Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-марты № 168
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы № 250 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Бажы кызматынын чөйрөсүндө сыйлоо системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы № 250 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерин сыйлоо тартибинде:
- I, II, III, IV жана V бөлүмдөр тиешелүү түрдө 1, 2, 3, 4 жана 5-глава деп эсептелсин;
- 6-пункттагы «башкармалыктын (өз алдынча бөлүмдүн) тикелей жетекчиси» деген сөздөр «анын тикелей жетекчиси» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 8-пункттагы «Борбордук аппараттын» деген сөздөр «МБКнын борбордук аппаратынын (мындан ары - борбордук аппарат)»деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пункттагы «5» деген цифра «15» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«19. Кызматкерлерди сыйлоо борбордук аппараттын/ведомстволук бөлүмдөрдүн башкармалыктарынын (өз алдынча бөлүмдөрдүн) жетекчилеринин билдирмелеринин негизинде МБКнын буйругу менен жүргүзүлөт.»;
- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«24. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин/кызматкерлеринин ишин баалоо-отчётунун толтурулган формаларынын түп нускалары борбордук аппараттын/ведомстволук бөлүмдөрдүн башкармалыктарында (өз алдынча бөлүмдөрүндө) сакталат.»;
- 25-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 27-пунктта:
биринчи абзац «Борбордук аппараттын» деген сөздөрдөн кийин «/ведомстволук бөлүмдүн» деген сөздөр менен толукталсын;
1-пунктча «төраганын» деген сөздөн мурда «Төраганын/» деген сөздөр менен толукталсын;
2-пунктча «борбордук аппараттын» деген сөздөрдөн кийин «/ведомстволук бөлүмдүн» деген сөздөр менен толукталсын;
3-пунктча «борбордук аппараттын» деген сөздөрдөн кийин «/ведомстволук бөлүмдүн» деген сөздөр менен толукталсын;
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«4) бөлүмдү сыйлоо тиешелүү кварталдын жыйынтыгы боюнча МБКнын коллегиясы өткөндөн кийин кварталына 1 жолу жүргүзүлөт.»;
- 28-пунктта:
биринчи абзац «Борбордук аппараттын» деген сөздөрдөн кийин»/ведомстволук бөлүмдүн» деген сөздөр менен толукталсын;
2-пунктчанын бүткүл тексти боюнча «борбордук аппараттын» деген сөздөрдөн кийин»/ведомстволук бөлүмдүн» деген сөздөр менен толукталсын;
3-пунктча күчүн жоготту деп табылсын;
- 29, 30, 38-40-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 47-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«47. Борбордук аппараттын/ведомстволук бөлүмдүн башкармалыгынын (өз алдынча бөлүмдүн) жетекчиси:»;
төртүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- 49-пункттагы «, алар милдеттүү түрдө ички аудит бөлүмчөсүнүн иш планына киргизилет» деген сөздөр алып салынсын.
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-глава менен толукталсын:
«4-1. МБКнын жетекчилигин сыйлоо тартиби
49-1. МБКнын төрагасынын ишин баалоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун базалык көрсөткүчтөрүнө ылайык жүргүзүлөт.
МБКнын төрагасын сыйлоону тескөө квартал сайын, МБКнын коллегиясынын жыйынында жүргүзүлөт. МБКнын төрагасын бөлүмдөрдүн сыйлоо фондунан жана төраганын сыйлоо фондунан сыйлоо МБКнын коллегиясынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
49-2. Төраганын орун басарларынын, төраганын кеңешчисинин, басма-сөз катчысынын жана төраганын жардамчысынын ишин баалоону тескөөнү МБКнын төрагасы жүргүзөт.
49-3. Төраганын орун басарларынын ишинин жыйынтыктарын баалоо жетекчинин ишин баалоонун критерийлерине ылайык бекитилген формалар боюнча жүргүзүлөт.
49-4. Төраганын кеңешчисинин, басма-сөз катчысынын жана төраганын жардамчысынын ишинин жыйынтыктарын баалоо кызматкердин ишин баалоонун критерийлерине ылайык бекитилген формалар боюнча жүргүзүлөт.»;
- 51-пункттагы «эки апталык» деген сөздөр «бир айлык» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |