Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-марты № 169
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундарынын 2010-жылдын июнь окуяларында өрттүн натыйжасында жок болуп кеткен эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө маалыматтарын калыбына келтирүү тартиби, ошондой эле аларга пенсия чектөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 326 токтомунун редакциясына ылайык)
«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундарынын пенсиялык укуктарын өз убагында камсыздоо жана коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемеге ылайык Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундарынын 2010-жылдын июнь окуяларында өрттүн натыйжасында жок болуп кеткен эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө маалыматтарын калыбына келтирүү тартиби, ошондой эле аларга пенсия чектөө тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 326 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду камсыздандырылган адам пенсия чектөөгө кайрылган күндөн тартып, бирок пенсия алуу укугуна ээ болгон күндөн эрте эмес пенсияларды чектөөнү ишке ашырсын жана пенсия чектөө үчүн эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө маалыматтарды толтуруу жана берүү тартиби тууралуу Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жобого ылайык камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 326 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2010-жылдын 12-июнунан баштап колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 326 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | Ө. Бабанов |