Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-марты № 170
«Чогуу алганда Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүн реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июлундагы жооп-катын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында жана «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- «Чогуу алганда Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүн реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июлундагы жооп-катын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Чогуу алганда Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүн реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июлундагы жооп-катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-пунктуна ылайык аны кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Бишкек шаарынын мэрине аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү катары чыгуу сунушталсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Чогуу алганда Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүн реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июлундагы жооп-каты ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте кытай тарапка аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кат алмашуу жолу менен түзүлгөн Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүн реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүн реконструкциялоо долбоорунун максаты транспорттук тармакты оптималдаштыруу, ушул көчөлөргө келген оорчулукту кайра бөлүштүрүү жана шаардын борбордук бөлүгүндөгү кеңдик багытта тоскоолдуксуз кыймылды камсыз кылуу болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2007-жылдын 14-августунда жана 2009-жылдын 15-октябрында кол коюлган Техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга ылайык Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүн реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга жетишилген.
Бул Макулдашуу кат алмашуу жолу менен 2011-жылдын 13-июлунда түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган алмашуу катына кол коюуга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-июлундагы № 276-б буйругуна ылайык Бишкек шаарынын мэрине ыйгарым укук берилген.
«Бишкек шаарында Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүн реконструкциялоо долбоорун» ишке ашыруу боюнча Макулдашуунун долбоорун кол коюуга даярдоонун жүрүшүндө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен сын-пикирсиз макулдашуу болгон, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан укуктук экспертиза жүргүзүлгөн, ага ылайык бул Макулдашуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештиги жөнүндө корутунду берилген.
Кат алмашуу жолу менен 2011-жылдын 13-июлунда түзүлгөн Макулдашууга ылайык кытай тарап ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн долбоорлоого, техниканы, жабдууларды жана материалдарды берүүгө, Кыргызстанга керектүү сандагы инженердик-техникалык кызматкерлерди жиберүүгө жооп берет. Талап кылынган чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2007-жылдын 14-августунда жана 2009-жылдын 15-октябрында кол коюлган Техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган кайтарылбас гранттын эсебинен жүргүзүлөт.
Кыргыз тарап ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн жабдууларды, материалдарды жана Кыргызстанга жиберилген кытай инженер- техникалык кызматкерлеринин жеке инвентарларын бажылык алымдардан, башка салыктардан жана жыйымдардан бошотот, ошондой эле кытай инженер-техникалык кызматкерлеринин Кыргызстанга келүүсү/кетүүсү жана болуусу үчүн зарыл болгон документтерди тариздөөгө милдеттенет.