Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-февралы № 157
Социалдык кызматкер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Социалдык кызматкерлердин статусун жогорулатуу жана жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү, ошондой эле туруктуу социалдык көзөмөлгө, алардын турак-жайларына социалдык кызматкерлер дайыма барып турушуна, зарыл социалдык жана материалдык-турмуш-тиричилик жардам көрсөтүүгө муктаж болгон жарандарга, үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык патронажды жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалдык кызматкер жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ө. Бабанов
|