Загрузка документа…
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 157 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкери жөнүндө ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкери жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) социалдык кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес, муниципалдык социалдык тейлөө мекемелеринде колдонулат.
2. Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
социалдык кызматтын клиенти - жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адам, ага ушуга байланыштуу социалдык кызматтар көрсөтүлөт;
социалдык жактан колдоо - жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык-экономикалык, укуктук жана башка мүнөздөгү социалдык кызматтардын комплекси;
социалдык тейлөө - социалдык колдоо, социалдык-укуктук кызмат көрсөтүү жана материалдык жардам берүү, жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган жарандарды социалдык адаптациялоо жана реабилитациялоо боюнча мамлекеттик стандарттарга ылайык социалдык кызматтардын иши;
социалдык кызмат көрсөтүү - социалдык кызматтын клиенттерине "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган жардамды көрсөтүшү боюнча аракеттер;
социалдык жумуш - адамдардын, адамдардын топторунун жашоо-тиричилигинин тиешелүү деңгээлин камсыз кылуу жана жашоо-тиричиликтин оор кырдаалынан арылуу үчүн алардын өз мүмкүнчүлүктөрүн активдештирүү үчүн аларга социалдык-медициналык, психологиялык-педагогикалык, социалдык-укуктук жактан жардам көрсөтүү максатында аларга мамлекеттик жана мамлекеттик эмес таасир көрсөтүүнүн түрү;
социалдык кызматкер - Кыргыз Республикасынын социалдык кызматынын алкагында жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адамдарга социалдык тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашырган кызматкер;
социалдык кызмат - менчигинин түрүнө карабастан социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн туруп калкты социалдык жактан тейлөө боюнча ишкердик менен алектенген жарандар;
жашоо-тиричиликтин оор кырдаалы - жарандын жашоо турмушун объективдүү түрдө бузган, андан өз алдынча чыгууга мүмкүн болбогон кырдаал (майыптык, жашы улгайганына байланыштуу өзүн өзү тейлөөгө жарамсыздык, жетимдик, кароосуз калгандык, жумушсуздук, белгилүү бир жашаган жеринин жоктугу, чыр-чатактар жана үй-бүлөдөгү катаал мамиле, жалгыздык жана башка ушул сыяктуулар).
3. Социалдык кызматкер төмөнкүлөргө социалдык жардам көрсөтөт:
- улгайган курактагы жарандарга;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга;
- социалдык тейлөө кызматына муктаж болгон жарандарга;
- жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга.
4. Социалдык жактан тейлөөнү түздөн-түз ишке ашыра турган, болбосо аны социалдык кызматтар тутумунда уюштуруучу адамдар андай иштердин уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан "социалдык иш" адистиги боюнча жогорку кесиптик же кесиптик орто билимге, социалдык кызматтардагы аткарган ишинин талаптарына жана мүнөзүнө ылайык келген медициналык, педагогикалык, психологиялык, социологиялык, юридикалык жана башка тармактагы билимге ээ болууга тийиш.
5. Өз ишинде социалдык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө", "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
6. Социалдык коргоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган социалдык кызматтын кызматкеринин социалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн стандарттарын аныктайт.
7. Социалдык коргоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган социалдык кызматкерлердин кесиптик квалификациянын жогорулатуу жана кайра даярдоо үчүн шарттарды түзөт.
8. Социалдык кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:
- жеке кадыр-баркы урматталышына, жетекчилер, кесиптештер жана клиенттер тарабынан өзүнө карата адилеттүү жана урматтуу мамилеге;
- иш берүүчүнүн эсебинен өзүнүн кесиптик квалификациясын жогорулатууга;
- эмгек акыны, өргүүнү, тиешелүү кепилдиктерди жана сыйлык акыларды, ошондой эле социалдык колдоо чараларын алууга;
- ден-соолук үчүн коопсуз эмгек шарттарына;
- өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоого, ошондой эле кызмат адамдарынын укукка жат аракеттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга;
- социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- өздөрүнүн ишине түздөн-түз тиешеси бар документтердин жана материалдардын көчүрмөлөрүн тиешелүү органдардан алууга.
9. Социалдык кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адамдарды табууга жана алардын эсебин жүргүзүүгө;
- социалдык кызматтын клиенттеринде оорчулуктардын, чыр-чатактуу кырдаалдардын келип чыгышынын себептерин белгилөөгө, аларды чечүүдө аларга көмөк көрсөтүүгө;
- социалдык иштин заманбап технологияларын (социалдык колдоо, адаптациялоо, реабилитациялоо, алдын алуу) колдонуп, социалдык кызматтын клиенттеринин күчтүү жактарына жана анын айланасындагы ресурстарды издөөгө басым жасап, клиенттердин көйгөйлөрүн чечүү боюнча алар менен тикелей иш жүргүзүүгө;
- социалдык кызматтын клиенттеринин муктаждыктарын эске алып, зарылчылык болгон учурда кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн башка уюмдарга кайра жөнөтүүгө;
- медициналык жана билим берүү мекемелерине жайгашууда, материалдык, социалдык-турмуш-тиричилик кызмат көрсөтүүлөрдү алууда көмөк көрсөтүүгө;
- алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө (тиешелүү даярдык бар болгондо): басымды, дененин температурасын өлчөө, компресстерди коюу;
- медициналык кызматкерлерди чакырууну уюштурууга, социалдык кызматтын клиенттерин дарылоо мекемелерине коштоп барууга, аларга барып турууга;
- тейленүүдөгү адамдар каза тапкан учурда расымдык кызмат көрсөтүүнү уюштурууга;
- өзүнүн практикалык ишинде кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого;
- социалдык кызматтын клиенттери менен байланыш түзүүгө жана ишеничтүү мамилени калыптандырууга, инсандар ортосундагы баарлашуунун (оозеки жана оозеки эмес) жөндөмдөрүнө ээ болууга;
- жетишилген натыйжаларды талдоо, баалоо жана ишти пландаштыруу жөндөмдөрүнө ээ болууга;
- жумушчу жазууларды жүргүзүү жөндөмдөрүнө ээ болууга (иштер боюнча айкын жана так жазууларды жүргүзүү, уюмда белгиленген талаптарга ылайык келген отчетторду жана каттарды жазуу);
- социалдык кызматтардын клиенттерин билүүгө, урматтоого, алардын укуктарын коргоого жана таламдарына көмөктөшүүгө;
- социалдык кызматтын клиенттери менен ишенимдүү мамиле түзүүгө, сактоого жана купуялыкты сактоого;
- социалдык кызматтын клиенттерине өз алдынча аныктоону жана көз карандысыздыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө;
- социалдык кызматтын клиенттерин мүмкүнчүлүккө жараша коркунучтан коргоого жана социалдык кызматкердин жүрүш-турушу жана иште колдонулган ыкмалар клиенттердин абалына зыян келтирбей тургандыгына ишеничте болууга;
- социалдык кызматтын клиенттеринин маданий, этностук, курактык, гендердик өзгөчөлүктөрүн эске алууга;
- социалдык кызматтарга коомдук ишенимди колдоого;
- теорияны практикада колдоно билүүгө (социалдык кызматтын клиентинин көйгөйлөрүн чечүү үчүн социалдык иштин тиешелүү технологиясын тандоо жана колдонуу);
- өзүнүн кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга;
- жасалган иш жөнүндө ай сайын отчетту социалдык кызматтын жетекчисине отчет берүүгө.
10. Социалдык кызматкер төмөнкүдөй билимдерге ээ болууга тийиш:
- Кыргыз Республикасындагы социалдык саясаттын негизги принциптери, мамлекеттик социалдык программалар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык саясат жагындагы багыттар жөнүндө;
- кесиптик иш катары социалдык иш жөнүндө;
- социалдык иштин кесиптик-этикалык ченемдери жана дөөлөттөрү жөнүндө;
- социалдык иштин заманбап моделдери жана бул жагындагы изилдөөлөр жөнүндө;
- социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн ар кыл ыкмалары жана технологиялары жөнүндө;
- калктын ар кандай топторунун өкүм сүрүшүнүн курактык, психологиялык-социалдык жана этностук-маданий өзгөчөлүктөрү жөнүндө;
- адамдын өнүгүшүнө жана жүрүш-турушуна каада-салттардын, маданияттын, диндин, ошондой эле жеке ынанымдардын жана көрсөтмөлөрдүн таасири жөнүндө, мында ушундай таасирдин оң жана терс жактарын эске алуу;
- камкордукка алууну, көзөмөлдүк кылууну, асыроону уюштуруу, асыроочу үй-бүлөлөргө жайгаштыруу, жеңилдиктерди жана жөлөкпулдарды тариздөө, ишке орноштуруу, медициналык, социалдык жана билим берүү мекемелерине орноштуруу тартиби жөнүндө.
11. Социалдык кызматкер төмөнкүдөй кесиптик-инсандык сапаттарга ээ болууга тийиш:
- ар бир адамдын баалуулугун кабылдап, анын укуктарын урматтоо;
- адамдардын жекече айырмачылыктарына сын такпастан мамиле кылуу, сабырдуулук;
- өнүккөн өз алдынча аңдап-түшүнүү жана өз алдынча баа берүү, сынчыл ой жүгүртүү;
- эмпатия (кайгы-капасын бөлүшө билүү);
- рефлексия (ой жүгүртүү, ойлонуп иш кылуу кудурети);
- өз ишинин сапаты үчүн жоопкерчилик, өзүнүн кесипкөйлүгүн арттыруу;
- улутка, куракка, динге ишенүүгө, үй-бүлөлүк статуска, акыл-эсинин же дене боюнун өзгөчөлүктөрүнө, артыкчылыктарга, кесиптик мүнөздөмөлөргө жана башкаларга негизделген басмырлоонун ар кандай формаларына карата келишпестик.
12. Социалдык кызматкерлерди социалдык коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен кепилденет.
13. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик уюмдарында иштеген социалдык кызматкерлер үчүн кошумча жеңилдиктерди белгилей алат.
14. Социалдык кызмат системасындагы менчиктин башка формаларындагы социалдык тейлөө мекемелери кошумча социалдык колдоо чараларын белгилей алат.
15. Социалдык жактан тейлөө жаатында иштеген адамдардын социалдык кызматтын клиенттеринин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган кесепеттерге алып келген аракеттери (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана негиздерде келип чыгат.