Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 5-марты № 164
«2011-жылдын 16-июнунда Москва шаарымда кол коюлган, Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында жана «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- «2011-жылдын 16-июнунда Москва шаарында кол коюлган, Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- 2011-жылдын 16-июнунда Москва шаарында кол коюлган, Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана аны Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-мартындагы № 164 токтому менен жактырылган |
1-берене. 2011-жылдын 16-июнунда Москва шаарында кол коюлган, Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы аталган Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын атынан чыгуучу компетенттүү орган деп аныкталсын.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы тууралуу ЕАТтын катчылыгына белгиленген тартипте маалымдасын.
4-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган Макулдашуунун жоболорунун ишке ашырууну камсыздоо үчүн зарыл чараларды көрсүн.
5-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-мартындагы № 164 токтому менен жактырылган |
1. 2011-жылдын 16-июнунда Москва шаарында кол коюлган, Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ (мындан ары - ЕАТ) тууралуу макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүү маселеси боюнча:
Макулдашуу жалпысынан Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.
2. Макулдашууну ратификациялоонун ыктымалдуу финансылык-экономикалык жана башка натыйжалары тууралуу маселе боюнча:
Макулдашуунун 7 жана 9-беренелерине ылайык, «мүчө статусун алган мамлекеттер Пленардык жыйындарда чечимдерди кабыл алууда добуш берүү укугун алышат, ошондой эле ЕАТнын бюджетине мүчөлүк төгүмдөрдү жыл сайын төгүп туруу милдетин өздөрүнө алышат. ЕАТнын бюджети Макулдашууга тиркеме болуп саналган жана анын ажырагыс бөлүгүн түзгөн ЕАТнын бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө жобого ылайык түзүлөт жана аткарылат. Үлүштүк катышуу принциптеринде ЕАТнын бюджетине мүчө-мамлекеттер тарабынан жыл сайын киргизилип туруучу төгүмдөрдү аныктоо тартиби аталган Жобо менен аныкталат». «
Алдын ала эсептөөлөр боюнча ЕАТнын бюджети 24 419 160 россия рублин түзөт, ага ылайык Кыргыз Республикасы үчүн ар жылдык мүчөлүк төгүмдүн суммасы 476 341 россия рублин (708 259 сомду же 15 533 АКШ долларын) түзүп, пайыздык катышта ЕАТнын жалпы бюджетинин 1,95 пайызын түзөт.
Мүчөлүк төгүмдү төгүү үчүн зарыл акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын бюджетинде каралат.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 8-беренелерине ылайык Макулдашуу, ага кол коюлганга чейин, Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети (2011-жылдын 25-апрели), Бюджет жана финансы боюнча комитети (2011-жылдын 13-майы), Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча комитети (2011-жылдын 18-майы) менен макулдашылды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 184-б буйругу менен жактырылды.
ЕАТ эл аралык кызматташуу жана адистештирилген эл аралык уюмдар, түзүмдөр жана кызыкдар мамлекеттер менен техникалык көмөктөшүү программаларын координациялоону жүзөгө ашырат, ошондой эле ЕАТга мүчө-мамлекеттерге техникалык көмөктөшүү программаларын даярдоодо аларды эсепке алууну жүргүзөт.
Төмөнкүдөй негизги багыттар боюнча техникалык көмөк көрсөтүү ЕАТнын ишинин негизги багыттарынын бири болуп саналат:
- кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жаатындагы мыйзам жана мыйзамдык долбоорлорду иштеп чыгуу;
- маалыматтарды топтоо, сактоо жана баштапкы иштеп чыгуу системасын түзүү жана модернизациялоо;
- кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүнүн улуттук системасы үчүн кадрларды даярдоо;
- маалыматтык ишти өнүктүрүү багытында көмөктөшүү;
- ЕАТга мүчө-мамлекеттердин Бирдиктүү маалыматтык мейкиндигин түзүү.
ЕАТнын ишине катышуу кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү глобалдуу жана аймактык эл аралык проблемаларды чечүүдө, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча ЕАТдан техникалык жардам алууда дүйнөлүк коомчулуктун мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ролун жогорулатууга мүмкүндүк берет.