Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июну № 326
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 169 "Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундарына пенсия чектөө үчүн 2010-жылдын июнь окуяларында өрттүн натыйжасында жок болуп кеткен эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө маалыматтарын калыбына келтирүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздандырууга укуктарын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 169 "Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундарына пенсия чектөө үчүн 2010-жылдын июнь окуяларында өрттүн натыйжасында жок болуп кеткен эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө маалыматтарын калыбына келтирүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) аталышындагы жана 1-пунктундагы "Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундарына пенсия чектөө үчүн 2010-жылдын июнь окуяларында өрттүн натыйжасында жок болуп кеткен эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө маалыматтарын калыбына келтирүү тартиби жөнүндө" деген сөздөр "Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундарынын 2010-жылдын июнь окуяларында өрттүн натыйжасында жок болуп кеткен эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө маалыматтарын калыбына келтирүү тартиби, ошондой эле аларга пенсия чектөө тартиби жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-пункту:
- "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду" деген сөздөрдөн кийин "камсыздандырылган адам пенсия чектөөгө кайрылган күндөн тартып, бирок пенсия алуу укугуна ээ болгон күндөн эрте эмес пенсияларды чектөөнү ишке ашырсын жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- "жүргүзүүнү" деген сөздөн кийин "ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жобого ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 4-пунктундагы "расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет" деген сөздөр "жана 2010-жылдын 12-июнунан баштап колдонулат" деген сөздөр менен толукталсын;
4) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундарына пенсия чектөө үчүн 2010-жылдын июнь окуяларында өрттүн натыйжасында жок болуп кеткен эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө маалыматтарын калыбына келтирүү тартиби тууралуу жободо:
- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундарынын 2010-жылдын июнь окуяларында өрттүн натыйжасында жок болуп кеткен эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө маалыматтарын калыбына келтирүү тартиби, ошондой эле аларга пенсия чектөө тартиби жөнүндө жобо";
- 1-пунктундагы "тургундарынын эмгек акысы жөнүндө маалыматтар ушул Жобого ылайык калыбына келтирилет" деген сөздөр "тургундарына ушул Жобого ылайык пенсия чектелет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |