсыздык баракчасын далилдөөчү документти көрсөткөндө дарылаган врач берет.
12. Келишим боюнча иштеген чет өлкөлүк жарандарга эмгекке жарамсыздык баракчалары жалпы негизде берилет. Эгерде Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген мамлекет аралык макулдашууларда башкача каралбаса, туристтик сапарда, кызматтык иш сапарда жүргөн чет өлкөлүк жарандарга алар убактылуу эмгекке жарамсыз болуп калганда эмгекке жарамдуулукту убактылуу жоготкондугунун мөөнөтүн көрсөтүү менен дарт баянынан көчүрмө берилет.
Москва шаарында 1997-жылдын 27-мартында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин жарандарына медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун 8-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөдө болгон мезгилде алардын убактылуу эмгекке жарамсыздыгын тастыктаган документтер алар кайтып келгенден кийин саламаттык сактоонун аймактык уюмунун дарылоочу дарыгери берген эмгекке жарамсыздык баракчасына алмаштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Туруктуу жашаган же иштеген жеринен эмгекке жарамсыздыктын алгачкы баракчасын алган бейтаптар ошол баракчаны башка жерден узартуусу башында ошол эмгекке жарамсыздык баракчасын берген дарылоо уюмдун сапарга кетүү мүмкүндүгү тууралуу корутундусу болгондо гана жүргүзүлөт. Бул корутундуну дарылаган врач медициналык уюмдун жетекчиси же медициналык-консультациялык комиссия менен биргелешип берет.
Эмгекке жарамсыздык баракчасы туруктуу жашаган жери боюнча саламаттык сактоо уюму тарабынан берилет, ал эми ведомстволук саламаттык сактоо уюму болгон учурда иштеген, кызмат өтөгөн жери боюнча же медициналык тейлөө үчүн бейтап бекитилген жерден берилет. Жаран туруктуу тейлөө жеринде болбогон учурда (иш сапары, эмгектик өргүү ж.б.) эмгекке жарамсыздык баракчасы медициналык уюм тарабынан да берилүүсү мүмкүн, бирок саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин уруксаты менен гана (мындай учурда эмгекке жарамсыздык баракчасынын “өзгөчө белгилер” деген сабында саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин колу коюлуп, ал аталган саламаттык сактоо уюмунун гербдүү мөөрү менен бекемделет).
Шаардык эмес адамдарга эмгекке жарамсыздык баракчасын берүүдө “иштен бошотуу” бөлүмүндө саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин колу саламаттык сактоо уюмунун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.”;
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Эмгекти келишимди бошонгон күндөн жана бошонгондон кийинки күндөн баштап ажыраткан адамдарга бошонуусунун себебине карабастан эмгекке жарамсыздык баракчасы берилбейт.
15. Эмгек акысы сакталбаган өргүү учурунда жана баланы багуу боюнча өргүүдө эмгекке жарамсыздык баракчасы берилбейт.
16. Жогорку окуу жайлардын студенттерине жана мектептин окуучуларына белгиленген үлгүдөгү маалымкат берилет (форма 095у). Белгиленген үлгүдөгү маалымкаттарды каттоо, берүү жана узартуу эмгекке жарамсыздык баракчаныкындай эле болот.
17. Бейтап убактылуу эмгекке жарамсыздык учурунда каза тапкан болсо, каза тапкан адамдын атына таризделген эмгекке жарамсыздык баракчасын дарыгердик-консультациялык комиссия бөлүмү тууралуу маалымкат алуу үчүн кайрылган үй-бүлө мүчөсүнө каза болгон күнгө чейин берет.
18. Дарылоочу-алдын алуучу уюмдун директоруна (башкы дарыгерине) өзүнө тиешелүү дарылоочу-алдын алуучу уюмдагы убактылуу эмгекке жарамсыздык экспертизасынын абалы үчүн жоопкерчилик жүктөлөт.
19. Саламаттык сактоо уюмдарында убактылуу эмгекке жарамсыздыктын экспертизасы боюнча иштин абалын, эмгекке жарамсыздык баракчалары негиздүү жана туура берилишин алардын ведомстволук таандыгына жана менчигинин түрүнө карабай Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги контролдойт.
3. Убактылуу эмгекке жарамсыздыкты күбөлөндүргөн
эмгекке жарамсыздык баракчасын тариздөө тартиби
20. Эмгекке жарамсыздык баракчасы эмгекке убактылуу жарамсыз болгон учурда жумуштан бошотуу жана эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча пособие төлөө үчүн негиз болуучу документ болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы N 579, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы N 579 токтомдорунун редакцияларына ылайык )
21. Эмгекке жарамсыздык баракчасынын бланкы эмгекке жарамсыздык баракчасынын негизги бланкына жана дүмүрчөгүнөн турат. Эмгекке жарамсыздык баракчанын бланкынын бет тарабын дарылаган дарыгер, арт жагын - пациент иштеген ишкананын администрациясы толтурат. Эмгекке жарамсыздык баракчанын дүмүрчөгүн тариздегенде "диагноз" деген графада эмгекке жарамсыздыктын негизги себебинин диагнозу көрсөтүлөт. Эмгекке жарамсыздыгы жөнүндө баракчанын негизги бланкында диагноз көрсөтүлбөйт.
Эмгекке жарамсыздыктын электрондук баракчаларын тариздөө, узартуу, берүү, кол коюу, алуу, бөлүштүрүү, сактоо жана эсепке алуу тартиби саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Эмгекке жарамсыздык баракчанын негизги бланктагы "эмгекке жарамсыздык себеби" графасынын асты сызылып, төмөн жагына булар жазылат: эмгекке жарамсыздыктын тиешелүү түрү (оору, С00-С97 коддору (залалдуу жаңы түзүлүш) жана Т66 (радиациялык нурлануу), жаракат,өндүрүштө же тиричиликте болгон кырсык, карантин, үй-бүлөнүн бейтап мүчөсүн багуу, санаторийлик-курорттук дарылануу, төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки өргүү) жана бланкта кашаада көрсөтүлгөн кошумча маалыматтар, оорунун түрү. "Режим" графасында көрсөтүлгөн дарылануу-сактануу режиминин түрү белгиленет: стационардык, амбулаториялык, үйдөгү (карантин), төшөк, санаториялык. "Режимди бузгандыгы жөнүндө белги" графасында режимди бузган күнү коюлат жана анын түрү (көрсөтүлгөн дарылануу-сактануу режимин аткарбаганы, дарыгердин кабыл алуусуна өз убагында келбегени, алкоголдук мас болуу, дарыгердин ооруканадан чыгаруу жөнүндө уруксаты жок жумушка чыгуу, дарылаган дарыгердин уруксаты жок башка администрациялык районго дарыланууга кетүү).
Эгерде пациент эмгекке жарамсыз болуп табылса, эмгекке жарамсыздык баракчасын (маалымкатты) узартуу дарыгердин кабыл алуусуна келген күндөн баштап жүргүзүлөт - "жумушка чыгуу" графасында жумушка чыгуучу күнү белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)
23. "Жумуштан бошотуу" бөлүмүндө пациент кайсы күн, кайсы айдан тартып кайсы күнгө, кайсы айга чейин иштен бошотулаары араб цифрасы менен жана сөз менен жазылат.
24. Дарыгердин кызматы, аты-жөнү так жазылат жана колу коюлат. Коллегиялуу узартканда врачтык-консультациялык комиссиянын, кеңейтилген дарыгердик-консультациялык комиссиянын (үчтөн кем эмес) мүчөлөрүнүн аты-жөнү көрсөтүлөт жана колдорун коюшат.
25. "Жумушка киришүү" графасында эмгекке жарамдуулугу калыбына келген күн пациент кароодон өтүп, эмгекке жарамдуу деп табылгандан кийинки күн менен белгиленет. Эмгекке жарамсыздыгы сакталып турган болсо, эмгекке жарамсыздык баракчасында "узартуу" деген жери сызылат, эмгекке жарамсыздыктын жаңы баракчасынын номери жана күнү коюлат. Жаңы баракчада "баракчанын узартылышы" деген жеринин асты сызылат жана биринчи баракчанын номери көрсөтүлөт. Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы жөнүндө баракчасынын бланктарында дарыгер оңдоолорду киргизсе, ал оңдоо киргизилгени жөнүндө жазуу, дарыгердин колу, күнү, дарылоочу уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Эмгекке жарамсыздык баракчасы жана маалымкат үчүн” саламаттык сактоо уюмунун мөөрү, ал үчүн атайын бөлүнгөн орунга (баракчанын бланкынын оң жактагы төмөнкү бурчуна) коюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Берилген эмгекке жарамсыздык баракчаларды жана маалымкаттарды эсепке алуу тиешелүү каттоо журналында жүргүзүлөт (форма 036у).
27. Эмгекке жарамсыздык жөнүндө баракча амбулаториялык шартта эмгекке жарамсыздыкты аныктаган күнү, стационардан чыгарганда берилет, эмгекке жарамсыздык баракчаны үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгери андан аркы байкоого алуу үчүн узартат жана зарыл болсо эмгекке жарамсыздык баракчаны узартуу үчүн берилет.
28. Дарылоочу-алдын алуучу уюмдардын медицина кызматкерлери эмгекке жарамсыздык баракчанын бланктарын алардын сакталышы жана бөлүштүрүлүшү үчүн жооптуу адамдардан кол коюп берүү менен алышат, мурда алган бланктардын дүмүрчөктөрүн тапшырып, документтерди сарпталгандыгы тууралуу отчет беришет. Алган бланктардын сакталышы үчүн медициналык кызматкерлер жеке жоопкерчилик тартышат.
29. Студенттердин, техникум, кесиптик-техникалык окуу жайлардын, мектептердин окуучуларынын оорусуна байланыштуу маалымкаттарды (форма 095-у) өзүнчө эсепке алынат.
30. Дарыгерлер (фельдшерлер) берген эмгекке жарамсыздык баракчалардын бланктары каттоо журналдарында (форма 036-у) эсепке алынат.
31. Убактылуу эмгекке жарамсыздыкты күбөлөндүргөн эмгекке жарамсыздыктын жарабай калган бланктары өзүнчө папкада тизмеленип сакталат, ал тизмеде дарыгердин аты-жөнү, жарабай калган бланктардын тапшырылган күнү, номери жана сериясы көрсөтүлөт. Алар уюмдун жетекчисинин буйругу менен түзүлгөн комиссиянын актысы боюнча календардык жылдын аягында жок кылынат. Жарабай калган жана колдонулган бланктардын дүмүрчөктөрү 3 жыл бою сакталат, андан кийин комиссиянын катышуусунда жок кылуу актысын түзүп жок кылынат.
32. Дарылоочу-алдын алуучу уюмдар саламаттык сактоонун жогору турган органдарына бланктардын фактылык сарпталышы жөнүндө отчет-билдирүүлөрдү жарым жылда бир жолу (отчетту жооптуу адам түзөт) берүүгө милдеттүү.
4. Терапиялык жана гинекологиялык ооруларда жана
травмаларда эмгекке жарамсыздык баракчасын берүү тартиби
33. Ооруларда жана травмаларда дарылаган дарыгер эмгекке жарамсыздык баракчаны эмгекке жарамдуулук калыбына келген күнгө чейин же медициналык-социалдык эксперттик комиссия майыптыгын аныктаганга чейин берет.
34. Кургак учук, психикалык жана жыныстык ооруларда эмгекке жарамсыздык баракчасын тиешелүү адистештирилген уюмдардын (бөлүмдөрдүн, кабинеттердин) дарыгерлери берет. Бейтаптар ушул оорулар менен кеңири профилдеги дарылоо уюмдарына кайрылганда дарыгер эмгекке жарамсыздык баракчаны 5 күнгө чейинки мөөнөткө бере алат, андан кийин бейтапты адистештирилген уюмга (бөлүмгө, кабинетке) жиберүүгө милдеттүү.
35. Адистештирилген уюмдар (бөлүм, кабинет) жок жерде жогоруда аталган оорулар боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасын жалпы дарылоочу-алдын алуучу тармактын дарыгерлери беришет.
36. Психика таасир этүүчү активдүү заттарга көз карандылыгы боюнча стационардык жардамга пациенттер өз эрки менен кайрылган учурда, анын ичинде кечиктирилгис жардам көрсөтүү болгондо (интоксикациялык психоздордун алкоголдук жана башка түрлөрү), эмгекке жарамсыздык баракчалар берилет.
37. Мас абалдагы адам өндүрүштүк травма алган учурда же ооруп калганда эмгекке жарамсыздык баракча берилбейт. Мындай учурларда дарылоо уюмдары белгиленген үлгүдөгү маалымкатты беришет (форма 094у).
38. Узак ооруган адамдар медициналык-социалдык эксперттик комиссияга (МСЭК) эмгекке жарамсыз болгон күндөн тартып 120 күндөн кийин же бир эле оору менен акыркы 12 ай ичинде кайталап ооруганда суммалык эмгекке жарамсыздыгы 150 күндү түзсө күбөлөндүрүлүүгө жиберилет. МСЭКке андан эртерээк жиберүүгө бейтаптын эмгекке жарамсыздыгы туруктуу экени талашсыз учурда жана кесиптик оору табылган учурда уруксат берилет.
39. Кургак учук менен ооруунун натыйжасында убактылуу эмгекке жарамсыз болгон оорулуулар убактылуу эмгекке жарамсыз болгон күндөн тартып формасына, оордугуна, процесстин жайылышына жана клиникалык болжолуна жараша 6 айдан эрте эмес (180 күн) же акыркы 12 айдын ичинде жалпысынан алганда 10 айдан кеч эмес (300 күн) мөөнөттө биринчи жолу медициналык-социалдык экспертизага жиберилишет.
Кургак учугу кайталап кармаган адамдардын эмгекке жарамсыздык баракчасына укуктары бар, ал баракчанын узактыгы жалпы эсеп менен эмгекке жарамсыз болгон күндөн тартып 12 айга чейин болушу мүмкүн. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча эмгекке жарамсыздык баракчаны узартууну же туруктуу эмгекке жарамсыздыкты аныктоону медициналык-социалдык эксперттик комиссия ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Эгерде медициналык-социалдык экспертиза борборунун корутундусу боюнча бейтапты майып катары табууга негиздер жок болсо жана ал убактылуу эмгекке жарамсыз бойдон калса, жакшы клиникалык жана эмгектик божомолдо, жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалуулугунда медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын чечими боюнча эмгекке жарамдуулугу толук калыбына келгенге чейин эмгекке жарамсыздык баракчасы 8 айлык мөөнөттөн ашык эмес (жалпы узактыгы) узартылат. Айрым учурларда (травмалар, реконструкциялык операциялардан кийинки абал) - 12 айга чейин.
41. Врачтык-консультациялык комиссия, же ал жок болсо дарылаган дарыгер, ошол медициналык уюмдун жетекчиси бекитүү менен кургак учук же кесиптик ооруга чалдыккандын кесепетинен 60 күндөн ашык эмес мөөнөткө эмгекке жарамсыздык баракча берүү менен башка жумушка убактылуу которууну дайындашы мүмкүн. Бейтап өзүнүн демейдеги жумушу боюнча эмгекке жарамсыз болуп, бирок жумушка зыян келтирбей жана дарылоонун жүрүшүн бузбай башка жумушту аткарууга жөндөмдүү болгондо ушинтип которулат. Мындай учурларда эмгекке жарамсыздык баракчада медициналык уюмдун жетекчисинин колу коюлуп, жүргүзүлгөн которуу жөнүндө жазылат. Иштеп жаткан адамды ден соолугу боюнча башка ооруларга байланыштуу (ушул пунктта көрсөтүлбөгөн) башка жумушка которуу зарылдыгы болсо, эмгекке жарамсыздык баракча берилбейт, медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу эле берилет.
42. Эгерде бейтап күндүзгү убакта тез жана кечиктирилгис медициналык жардам кызматтын уюмдарына кайрылган болсо (станцияга, бөлүмгө, үй-бүлөлүк медицина борборунун пунктуна), ошол кызматтын медициналык кызматкерлери кечиктирилгис жардам көрсөткөндөн кийин бейтапты катталган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборуна же үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун дарыгеринин кабыл алуусуна же стационардык дарыланууга жиберет. Тез медициналык жардамдын бөлүмүнө, пунктуна кечки же түнкү убакытта үй-бүлөлүк медицина борборуна же үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна кабыл албай турган мезгилде кайрылган учурда тез жана кечиктирилгис медициналык жардамдын нөөмөттөгү медициналык кызматкерлери кечиктирилгис жардам көрсөткөндөн кийин же ооруканага жаткырат, же эмгекке жарамсыз адамга кийинки күнү үй-бүлөлүк медицина борборуна же үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна келүүнү, зарыл болсо - дарыгерди үйгө чакырууну сунуш кылат. Мында ал жумуштан бошотуу саатын, оорунун же травманын мүнөзүн көрсөтүп маалымкат берет. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери жаранды эмгекке жарамсыз деп таанып, ага маалымкатта көрсөтүлгөн мезгилден баштап эмгекке жарамсыздык баракча берет, эгерде эмгекке жараксыз деп эсептебесе - эмгекке жарамсыздык баракча берилбейт, жолдомодо (жиберүү баракчасында) анын келген мезгили жөнүндө белги коюлат.
43. Күндүзгү стационар иштеген дарылоо уюмдарында эмгекке жарамсыздык баракчалар амбулаториялык дарылоонукундай берилет.
44. Стационарда дарыланганда эмгекке жарамсыздык баракчаны дарылаган дарыгер бөлүм башчынын бекитүүсү менен стационардык дарыланган мезгилге берет.
Стационардан чыгарып жатканда жана дарыланууну амбулаториялык шартта улантуу зарыл болсо эмгекке жарамсыздык баракчаны узартууну дарылаган дарыгер бөлүм башчынын бекитүүсү менен үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жана үй-бүлөлүк медицина борборуна баруу белгиленген күнгө чейин - 3 күнгө, сырттан келгендерге - жашаган жерине барууга канча күн кетсе, ошончо күнгө жазып берет.
45. Убактылуу эмгекке жарамсыздыктын эки же андан көп себеби (түрү) бир учурда пайда болсо бир гана эмгекке жарамсыздык баракча берилет.
46. Акы төлөнүүчү негизги жана кошумча өргүүлөр мезгилинде убактылуу эмгекке жарамсыздык болуп калса, эмгекке жарамсыздык баракчасы белгиленген тартипте берилет.
47. Жумуш күнү аяктаганда медициналык жардамга кайрылган жарандарга эмгекке жарамсыздык баракча, алардын макулдугу менен, кийинки календардык күндөн тартып берилет.
48. Башка шаарда атайын дарылануу үчүн эмгекке жарамсыздык баракчасын врачтык-консультациялык комиссия берет (ал жок болсо, дарылаган дарыгер башкы дарыгер менен бирге).
49. Бала багуу боюнча өргүүдөгү аялдар же бала багып толук эмес жумуш күн же үйдөн иштеген адамдар убактылуу эмгекке жарамсыз болгондо эмгекке жарамсыздык баракчасы белгиленген тартипте жалпы негизде берилет.
50. Эмгек акысы сакталбаган өргүү учурунда, кош бойлуу жана төрөт боюнча өргүүдө, баланы багуу боюнча өргүүдө жүргөндө убактылуу эмгекке жарамсыздык болуп калса жана эмгекке жөндөмү калыбына келбесе, эмгекке жарамсыздык баракчасы ал өргүүлөр аяктаган күндөн тартып берилет.
51. Иштеп жаткан пенсионерлер эмгекке жарамсыздык баракчаны жалпы негизде алууга укуктары бар.
52. Ден соолугу чектелген болсо да иштеп жүргөн адамдарга эмгекке жарамсыздык баракчасы майыптык тобуна карабай, жалпы негизде берилет, бирок убактылуу эмгекке жарамсыздык мөөнөтү чектелүү болот (III топтон башкаларга). Ооруга байланыштуу убактылуу эмгекке жарамсыздыкта эмгекке жарамсыздык баракчасы календардык жылдагы катары менен 2 айдан ашык жана үзгүлтүк болгондо 3 айдан ашык эмес берилет. Эгерде иштеп жүргөн майыпта убактылуу эмгекке жарамсыздыктын себеби кесиптик оорусу же эмгектеги майыптык болсо, эмгекке жарамсыздык баракчасы сакайганга чейин же майыптык тобун кайра карап чыкканга чейин, бирок катары менен 4 айдан ашык эмес берилет. Эгерде адам кесиптик оорусу же эмгектеги майыптыгына байланыштуу майып болуп табылса, ошол оорунун кийинки кармап калышы эмгекке жарамсыздык баракчасын берүү менен "жалпы оорусу" катары бааланат.
5. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча эмгекке
жарамсыздык баракчаны берүү тартиби
53. Кош бойлуулугу жана төрөт боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасын дарыгер - акушер гинеколог, ал жок болсо жалпы кабыл алууну жүргүзгөн дарыгер берет. Эмгекке жарамсыздык баракча кош бойлуулуктун 30 жумасынан баштап берилет, узактыгы бир жолку берилиши 126 календардык күнгө (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 56 календардык күн). Бойдо бирден ашык бала бар болсо кош бойлуулугу жана төрөт боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасы кош бойлуулуктун 28 жумасынан тартып берилет, мында төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки өргүүлөрдүн жалпы узактыгы 140 күндү түзөт.
54. Кош бойлуулугу боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасы төрөткө чейин же төрөттөн 10 күн өткөрбөй берилет.
55. Кош бойлуулуктун 30 аптасында болгон төрөттө жана бала тирүү төрөлгөндө, кош бойлуулугу жана төрөт боюнча эмгекке жарамсыздык баракчаны төрөткөн дарылоо уюму 140 календардык күнгө берет, бала өлүү түшүп же төрөттөн кийин 7 күндүн ичинде чарчап калган болсо - болгону 70 календардык күнгө берилет.
56. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү учурунда эмгекке жарамсыздык баракчасы бийик тоолуу шартта жана жетүүгө кыйын болгон алыскы аймактарда жашаган жана иштеген аялдарга узактыгы 140 календардык күнгө (70 календардык күн төрөткө чейин жана 70 календардык күн төрөттөн кийин), төрөттө кабылдоолор менен болсо 156 календардык күнгө (70 календардык күн төрөткө чейин жана 86 календардык күн төрөттөн кийин), эки жана андан ашуун балдар төрөлсө - 180 календардык күнгө (70 календардык күн төрөткө чейин жана 110 календардык күн төрөттөн кийин) берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)
57. Баланы багуу өргүүсүндө жүргөн мезгилде аялдын боюна кайрадан бүтүп калган учурда эмгекке жарамсыздык баракча жалпы негизде берилет.
58. Курагы 3 айга чейинки баланы асырап алганда эмгекке жарамсыздык баракчасы асырап алган күндөн баштап жана бала төрөлгөн күндөн тартып 70 календардык күнгө чейин берилет, эки же андан көп баланы чогуусу менен бир учурда асырап алганда - 110 календардык күнгө чейин.
59. Медициналык жана социалдык себептерге байланыштуу боюнан алдыруу операциясында эмгекке жарамсыздык баракчасы ооруларда жана травмаларда эмгекке жарамсыздык баракчаны берүүдө каралган тартипте берилет.
60. Боюнан алдыруу боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасын аборт жасаган дарыгер медициналык уюмдун жетекчисинин бекитүүсү менен, аялдын ден соолугуна жараша аныкталчу мөөнөткө берет.
60.1 Эмбрионду жайгаштыруу” боюнча операция жасоодо эмгекке жарамсыздык баракчасы операция жасаган дарыгер тарабынан ооруканага жаткырылган учурдан тартып кош бойлуулук фактысы аныкталганга чейинки мезгилге берилет, андан кийин эмгекке жарамсыздык баракчасы жалпы негизде берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Үй-бүлөнүн оорулуу мүчөсүн, оорулуу баланы жана
бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген
адамды бакканда эмгекке жарамсыздык баракчаны берүү тартиби
61. Бейтапты кароо боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасын дарылаган дарыгер оорулууну баккан (караган) үй-бүлө мүчөсүнүн өзүнө берет. Эмгекке жарамсыздык баракчасы үй-бүлөнүн амбулаториялык-бейтапканалык шартта дарылоо алган жашы жеткен мүчөсүн же 14 жаштан улуу өспүрүмдү кароо үчүн 3 күндүк мөөнөткө чейин берилет, кеңейтилген врачтык-консультациялык комиссиянын чечими боюнча - жалпысынан 7 күндөн ашырбастан берилет.
62. 7 жашка чейинки баланы амбулаториялык дарылаганда - оорунун катуу кармаган мезгилинде же өнөкөт оорусу катуу кармаганда ремиссия болгонго чейин; 7 жаштан улуу бала болсо - 14 күнгө чейин, эгерде медициналык корутунду боюнча көбүрөөк мөөнөт талап кылынбаса.
63. 7 жашка чейинки баланы стационардык дарылаганда - дарыланган бүт убактысына, 7 жаштан улуу балдарды - кеңейтилген врачтык-консультациялык комиссиянын багуу зарылдыгы жөнүндө корутундусунан кийин.
64. Иммунитеттин жетишсиздик вирусу жуккан, кандын оор ооруларына чалдыккан, залалдуу шишиги бар, күйүк болгон 14 жашка чейинки балдарды бакканда - стационарда жаткан бүт убактысына.
65. 3 жашка чейинки баланы же мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки баланы багуу өргүүсүндө жүргөн адам (атасы, чоң энеси, чоң атасы, камкорчу же башка адам) ооруп калганда эмгекке жарамсыздык баракчасын баланы иш жүзүндө баккан адам дарыланып жүргөн дарылоо-алдын алуу уюму баланы багып жаткан адамга ал карап-баккан бүткүл убакытка берет.
Баланы иш жүзүндө баккан адам амбулаториялык жана стационарда дарыланганда бала багуу боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасы баланы баккан адамды келтирбестен узартылышы мүмкүн.
66. Бир же бир нече баласы бир убакта ооруп калса, аларды багууга бир эмгекке жарамсыздык баракчасы берилет.
67. Эки баласы эки башка мезгилде ооруп калган учурда башка баласын багуу боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасы биринчи документти жапкандан кийин биринчи эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча жумуштан бошотулган күндөрүн санабастан берилет.
68. Баланы багуу боюнча эмгекке жарамсыздык баракчалары аймактык Мамсанэпидкөзөмөл борборунун токтому менен мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде карантин киргизилген мезгилге берилет.
69. Ооруп калган үй-бүлө мүчөсүн, дени сак кичинекей баланы жана бала кезден мүмкүнчүлүгү чектелген адамды багуу боюнча эмгекке жарамсыздык баракча төмөнкү учурларда берилбейт:
а) ремиссия мезгилиндеги өнөкөт бейтаптарды караганда;
б) акы төлөнүүчү негизги жана кошумча өргүү жана эмгек акысы сакталбаган өргүү мезгилдеринде;
в) кош бойлуулугу жана төрөт боюнча өргүү мезгилинде;
г) баланы багуу боюнча өргүү мезгилинде.
7. Санаторийлик-курорттук дарылануу жана медициналык реабилитация мезгилде эмгекке
жарамсыздык баракчасын берүү тартиби
70. 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген баланы санаторийге санаторийде-курортто дарыланууга жибергенде, аны жеке багуу зарылдыгы жөнүндө медициналык корутунду болсо, эмгекке жарамсыздык баракчасы ата-энесинин бирөөсүнө (камкорчуга) баланын санаторийлик-курорттук дарылануу мезгилине, барып-келүү убактысын эске алып берилет.
71. Кургак учуктун санаторийде дарыланганда эмгекке жарамсыздык баракчасын санаторийдин дарылаган дарыгери берет.
Кургак учук санаторийинде эмгекке жарамсыздык баракчасын алгандар санаторийге жолдомосун жана администрациянын негизги жана кошумча өргүүлөрдүн узактыгы жөнүндө маалымкатын көрсөтөт.
72. Бейтаптарды катуу кармаган миокард инфаркттан кийин, аортокоронардык шунтирлөө, жүрөк аневризми боюнча операциялык кийлигишүүдөн кийин дарылоо уюмунан Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илим-изилдөө институтуна реабилитациялык дарыланууга жибергенде эмгекке жарамсыздык баракчасын санаторийдин дарылаган дарыгери дарыланып бүткөн мезгилге чейин узартып берет. Оорукана уюмдарынан бейтаптарды түз эле реабилитациялоо борборлоруна жибергенде эмгекке жарамсыздык баракчасын борбордун дарылаган дарыгери реабилитация жана дарылануу убактысына узартып берет.
8. Карантинде эмгекке жарамсыздык баракчаны берүү тартиби
73. Инфекциялык бейтаптар менен контактта болгон же бактерия алып жүрүүчү адамды жумуштан убактылуу четтеткенде эмгекке жарамсыздык баракчасын дарылоо уюмунун дарыгер-инфекционисти же дарыгер-эпидемиологдун көрсөтмөсү боюнча дарылаган дарыгер берет. Карантиндин узактыгы изоляциянын бекитилген мөөнөтү менен 5 күнгө чейин аныкталат.
74. Жарандар социалдык коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын Ден соолугунун мүмкүндүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялоо борборунда болгон учурда эмгекке жарамсыздык баракчасы стационарда болгон бүткүл мезгилге жана дарылоочу жерге барган-келген убактысына берилет.
9. Дарыгерлердин жоопкерчилиги жана
алардын аракеттерине даттануу
75. Эмгекке жарамсыздык баракчасын негизсиз жана туура эмес берген дарыгерлер жана аны тастыктаган жетекчи Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Эмгекке жарамдуулуктун экспертизасы боюнча ишти уюштурууга, эмгекке жарамсыздык баракчасын берүүгө, сактоого жана эсепке алууга жоопкерчилик дарылоо-алдын алуучу уюмдун жетекчисине жүктөлөт.
76. Эмгекке жарамсыздык баракчасын берүү боюнча дарыгерлердин аракеттерине жарандардын даттанууларын медициналык уюмдун жетекчиси же врачтык-консультациялык комиссия (эгер бар болсо) чечип берет, алардын чечимине макул болбосо жарандар жогору турган инстанцияларга же сотко кайрылышса болот.
10. Эмгекке жөндөмдүүлүгүн убактылуу жоготуу
менен ооруларга чалдыгуу көрсөткүчтөрүн талдоо
77. Эмгекке жөндөмдүүлүгүн убактылуу жоготуу менен ооруларга чалдыгуу көрсөткүчтөрүн талдоо № 16-ВН формадагы статистикалык отчеттордун негизинде жүргүзүлөт.
Эмгекке жөндөмдүүлүгүн убактылуу жоготуу менен ооруларга чалдыгуу көрсөткүчтөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) 10000 адамдын ичинен эмгекке жөндөмдүүлүгүн убактылуу жоготуу болгон учурлар;
2) 10000 адамдын эмгекке жөндөмдүүлүгүн убактылуу жоготкон күндөрдүн саны;
3) эмгекке жөндөмдүүлүгүн убактылуу жоготуунун бир учурунун орточо узактыгы;
4) кош бойлуулук жана төрөттөр, анын ичинде бир баладан ашык бойго бүткөн кош бойлуулук боюнча учурлардын саны;
5) кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү күндөрүнүн саны.
11. Бейтаптарды медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан өтүүгө тариздөө тартиби
78. Эмгекке жөндөмдүүлүктүн туруктуу бузулушу (майыптыгы) болуп оору, жаракат же анатомиялык дефект менен шартталган функциялык жана органикалык бузулуштар туруктуу жана өзгөрүлбөс мүнөздөгү абалды айтат жана ал негизги кесиби боюнча ишти улантууга узак мөөнөткө же туруктуу түрдө (толук же толук эмес) тоскоолдук кылат. Туруктуу эмгекке жарамсыздык фактыны аныктоодо дарылоо уюмунун жана медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын дарыгерлери жана медициналык-социалдык экспертиза борбору катышат. Мында адегенде майыптыктын белгилерин аныкташат, андан соң аны мыйзамдуу тастыкташат.
79. Майыптыктын тобун аныктоо медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын негизги аткаруучу ишинин бири. Ал оорунун мүнөзүн жана иштей алуу мүмкүндүгүн аныктоочу медициналык жана социалдык факторлорду эске алып чечилет.
Бейтаптарды медициналык-социалдык эксперттик комиссияга жиберүү тартиби:
1) Дарылаган дарыгер бейтапка кылдат клиникалык, лабораториялык, аспаптык, рентгендик текшерүүлөрүн жасайт, керектүү адистер, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жетекчиси же бөлүм башчылардын консультацияларын алат, эмгектин шарттарын, мүнөзүн, жана оордугун, кесиптик зыяндардын бар экенин аныктайт, бейтап жумушту кантип аткарып жатканын тактайт, N 088 форманы толтурат.
2) Врачтык-консультациялык комиссия патологиялык процесстин кесепеттеринен болгон функциялык бузулуштар жөнүндө маалыматты бейтаптын эмгек шарттары менен салыштырып, эмгекке жөндөмдүүлүгүн аныктайт, бул бүтүм амбулаториялык картага жазылат.
3) Кеңейтилген врачтык-консультациялык комиссия көрсөтмөлөр болсо медициналык-социалдык эксперттик комиссияга жиберүү жөнүндө тиешелүү чечим чыгарат, ал амбулаториялык же стационардык бейтаптын медициналык картасында жана N 088 формаларды каттоо журналында катталат, N 088 форманын, эмгекке жарамсыздык баракчанын туура толтурулушун контролдойт, N 088 формага кол коет.
80. Медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан өтүш үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
- паспорт же ИИМ берген, паспортту алмаштыруучу маалымкат;
- 18 жашка чейинки балдардын туулгандык тууралуу күбөлүгү;
- иштегендер үчүн - эмгекке жарамсыздык баракчасы;
- Республикалык борбордук аскердик-дарыгерлик комиссиянын токтому, аскер кызматчылар үчүн - оорусу жөнүндө күбөлүк;
- ЧАЭСтеги авариянын кесепетин жоюучулар үчүн - ликвидатордун же радиациялуу зонада жашаган адамдын күбөлүгү, документтин сериясын, номерин, берилген күнүн жана берген уюмду көрсөтүү менен, ведомстволор аралык эксперттик кеңештин күнү жана диагноз көрсөтүлгөн корутундулары, профпатология бөлүмүнөн алынган көчүрмөлөр;
- оорунун себеби өндүрүштөгү травмага же кесиптик ооруга байланыштуу экенин аныктоо үчүн иш берүүчүнүн жолдомосу, же соттун актысы, өндүрүштөгү кырсык жөнүндө акт, санитардык-эпидемиологиялык станциянын кесиптик оору (уулануу) болгон учурду текшерген актысы.
81. N 088 форма боюнча МСЭКке жолдомо - медициналык-социалдык эксперттик комиссияга жибергенде негизги документ болот, аны медициналык-социалдык эксперттик комиссияга күбөлөндүрүүгө алгачкы жана кайталап жиберген бардык учурларда дарылаган дарыгер толтурат.
№ 088 форма боюнча МСЭКке жолдомо кагаз же электрондук формада түзүлөт. МСЭКке жолдомонун электрондук формасы жана аны толтуруу боюнча нускама саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы N 579 токтомунун редакциясына ылайык)
89. МСЭКке жолдомонун "Бул оорунун баяны" бөлүмүндө оорунун жүрүшүнө, жүргүзүлгөн дарылоого кыскача мүнөздөмө берилет, бейтаптын абалындагы өзгөрүүлөрдүн динамикасы, медициналык-социалдык эксперттик комиссияга жиберүүнүн негиздемеси келтирилет. Медициналык-социалдык эксперттик комиссияга кайталап жибергенде мурдагы күбөлөндүрүүдөн берки мезгилдеги оорунун динамикасы чагылдырылат. МСЭКке жолдомонун 11-пунктунда берилген эмгекке жарамсыздык баракчалардын саны, алардын башталышы, аякташы жана эмгекке жарамсыздыктын себеби көрсөтүлөт. МСЭКке жолдомонун 13-пунктунда организмдин эң эле жабыркаган органдарынын жана системаларынын функциялык абалы жөнүндө маалымат көрсөтүлөт. Бул жерге консультанттардын корутундулары да жазылат. Терапевттин, невропатологдун, хирургдун, окулисттин жана гинекологдун (аялдар үчүн) корутундулары болушу милдеттүү.
83. Медициналык-социалдык эксперттик комиссияга жибергендеги диагноз "Ден соолукка байланыштуу проблемалардын жана оорулардын эл аралык статистикалык классификациясына" (10-кайра каралышы) - МКБ-10 ылайык жазылышы керек. Толук клиникалык диагноз өзүнө нозологиялык формалардын аныктамасын, функциялык бузулуштардын мүнөзүн жана даражасын, оорунун стадияларын, жүрүшүн жана кармаган убакыттарынын жыштыгын, узактыгын жана оордугун көрсөткөн маалыматты камтышы керек. Негизги диагноздон тышкары бардык коштолгон оорулар да чагылдырылат.
84. Медициналык-социалдык эксперттик комиссияга жибергенде эмгекке жарамсыздык баракчасы медициналык-социалдык эксперттик комиссияга жиберген күнгө чейин узартылат. Бейтап медициналык-социалдык эксперттик комиссияга ачылган эмгекке жарамсыздык баракча менен жиберилет. Майыптык тобун аныктоо, убактылуу эмгекке жарамсыздыкты узартуу жана бейтапты эмгекке жарамдуу деп табуу жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу күбөлөндүрүү датасын коюу менен эмгекке жарамсыздык баракчада жазылат, төрагасы кол коет жана медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын мөөрү басылат.
85. Жаранды эмгекке жарамдуу деп тапканда эмгекке жарамсыздык баракчасы медициналык-социалдык эксперттик комиссияда күбөлөндүргөн күн менен жабылат.
86. Майыптык тобу аныкталганда эмгекке жарамсыздык баракчасы медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыкты аныктаган күнү менен жабылат. Мындай учурда дарылаган дарыгер "Жумушка киришүү" графасын төмөнкү фраза менен толтурат: "_____ күндөн тартып _____ топтогу майып болуп табылды". Медициналык-социалдык эксперттик комиссия дарылоону улантууга уруксат бергенде, эмгекке жарамсыздык баракчасы сакайганга чейин, бирок 4 айдан ашык эмес узартылат. Реконструкциялык операциялар, травмалар, же кабылдоолор болуп, жарандын эмгекке убактылуу жарамсыздыгы уланган учурда (жалпы эсеп менен эмгекке жарамсыздыкта 8 ай жүргөндөн кийин) бейтап кайтадан медициналык-социалдык эксперттик комиссияга тиешелүү бардык медициналык документтерди толтуруу менен жиберилиши керек.
87. Майыптык аныкталган күндөн тартып майыптык боюнча пенсия чектөө башталат. Медициналык-социалдык эксперттик комиссия бейтапты дарылоо уюмуна кошумча текшерилүүгө кайта жибергенге укугу бар, мындай учурда кошумча текшерүү мезгилинде эмгекке жарамсыздык баракчасы узартылыш керек.
88. Бейтап медициналык-социалдык эксперттик комиссияга өз убагында келбей калса эмгекке жарамсыздык баракчасы дайындалган күбөлөндүрүү күнү менен жабылат да, "Режимди бузгандыгын белгилөө" графасында: "МСЭКке _____ күндөн ________ күнгө чейин келген жок" деген жазуу жазылат. Мындай учурда санкциялуу кошумча дарылоо болгондо да режим бузган күндөрү узартылып жаткан эмгекке жарамсыздык баракчасына киргизилбейт.
89. Бейтап МСЭКке баруудан баш тартканы эмгекке жарамсыздык баракчаны узартууга негиз болбойт. Медициналык-социалдык эксперттик комиссия бейтапты катталган же туруктуу жашаган жеринде, аймактык ички иштер органдарында же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарда милдеттүү түрдө каттоо менен күбөлөндүрөт.
90. Күбөлөндүрүүгө башка максатта жиберген учурда (социалдык төлөмдөрдү жана компенсацияларды чектөө, социалдык стационардык мекемелерге жайгаштыруу) медициналык-социалдык эксперттик комиссияга жиберүүнүн себеби жана максаты так көрсөтүлүп, N 088/у форманы толтуруу зарыл.
12. Дарылоочу-алдын алуучу уюмдагы врачтык-консультациялык комиссия жана
кеңейтилген врачтык-консультациялык комиссия КВКК) жөнүндө жобо.
Врачтык-консультациялык комиссиянын жана кеңейтилген врачтык-консультациялык
комиссиянын ишинин уюштурулушу жана функциялары
91. Убактылуу эмгекке жарамсыздыкты экспертизалоонун деңгээлдери:
биринчи - дарылоочу врач;
экинчи - врачтык-консультациялык комиссия (мындан ары - ВКК): дарылаган врач, үй-бүлөлүк врачтар тобунун жетекчилери, бөлүмдүн башчылары;
үчүнчү - кеңейтилген врачтык-консультациялык комиссия (мындан ары - КВКК): дарылаган врач, үй-бүлөлүк врачтар тобунун жетекчилери, бөлүмдүн башчылары, директордун (башкы врачтын) дарылоо иши боюнча орун басары кеңейтилген врачтык-консультациялык комиссиянын төрагасы катары.
92. Дарылаган врач эмгекке жарамсыздык баракчасын өзү 1 күндөн 10 күнгө чейин берүүгө жана узартууга укуктуу, мында ал ар бир жолу 5тен ашпаган күнгө узартылат (катуу ооруларда: "Катуу кармаган респиратордук вирустук инфекцияда", "Катуу кармаган ичеги-карын инфекциясында" ж.б. оорулуунун абалын контролдоо үчүн 3 календарлык күнгө берилет жана узартылат).
93. Лабораториялык изилдөө жана дарылоочу процедуралар убагында эмгекке жарамсыздык барактарын берүүнү дарылаган врач чечет.
94. ВКК эмгекке жарамсыздык баракчасын эмгекке жарамсыздык абал пайда болгондон тартып 10дон ашпаган күнгө узартат, мында эмгекке жарамсыздык баракчасы ар бир жолу 5тен ашпаган күнгө узартылат.
Мында ВКК же медициналык уюмдун жетекчиси узартууга оорулууну карагандан кийин гана уруксат берет жана эмгекке жарамсыздык баракчасын 30 күнгө чейин узартышат. ВККнын протоколу амбулаториялык картага жана врачтык-консультациялык комиссиянын журналына (форма 036у) жазылат.
95. КВКК штатында 15тен кем эмес дарыгер бар, бейтаптарды амбулаториялык кабыл алуучу медициналык уюмдарда (үй-бүлөлүк медицина борбору, жалпы дарылоочу иш жүргүзгөн борбор, стационар, улуттук борборлор ж.б.) уюштурулат. Директордун орун басары жок болгон дарылоо-алдын алуучу уюмдарда кеңейтилген врачтык-консультациялык комиссиянын төрагасынын милдетин үй-бүлөлүк медицина борборунун директору (башкы врачы) же директору дайындаган тажрыйбалуу врач аткарат. Оорулууларды КВККга үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жетекчиси (бөлүм башчы) дарылоочу врач жиберет.
96. КВКК жумушка жарамсыздык барагын 30 күндөн ашык узартат. Өзгөчө учурларда (мисалы: эмгекке жарамсыздык кийинки 30 күндүн ичинде калыбына келбестиги белгилүү болсо жана оорулууну медициналык-социалдык экспертиза борборуна жиберүү жөнүндө корутунду чыгарылганда) КВККнын төрагасынын уруксаты менен эмгекке жарамсыздык баракчасы 30 күнгө узартылат. Оорулуунун медициналык картасына тиешелүү жазуу жазылат: эмгекке жарамсыздык баракчасын ВКК аркылуу 30 күнгө узартууга уруксат берилет. ВКК эмгекке жарамсыздык баракчасын 10 күн сайын узартып турат.
97. Стационардык дарыланууда убактылуу эмгекке жарамсыздык барагы оорулуунун стационарда болгон бардык убактысына берилет. Баракчаны берүү укугу бөлүм башчы менен бирге дарылоочу врачка берилет. Контролду башкы врачтын же директордун дарылоо иштери боюнча орун басары тарабынан жүргүзөт.
98. КВКК клиникалык-эксперттик маселени оорулууну карагандан жана бардык медициналык, эксперттик документтери менен таанышкандан кийин чечет. КВККнын протоколу оорулуунун медициналык картасына жана ВККнын журналына (форма 035у) киргизилет.
99. ВККнын жана КВККнын жана негизги милдети оорулууларды медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана ошол медициналык уюмда ишке жарамдуулукту экспертизалоо болот.
100. КВККнын фунциялары:
1) консультациялык иш: татаал диагностикалык жана эксперттик жагдайдагы оорулууларды жана эмгектик прогнозу ачык эмес же күмөн адамдарды кароо. Бул иш эмгекке жөндөмдүүлүгүн туруктуу жоготулган оорулууларды өз убагында аныктоого багытталат.
2) Эмгекке жарамсыздык боюнча экспертизанын татаал жана карама-каршылыктуу маселелерин чечет, жүргүзүлгөн текшерүүнүн, коюлган диагноздун, белгиленген дарылоонун тууралыгын, эмгекке жарамсыздык баракты берүүнүн, узартуунун же жабуунун негиздүүлүгүн текшерет, оорулууларды ишке туура орноштуруу боюнча сунуштарды берет, эмгекке жарамсыздык барагын колдонуудагы мыйзамда белгиленген убакыттын чегинде узартат.
3) Зарыл учурда оорулууларды адистештирилген дарылоо уюмдарына консультацияга жана дарыланууга жиберет.
4) Протездөө үчүн эмгекке жарамсыздык барагына берүү; оорулууларды атайын дарылануу үчүн башка шаарга жиберүүдө, ошондой эле жогорку окуу жайлардын студенттеринин, колледждердин, кесиптик-техникалык окуу жайлардын жана лицейлердин, мектептердин окуучуларынын саламаттыгына байланыштуу академиялык отпуска берүү же башка факультетке которуу зарылдыгы жөнүндө маселелерди чечүү.
5) Үй-бүлөнүн оорулуу мүчөсүн багуу боюнча эмгекке жарамсыздык барагын берүүгө уруксат берүү.
6) Убактылуу жумушка жараксыз учурда ошол эле ишканада же мекемеде башка жумушка 1 айдан ашык эмес убакытка которуу (которулуу зарылдыгын, сунуш кылынган жумуштун мүнөзүн жана ал жумушта болуунун мөөнөтүн аныктоо).
7) Жоголгон эмгекке жарамсыздык тууралуу барактын ордуна дубликат кеңейтилген врачтык-консультациялык комиссияда берилет; дубликаттын берилиши оорулуунун медициналык картасына жазылат.
101. КВКК медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын күбөлөндүрүүсүнө бейтаптардын төмөнкүдөй контингентин жиберет:
1) убактылуу эмгекке жарамсыздарды, "толуктап дарыланууга" корутунду алуу үчүн;
2) эмгекке жарамсыздыгын туруктуу жоготкондорду - майыптыгынын группасын жана себебин аныктоо үчүн;
3) жумушуна байланыштуу майып болгон жана саламаттыгына башка зыян келген оорулууларды жана ден соолугунун мүмкүндүгү чектелген адамдарды, - иштөөгө жарамдуулугунун жалпы жана кесиптик жоготулуу процентин аныктоо үчүн. Мындай оорууларды эмгекке жарамсыз болгонунан кийин канча убакыт өткөнүнө карабастан, бирок эмгекке жарамсыздыгы башталган күндөн тартып 4 айдан кеч эмес, же аталган дарт боюнча акыркы 12 ай ичиндеги эмгекке жарамсыздыкты жалпысынан алганда 5 айдан кеч эмес;
4) бала кезинен баштап ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды - майыптык мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кайрадан күбөлөндүрүү үчүн, же эгерде анын саламаттыгы начарлап кетсе, мөөнөтүнөн мурда кайрадан күбөлөндүрүү үчүн;
5) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык төлөм жана компенсация чектөө укугуна медициналык көрсөткүчтөрүн аныктоо үчүн, социалдык стационардык мекемелерге чектөө үчүн;
6) медициналык-социалдык эксперттик комиссияга жиберүү арсар болгон татаал эксперттик учурларда кеңейтилген ВКК № 88 форманы толтурбай туруп оорулууну медициналык-социалдык эксперттик комиссияга консультация үчүн жиберет.
102. КВКК оорулууну текшерүүнүн толуктугу жана сапаты, медициналык-социалдык эксперттик комиссияга өз убагында жиберилиши жана "МСЭКке жолдомо" (форма № 88) туура толтурулушу үчүн жооп берет.
103. Дарылоо уюмдардын директорунун же башкы врачтарынын дарылоо иши боюнча орун басары КВККнын төрагасы катары убактылуу эмгекке жарамсыздык экспертизасынын маселелери боюнча врачтардын классификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштурат, дарылоочу-алдын алуучу уюмдун врачтарын эмгекке жарамсыздыкты экспертизалоо жана эмгекке жарамсыздык барактарын (справкаларды) берүү маселелери боюнча колдонуудагы жоболор, нускамалар, приказдар жана буйруктар менен өз убагында тааныштырууну камсыздайт.
104. Врачтардын эмгекке жарамсыздык баракчаны берүү жана тариздөө боюнча иштерине карата жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын дарылоочу-алдын алуучу уюмдун директору, башкы врачы, ал эми КВКК бар болсо - ошол комиссия карап чечет.
105. Эгер КВКК Эмгекке жарамсыздык экспертизасынын татаал жана талаш жараткан маселелерин чече албаса, дарылоочу-алдын алуучу уюмдун директору же башкы врачы бул маселелерди кайра карап чыгуу үчүн атайын комиссия түзөт. Алардын чечимдери менен макул болбосо жаран сотко же жогорку инстанцияларга кайрылууга укуктуу.
Тиркеме
№ _____________
ЭМГЕККЕ ЖАРАМСЫЗДЫК БАРАКЧАНЫН ДҮМҮРЧӨГҮ
Алгачкы Баракчаны узартуу Серия № берилген күнү 20__ж. "___" _______ Фамилиясы _____________ Аты ______________ Атасынын аты _______________ Жеке код (камсыздандыруу полистин №) _________ Эркек/Аял ______________ Жумуш оруну ___________________ Кызматы _______________________________ Диагноз _____________________________________________________ МКБ шифри Эмгекке жарамсыздык баракчаны берген дарыгер __________________________ _______________________________________________________________________
(аты-жөнү, инициалы, кол тамгасы)
-----------------------------------------------------------------------
ЭМГЕККЕ ЖАРАМСЫЗДЫК БАРАКЧАСЫ
АЛГАЧКЫ - БАРАКЧАНЫН УЛАНДЫСЫ № ___ Серия № ____
(керектүүсү асты сызылат)
┌──────────────┐
______________________________________________________ │ Дарылоочу │
(дарылоочу уюмдун аталышы жана дареги) │ уюмдун мөөрү │
Берилген күнү 20__-ж. ________________________________ └──────────────┘
__________________________________________ Курагы ____ ┌──────┬───────┐
(эмгекке жарамсыз адамдын аты-жөнү) │ Эрк. │ Аял. │
Иштеген жери _________________________________________ ├──────┴───────┤
(уюмдун аталышы) │(асты сызылат)│
└──────────────┘
───────────────────────────────────────────────────────────────────────
Эмгекке жарамсыздыктын себебин көрсөтүү керек - оору, травма, кесиптик оорусу же анын күчөшү, өндүрүштөгү кырсык (анын кесепети), ооруп калган үй-бүлө мүчөсүн кароо (оорулардын тизмесине киргизилген оору болгон учурда), карантин, поствакциналык кабылдоолор, санаторийде дарылануу, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү: ________________________________ _______________________________________________________________________ (кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө төрөттүн болжолдуу күнүн көрсөтүш керек, ооруган үй-бүлө мүчөсүн бакканда - бейтаптын аты-жөнүн, курагын, санаторийде дарыланганда - путевканын башталыш күнүн жана аяктаган күнүн, анын номерин, санаторийдин жайгашкан жерин)
┌───────────────────────────────────────┐
РЕЖИМ: │МСЭКке жиберилди 20__-ж. ______________│
│ВВК төрагасынын колу __________________│
──────────────────────────────┼───────────────────────────────────────┤
Режимди бузгандыгы тууралу │МСЭКке документтерди каттоо 20__-ж. ___│
белгилер │ │
│МСЭК күбөлөндүргөн 20__-ж. ____________│
Дарыгердин колу ______________│МСЭК корутундусу ______________________│
──────────────────────────────┤_______________________________________│
20__-ж. ________ 20__-ж. чейин│ (эмгекке жарамдуулук чектелишинин │
стационарда жатты │_______________________________________│
──────────────────────────────┤ даражасы) │
Эмгекке жарамсыздык баракчаны │ ┌──────┤
туруктуу жашаган жеринен │ │ М.О. │
сырткары жүргөн жарандарга │МСЭК жетекчисинин └──────┤
берүүгө (узартууга) уруксат │колу __________________________________│
┌────┐│ │
20__-ж. ________ 20__-ж.│М.П.││ │
└────┘│ │
Дарылоочу уюмдун жетекчисинин │ │
колу _________________________│ │
──────────────────────────────┴───────────────────────────────────────┘
ЖУМШТАН БОШОТУУ
┌──────────────┬──────────────┬─────────────────────────┬─────────────┐
│ Кайсы күндөн │ Кайсы күнгө │ Дарыгерднн адистиги жана│ Дарыгердин │
│ │ чейин (кошуп)│ аты-жөнү │ колу │
├──────────────┼──────────────┼─────────────────────────┼─────────────┤
│______________│______________│ │ │
│ (айы, күнү) │(айы, күнү сөз│ │ │
│ │менен жазылат)│ │ │
├──────────────┼──────────────┼─────────────────────────┼─────────────┤
│______________│______________│ │ │
│ (айы, күнү) │(айы, күнү сөз│ │ │
│ │менен жазылат)│ │ │
├──────────────┼──────────────┼─────────────────────────┼─────────────┤
│______________│______________│ │ │
│ (айы, күнү) │(айы, күнү сөз│ │ │
│ │менен жазылат)│ │ │
├──────────────┼──────────────┼─────────────────────────┼─────────────┤
│______________│______________│ │ │
│ (айы, күнү) │(айы, күнү сөз│ │ │
│ │менен жазылат)│ │ │
└──────────────┴──────────────┴─────────────────────────┴─────────────┘
ЖУМУШКА ЧЫКСЫН
_______________________________ ______________________________
(айы, күнү сөз менен жазылат) (адистиги, аты-жөнү)
Жаңы баракча берилди (уландысы № _________________________________
_______________________________
(дарыгердин колу)
__________________________________________________________________
(уюмдун аталышы)
Бөлүк _______________________ Кызматы (кесиби) __________________
20__-ж. "____" _________ 20__-ж. "___" _________ чейин иштеген жок
Эмгекке жарамсыз болгон мезгилдеги дем алыш күндөрү ____ (күндөрү)
Жумушка чыкты 20__-ж "____" _____________________________________.
Жалпы иш стаждын узактыгы __________ жыл ________ ай _________ күн
Эмгекке жарамдуулугун чектеген майыптык тобу бар - ооба, жок (тийиштүүсү асты сызылат)
Уюмдун жооптуу адамынын колу _____________________________________
Күнү _____________________________________________________________
───────────────────────────────────────────────────────────────────────
ЖӨЛӨКПУЛ ДАЙЫНДОО
Аты-жөнү _________________________________________________________
жөлөкпул дайындалды:
Убактылуу эмгекке жарамсыздык │Кош бойлуулук жана төрөт боюнча
боюнча төмөнкү өлчөмдө │төмөнкү өлчөмдө
____________% _____ жумуш күн үчүн│100% ________________ жумуш күн үчүн
чектелүүсү _____________ жумуш күн│чектелүүсү _______________ жумуш күн
20__-ж. "___" __________ тартып жөлөкпул азайтылды/жөлөкпул берилбейт (тийиштүүсү асты сызылат)
Себеби: __________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Н-1 формадагы акты "___" _____________ 20__-ж.
Өзгөчө белгилер __________________________________________________
ЭМГЕК АКЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
┌────────┬───────────────┬───────────────┬───────────────┬────────────┐
│ Айлар │ Эсептеген │ Иш жүзүндөгү │Иш стажынан __%│Бир күндүк │
│ │мезгилде эсепке│ эмгек акынын │ эмгек акы │орточо эмгек│
│ │ алынган иш │ суммасы (сом,│ суммасы (сом,│ акы (сом, │
│ │ күндөрдүн саны│ тыйын) │ тыйын) │ тыйын) │
├────────┼───────────────┼───────────────┼───────────────┼────────────┤
├────────┼───────────────┼───────────────┼───────────────┼────────────┤
├────────┼───────────────┼───────────────┼───────────────┼────────────┤
├────────┼───────────────┼───────────────┼───────────────┼────────────┤
│Бардыгы │ │ │ │ │
└────────┴───────────────┴───────────────┴───────────────┴────────────┘
ЖӨЛӨКПУЛ БЕРИЛЕТ
┌──────────────────┬──────────────┬─────────────┬──────────────┬──────┐
│Каржылоо булактары│Кайсы мезгилге│Төлөнө турган│Күндөгү орточо│Төлө- │
│ │ (кайсы күндөн│ иш күндөрдүн│ эмгек акы │нүүчү │
│ │ кайсы күнгө│ саны │ (сом, тыйын) │сумма │
│ │ чейин) │ │ │(сом, │
│ │ │ │ │тыйын)│
├──────────────────┼──────────────┼─────────────┼──────────────┼──────┤
│Эмгек акы төлөө │ │ │ │ │
│фондунан (иш │ │ │ │ │
│берүүчүнүн │ │ │ │ │
│каражатынын │ │ │ │ │
│эсебинен) │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────────┼─────────────┼──────────────┼──────┤
│Республикалык │ │ │ │ │
│бюджеттин │ │ │ │ │
│каражатынан │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────────┼─────────────┼──────────────┼──────┤
│Бардыгы │ │ │ │ │
└──────────────────┴──────────────┴─────────────┴──────────────┴──────┘
Натыйжада (бериле турган сумма) __________________________________ _______________________________
(жөлөкпулдун суммасы сөз менен жазылат)
Жөлөкпулдун суммасы ________ айынын төлөм ведомостуна киргизилген
Башкы (улук) бухгалтердин колу ___________________________________
Күнү __________________________________________________________