Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-марты № 171
Баштапкы аскердик даярдыкты ишке ашыруучу окуу жайларда окуу курал-жарактарын жана ок-дарыларды алууну, эсепке алууну жана сактоону уюштуруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын окуу жайларында окуу курал-жарактарын жана ок-дарыларды тийиштүү түрдө эсепке алууну жана сактоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемеге ылайык баштапкы аскердик даярдыкты ишке ашыруучу окуу жайларда Окуу курал-жарактарын жана ок-дарыларды алууну, эсепке алууну жана сактоону уюштуруу боюнча нускама бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 171 токтому менен бекитилген |
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды алуу, каттоо жана ташуу
3-глава. Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок дарыларды каттоо, берүү жана чыгаруу
4-глава. Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды сактоо жана үнөмдөө
5-глава. Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды, кичине найлуу мылтыктарды жана ага патрондорду каттоо, сактоо үчүн контроль
6-глава. Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды, кичине найлуу мылтыктарды жана ага патрондорду ремонттоо жана эсепке чыгаруу
1-тиркеме. Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды, кабыл алуу (берүү) актысы
2-тиркеме. Окуп үйрөнүүчү куралдардын, ок-дарылардын жана табелдик мүлктүн бар экендигин жана кыймылын каттоо китеби
3-тиркеме. Окуп үйрөнүүчү куралдарды, ок-дарыларды, кичине найлуу мылтыктарды жана ага патрондорду жана табелдик окуу мүлктү берүү китеби
4-тиркеме. Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды контролдоо, каттоо жана сактоо журналы
5-тиркеме. Куралдарды сактоо үчүн бөлмөдө турган мүлктөрдүн тизмеси
6-тиркеме. Шкафта сакталуучу (пирамидада) окуп үйрөнүүчү куралдардын тизмеси
7-тиркеме. Үкөктө (сейфте) сакталган кичине найлуу патрондордун тизмеси
1. Ушул Нускама алгачкы аскердик даярдоону жүргүзгөн окуу жайларда окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды алууну, каттоону жана сактоону уюштурууда жетекчилик кылуу үчүн дайындалган.
Негизги түшүнүктөр:
окуп үйрөнүүчү куралдар - жабдуу табелдери боюнча окуу жайлары берүүчү Калашников автоматтары (АК) жана Г.С.Шпагиндин конструкциясындагы мурда берилген тапанча-пулеметтор (ПП-41), Дегтяревдин пулеметтору (РПД, ДП, ДПМ), Калашниковдун пулеметтору (РПК, ПК), карабиндер (1938, 1944-жылкы үлгүдөгү СКС), Драгуновдун көзгө атар мылтыктары (СВД), гранатаметтор (РПГ-2, РПГ-7), окуп үйрөнүүчү ТОЗ-8 - 5,6 мм мылтыктары;
окуп үйрөнүүчү ок-дарылар - жабдуу табелдери боюнча окуу жайлары берүүчү окуп үйрөнүүчү патрондор, миналар, гранаталар жана аларга запалдар;
окуу жайлар - жалпы билим берүүчү уюмдар (мектептер, лицейлер, гимназиялар).
2. Аскер комиссарлар (окуу жайдын жетекчиси) карамагындагы окуу жайлардагы окуп үйрөнүүчү куралдардын жана ок-дарылардын уюштуруусу, сакталышы, абалы үчүн жооп беришет, окуп үйрөнүүчү куралдардын жана ок-дарылардын бар экендиги жана абалы жөнүндө так маалыматтарды дайыма билүүгө, жоготуу жана уурдоо мүмкүнчүлүгүнөн сактап, алардын коргоосун, каттоосун, сактоосун, берүүсүн жана пайдалануусун уюштурууда катуу тартипти камсыздоого, окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды сактоо ордунун абалын текшерүүнү уюштурууга, ошондой эле табылган кемчиликтерди жоюуга тезинен чара кабыл алууга милдеттүү.
Окуп үйрөнүүчү куралдардын, ок-дарылардын сакталышын камсыздоого кызматтык чараларды кабыл албаган аскер комиссарлар (окуу жайдын жетекчиси), ошондой эле окуп үйрөнүүчү куралдарды, ок-дарыларды уурдаган жана жоготкон адамдар Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен белгиленген тартипте жоопко тартылышат.
3. Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды каттоо, сактоо жана пайдалануу үчүн түздөн-түз аскер жетекчиси же аскер комиссарынын (окуу жайдын жетекчиси тарабынан) буйругу менен дайындалган адамдар жооп беришет.
Жогоруда көрсөтүлгөн адамдар милдеттүү түрдө улуттук коопсуздук органдары менен макулдашылат жана тизмелер ички иштер органынын уруксат берүү тутумуна сунушталат.
Көрсөтүлгөн адамдар окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды алуу, каттоо, сактоо жана пайдалануу эрежесин катуу билүүгө, энтамгалардын, маркировкалоонун жана окуп үйрөнүүчү жана күжүрмөн ок-дарылардын тышкы түрлөрүнүн айырмаларын, ошондой эле алардын бар экендиги жана абалы жөнүндө дайыма так маалыматтардын бар болушуна милдеттүү.
Жылына эки жолу (бир жолу жаны окуу жылы башталардын алдында) аскер комиссариатынын комиссиясы, аскер комиссарынын (окуу жайдын жетекчисинин) жетекчилиги алдында тейленген аймакта жайгашкан окуу жайларда комиссиянын түзүмүнө сөзсүз түрдө окуп үйрөнүүчү курал жана ок-дарыларын сактоого уруксат берүүгө ыйгарым укуктуу ички иштер органынын кызматкерин тартуу менен окуп үйрөнүүчү курал жана ок-дарыларды сактоочу жайларды текшерүү жүргүзөт, ал жөнүндө үч нускада акт түзүлөт. Биринчи нуска ички иштер органынын райондук бөлүмүндө, экинчиси - аскер комиссариатында, үчүнчүсү - окуу жайда сакталат.
Мындан тышкары, ушул кызмат адамдарынын милдетин убактылуу аткарууга талапкерлер каралат.
4. Ушул Нускаманын 3-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары (ээлеген кызматынан бошогондо, иш сапарга, өргүүгө же узак убакытка дарыланууга кетүүдө) алмашканда окуп үйрөнүүчү курал жана ок-дарылар, ошондой эле каттоо документтер акт боюнча берилет (1-тиркеме).
Аскер комиссары (окуу жайдын жетекчиси) алмашканда окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды кабыл алуу (берүү) коргоо органынын өкүлүнүн катышуусу менен (билим берүү жана илим жаатындагы мамлекеттик орган), аларды каттоого, сактоого жана пайдаланууга түздөн-түз жооптуу адамдардын алмашуусунда - аскер комиссарынын (окуу жайдын жетекчиси менен) катышуусу менен ишке ашырылат. Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды кабыл алуу (берүү) жөнүндө акт аскер комиссары (окуу жайдын жетекчиси тарабынан) тарабынан бекитилет.
5. Окуп үйрөнүүчү куралдар жана ок-дарылар аскер комиссариаты тарабынан алгачкы аскерге даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы тарабынан бекитилген табелге ылайык алгачкы аскердик даярдоону өткөрүү үчүн берилет.
Окуу жайларга берилген окуп үйрөнүүчү курал атайын техникалык шарттар боюнча кайра жасалышы жана төмөнкүлөр бар болушу керек:
- мылтыктын төмөн жагынан магазин салынуучу бөлүгүндөгү сегменттик оюк (ПП-41де - үстүнөн);
- патрон салган жерге чыгуучу каналдын башында өтмө кесик туурасы 4 мм жана узундугу АК жана РПКда - 48 мм, СКСта - 38 мм, ПП-41де - 51 мм, РПДца - 48 мм, ДПда жана ДПМда - 65 мм, СВДда - 60 мм, ПКда - 52 мм, ПКда - 52 мм, 57 мм жана 1938-1944-ж.ж. үлгүдөгү карабиндерде - 57 мм;
- куралдардын бардык үлгүлөрүндө араланган жаргыч;
- жаргычка уруу ордунда араланган курок (АК, РПК, АК, СКС, СВДда) же раманын жапкыч тирөөчү (РПДда);
- күжүрмөн куралдын найын окуп үйрөнүүчүгө коюлушун тоскоол кылып най үкөгүнө (ПП-41де, ДПда, ДПМда, ПКда) найдын жасалган чектегичи;
- най үкөгүнүн ичинен найдын чектөөсүн киргизүү үчүн найдын магазин салынуучу бөлүгүндөгү тешик (ПП-41, ДП, ДПМ, ПКда);
- найдын үстүнүн астыңкы бөлүгү жана най үкөгүнүн жапкычындагы узунунан өткөн паздар;
- найдагы жана гранатметтордун патрубкасындагы "окуп үйрөнүүчү" деген жазуу.
Окуп үйрөнүүчү гранаталардын корпусу кара түстө болушу керек, анда "окуп үйрөнүүчү" деген жазуу болот. Бул жазуу, эреже катары, чыгарылган буюм менен бир тарапка штаттык маркировкадан жогору же төмөн жазылат. Ф-1 окуп үйрөнүүчү кол гранаталарга жазылбайт, корпустун түбүнө "холл" деген клеймо басылат, мындан тышкары корпуска туурасынан жана узунун ак тилке жүргүзүлөт.
Кол гранаталардагы окуп үйрөнүүчү запалдардын рычагдарында "окуп үйрөнүүчү" деген жазуу болуш керек.
Окуп үйрөнүүчү кол гранаталар салынган үкөктөрдө "окуп үйрөнүүчү" деген жазуу, гранатанын маркасы, үкөктөгү гранаттардын саны, үкөктүн салмагы жазылат.
Инженердик ок-дарыларды маркировкалоодо сырты ачык түстө болсо, кара түс менен, ак түстөгүгө кара менен түздөн-түз корпуска (көрүнүп турган жерге) жазылат. Кээ бир ок-дарыларды маркировкалоо согуу, куюу, престөө же штамптоо жолу менен жүргүзүлөт. Ар бир мина, жарылгыч төмөнкүдөй маркировкалоону камтыйт: буюмдун шифри, даярдаган заводдун шифри, партиянын номери, даярдалып чыккан жылы, ок-дарылар жабдылган жарылуучу заттардын шарттуу белгилери (шифр). Окуп үйрөнүүчү ок-дарыларда жарылуучу заттардагы шифрдин ордуна туурасы 7-10 мм болгон ак тилке тартылат.
Инженердик ок-дарылар салынган таңгакталган үкөктөрдө кара түстөгү трафарет менен жазылган маркировкалоо болуш керек жана төмөнкүлөрдү камтыйт: буюмдардын шифри жана саны, чыгарган заводдун шифри, партиянын номери, чыккан жылы, жарылуучу заттардын шифри, бүкүлү массасы кг менен. Окуп үйрөнүүчү ок-дарылар салынган үкөктөрдө жарылуучу заттардын шифринин ордуна туурасы 15 мм жана узундугу 100 мм болгон ак тилке жүргүзүлөт.
6. Окуу жайдагы окуп үйрөнүүчү куралдар жана ок-дарылар, куралдарды сактоо үчүн атайын жабдылган бөлмөдө сакталышы керек. Куралдарды сактоо үчүн бөлмөнүн жарамдуулугу райондук (шаардык) ички иштер органдарынын, аскер комиссариатынын, билим берүү органдарынын өкүлдөрүнүн курамындагы комиссия тарабынан аныкталат, ал жөнүндө акт үч нускада түзүлөт. Актынын биринчи нускасы райондук (шаардык) ички иштер бөлүмүндө, экинчиси - аскер комиссариатында жана үчүнчүсү - окуу жайда сакталат.
Алгачкы аскерге даярдоо боюнча жеке коргоо каражаты, радиостанциялар, радиациялык жана химиялык чалгындоонун шаймандары лаборанттык же аскердик кабинеттерде жабдылган текчелерде, витриналарда жана шкафтарда (өзүнчө) сакталышы керек.
Окуу жайларда жайкы каникул мезгилинде, окуп үйрөнүүчү курал, ок-дарылар окуу жайлар жайгашкан жерлердеги аскер комиссариаттарына тапшырылат.
7. Төмөнкүлөргө катуу тыюу салынат:
- окуп үйрөнүүчү куралды окуу көнүгүүлөрдү аткарууга байланыштуу эмес башка максаттар үчүн пайдаланууга;
- ар түрдүү патрондор менен окуп үйрөнүүчү куралдардан ок атуу;
- заводдук номери чыккан окуп үйрөнүүчү куралды сактоо;
- күжүрмөн куралды, анын патрондорун, кол гранаталарды, танкка каршы жана жөө аскерлерге каршы миналарды, жарылуучу заттарды, кабарлоо ракеталарын, окшоштуруучу каражаттарды жана куру дүрмөттүү патрондорду куралдарды сактоо үчүн бөлмөдө, мугалимдердин кабинеттеринде жана башка жайларда сактоо;
- окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды оңдоо жана жасоо жолу менен күжүрмөн колдонуу үчүн ылайыкташтырып жасоо.
8. Билим берүү жайларына окуп үйрөнүүчү курал жана ок-дарылар наряд боюнча коргоо органынын Башкы куралдануу башкармалыгы тарабынан аскер комиссариттары аркылуу, ал эми кичине найлуу патрондор коргоо органы аркылуу аскер комиссарынын буйругунун көчүрмөсүнүн негизинде окуу жайдын жетекчисинин табыштамасы боюнча берилет.
9. Алгачкы аскерге даярдоо боюнча окуу жалпы билим берүү мекемелери окуп үйрөнүүчү куралды жана ок-дарыларды, аларды сактоо үчүн атайын жабдылган бөлмө бар болгондо жана ички иштер органдарынын уруксаты менен гана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынан алышат.
Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды алуу, окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды каттоо, сактоо жана пайдалануу үчүн түздөн-түз жооптуу адамдар тарабынан, инсандыгын күбөлөндүргөн документти, ишеним каттын жана ички иштер органдарынын уруксат берүү документтерин көрсөтүүсү боюнча ишке ашырылат. Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды алууда ушул адамдар, ошондой эле райондук (шаардык) аскер комиссариатында ушул куралдарды жана ок-дарыларды таратып берүүнү ишке ашырган адамдар Нускаманын 5-беренесинде көрсөтүлгөн техникалык шарттарга ылайык алардын дайындалышына ынануусу керек.
10. Окуп үйрөнүүчү курал бир айлык мөөнөттө ички иштер органдарында катталышы жана аларды сактоого уруксат алынышы керек, ал окуу жайдын жетекчисинин атына үч жылдык мөөнөткө таризделет.
Окуп үйрөнүүчү куралдарды сактоого уруксат бар болгондо, окуу жайларга кичине найлуу патрондорду алууга уруксат берилет.
11. Окуу жайдын жетекчиси ээлеген кызматынан бошотулганда, ошондой эле окуу жайдын дареги же аталышы алмашканда, куралдарды сактоо укугуна уруксат 10 күндүк мөөнөттө кайра таризделиши керек.
12. Окуу жайларда ТОЗ-8, 5,6 мм мылтыктарды - 10 даанадан көп эмес сактоого уруксат берилет.
13. Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды, аскер комиссариатынан окуу жайларга чейин жеткирүү (ташуу) аскер комиссариаттарынын жана билим берүү органдарынын күчтөрү жана каражаттары тарабынан ишке ашырылат.
Ташууда (жеткирүүдө) курал жана кичине найлуу мылтыктар дүрмөтсүз болушу жана сөзсүз капка кийгизилиши керек, ал эми окуп үйрөнүүчү ок-дарыларга жана кичине найлуу патрондорго - таңгакталган түрдө болушу жана мөөр басылыш керек.
14. Райондун чегинде ташылуучу (жеткирилүүчү) окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды кайтаруу жана узатуу үчүн окуу жайдын жетекчиси өзүнүн бир орун экиден кем эмес адамды дайындайт.
15. Окуу жайларда, аскер комиссариаттарда табелдик окуп үйрөнүүчү куралдар жана ок-дарылар, окуп үйрөнүүчү куралдардын, ок-дарылардын жана табелдик окуп үйрөнүүчү мүлктөрдүн (2-тиркеме) бар болуусун жана кыймылын китебинде каттоого алынат, анын ар бир барагы номерлениши, бооланышы жана жергиликтүү ички иштер органынын мөөрү басылышы керек.
Алынган окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды, эсепке алуу үчүн негиз болуп коштомо кагаз эсептелет.
16. Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды берүү жана чыгаруу окуу жайдын жетекчисинин уруксаты менен түздөн-түз окуу жайда өткөрүлгөн сабактарга, талаа машыгууларына жана окуу жайга тийиштүү тирлерде ок атууну өткөрүү үчүн жүргүзүлөт.
Эгерде, талаа машыгуулары жыйындар ыкмасы менен өткөрүлсө, анда аларды өткөрүү орундарында куралдарды сактоо үчүн бөлмө жабдылышы жана анын кайтаруу уюштурулушу керек.
17. Аскер комиссариатынын уруксаты менен окуп үйрөнүүчү курал, ок-дарылар жана кичине найлуу мылтыктар алгачкы аскерге даярдоо боюнча көнүгүүлөрдү өткөрүү үчүн башка окуу жайларга берилиши мүмкүн; ушуну менен аларды алуу укугу ушул Нускаманын 3-пункттунда көрсөтүлгөн адамдарга берилет. Алынган окуп үйрөнүүчү курал жана ок-дарылар алар берген күнү кайтарылып берилиши керек (көнүгүүлөр өткөрүлгөндөн кийин). Окуп үйрөнүүчү куралдарды бир окуу жайдан башка окуу жайга ташуу (ташуу) 13-14-пункттардын талабына ылайык ишке ашырылат.
18. Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды, кичине найлуу мылтыктарды жана ага патрондорду машыгууларга жана ок атууга берүүдө жана алууда (анын ичинде 3-беренеде көрсөтүлгөн адамдарга) жана аларды кайтарып бергенден кийин окуп үйрөнүүчү куралдарды, ок-дарыларды, кичине найлуу мылтыктарды, ага патрондорду жана табелдик окуп үйрөнүүчү мүлктөрдү (3-тиркеме) берүү китебине тиешелүү жазуулар жазылат, ага номер коюлушу, бооланышы жана ушул окуу жайдын мөөрү басылышы керек.
19. Куралдарды сактоо үчүн бөлмө төмөнкүдөй талаптарга жооп бериши керек:
- дубалдар, үстүнкү жабуулар жана полдор менен башка жардамчы, башка кызматтык жайлардан бөлүнүп турат, алар бекем болушу керек жана бөлмөгө кирүү мүмкүнчүлүгү болбойт. Ички дубалдар бекемдиги боюнча калыңдыгы 80 мм жупталган гипсобетон тактага эквиваленттүү болуш керек, анын ар бири алардын ортосуна болот тосмо же металл тор менен бекемделген 120 мм калыңдыктагы кыш дубал салынат. Мурда салынган жайларда болот решеткалардан бекемделген доскадан тосмолорго жол берилет;
- эки эшик бекем жана мыкты бекиткичтери (эки ички бекиткичтен кем эмес) менен болушу керек, ушуну менен, тышы эки жагы тең тунуке болот менен цинктелип капталган калыңдыгы 40 мм кем эмес бир үлүштүү тактайдан жасалган, эшиктин чүркөсүнө листтин кырларынын бүктөлүшү менен, ички темир решетка болот. Сырткы эшикке мастикалык (сургуч) мөөр менен же пломба менен мөөр басылышы керек. Эшик коюлуучу орунду рамкалоо (эшиктин коробкасы) болоттон жасалат. Мурун курулган жайларда диаметри 10-12 мм жана узундугу 120-150 мм кем эмес арматура болоттон ондогон штырялар менен дубалга киргизилген калыңдыгы 5 мм кем эмес, 30x40 чендеги болот бурчтар менен күчөтүлгөн жыгачтан жасалган эшиктин коробкаларына жол берилет. Вентиляциялык терезелер, люктар бар болсо, аларга ушул тутумдар аркылуу өтүү мүмкүнчүлүгүн четке чыгарган болот решеткалар 100x100 мм чоң эмес уячалары менен орнотулат;
- жайлардын ички тарабынан терезенин тешигине же рамкалардын ортосуна болот решеткалар болушу керек. Биринчи кабатта жайгашкан жайлардын терезе коюлуучу орундары металл же жыгачтан (эки жактан тең цинктелген болот лист менен капталган) терезе жапкычтар менен жабдылат. Терезе коюлуучу орунда решеткалардын аягы 80 мм кем эмес тереңдикке чейин бүтөлүп киргизилет жана бетон менен куюлат. Терезе коюлуучу орундун жапкычтары кулпу менен бекилиши керек жана мастикалык (сургуч) мөөр же пломба менен мөөрдөлөт. Эшик жана терезе коюлуучу орунга орнотулуучу решеткалар жана дубалдарды (тосмолорду) күчөтүү үчүн, диаметри 15 мм кем эмес, болоттон жасалган ичке темирлерден жасалат. Ичке решеткалар ар бир кесилишинде 150 x 150 чоң эмес уячалардай кылып ширетилет.
- азыктануунун негизги жана резервдик булактары менен, коргоо сигнализациялары менен жабдылган, коргоо сигнализациясынын конструкциясы өткөрмөлөр бузулганда, сактоо орундарын ачканда туруктуу өз ара жакшы иштөөнү, ошондой эле эшик ачыкта үн жана жарык сигналынын аракетин камсыздоосу керек жана сигналды өчүрүү үчүн блок түзүлүштөрү болбошу керек. Сактоо ордун ачуу жөнүндө коргоо сигнализациясынан маалыматтар ички иштер органдарынын борборлоштурулган байкоо пультуна жашыруун чыгарылышы керек;
- өрт өчүргүч бар болуш керек;
- диаметри 200 мм көбүрөөк инженердик тармактарды бөлмө аркылуу өткөрүүгө жол берилбейт.
20. Окуп үйрөнүүчү куралдардан жана ок-дарылардан, кичине найлуу мылтыктардан жана ага патрондордон тышкары башка табелдик окуп үйрөнүүчү мүлктөрдү ага жайгаштырууга өзүнүн көлөмү боюнча уруксат берген, куралдарды сактоо үчүн бөлмө ушул Нускаманын 20-пункттунун талаптарына ылайык ички дубал (тосмо менен) же эшиги бар, болот решетка менен бөлүнүшү керек.
Бөлмөнүн төркү бөлүгүндө окуп үйрөнүүчү курал жана ок-дарылар, кичине найлуу, пневматикалык мылтыктар жана ага патрондор сакталышы керек. Бөлмөнүн жакын бөлүгүндө коргонуунун жеке каражаттары, радиостанциялар, радиациялык жана химиялык чалгындоонун шаймандары жана башка табелдик мүлк сакталышы мүмкүн.
21. Окуп үйрөнүүчү курал жана кичине найлуу мылтыктар дубалдары 3 мм кем эмес, бекем ички же илгич кулпу менен бекитилиши жана мастика (сургуч) мөөр менен басылган металл шкафтарда (пирамидаларда) сакталышы керек.
22. Окуп үйрөнүүчү курал кичине найлуу мылтыктардан өзүнчө сакталат. Өзүнчө шкаф (пирамида) жок болсо, окуп үйрөнүүчү куралды кичине найлуу мылтыктар менен чогуу сактоого уруксат берилет; ушуну менен, аны сактоо орунда "Окуп үйрөнүүчү курал" деген жазуу болот. Кичине найлуу мылтыктардын затворлорун өзүнчө сейфте сактоого уруксат берилет.
23. Шкафта (пирамидада) окуп үйрөнүүчү курал менен тиешелүү орундарда (уюктарда) магазиндер, майлагычтар, керек-жарактар, штык-бычактар жана магазиндер үчүн сумкалар сакталат.
24. Кичине найлуу мылтыктардын патрондору кулпу менен бекитилген жана мастикалык (сургуч) мөөр менен басылган өзүнчө темир үкөктө (сейфте) сакталат. Үкөк (сейф) дубалга же полго орнотулса (бекитилсе), патрондор менен чогуу чыгаруу мүмкүнчүлүгү болбош керек. Темир үкөктү (сейфти) куралдарды сактоо үчүн шкафка (пирамидага) монтаждоого уруксат берилет. Ушуну менен, ал шкафтын түбүнө бекем ширетилиши (бекитилиши), кулпу менен бекитилиши жана мастикалык мөөр менен басылышы керек.
25. Окуп үйрөнүүчү ок-дарылар жабдылган стеллаждарда, ал эми окуп үйрөнүүчү патрондор, мындан тышкары - жыгач койгучтун уюлдарында (тик абалда) сакталышы керек. Ок-дарылардын ар бир түрүнүн астына ок-дарынын аталышы жазылган бирка чапталат.
26. Куралдарды сактоо бөлүмүндө мүлктөрдүн тизмеси (6-тиркеме) болуш керек, анда алардын инвентардык номеринин көрсөтүлүшү менен шкафтардын (пирамидалардын), үкөктөрдүн (сейфтердин) саны жана алар кандай мөөр менен басылат, ошондой эле ок-дарылардын саны киргизилет.
27. Шкафтардын (пирамидалардын) жана үкөктөрдүн (сейфтердин) эшиктеринин ички бетине, анда сакталган окуп үйрөнүүчү куралдардын, кичине найлуу мылтыктардын жана ага патрондордун (7 жана 8-тиркемелер) түрлөрүн жана санын көрсөткөн тизме илинет.
Шкафтагы (пирамидада) ар бир уюлда окуп үйрөнүүчү куралдардын жана кичине найлуу мылтыктардын түрлөрүн, сериясын жана номерин көрсөткөн ярлык чапталышы керек.
28. Куралдарды сактоо үчүн бөлмөнүн, шкафтардын (пирамидалардын) жана үкөктөрдүн (сейфтердин) ачкычтары окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды, кичине найлуу мылтыктарды жана ага патрондорду каттоо, сактоо жана пайдалануу үчүн түздөн-түз жооптуу адамда; запас ачкычтар окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды, кичине найлуу мылтыктарды жана ага патрондорду каттоо, сактоо жана пайдалануу үчүн түздөн-түз жооптуу адамдын мастикалык (сургуч) мөөрү менен басылып, окуу жайдын жетекчисинин сейфинде сакталат.
Куралдарды сактоо бөлмөсүнүн, шкафтардын (пирамидалардын), үкөктөрдүн, сейфтердин ачкычтары жоголгон (жоголсо) учурда, кулпулар тезинен алмаштырылышы керек.
29. Куралдарды сактоо үчүн бөлмөнү окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды, кичине найлуу мылтыктарды жана ага патрондорду каттоо, сактоо жана пайдалануу үчүн түздөн-түз жооптуу адам жок болгон учурда, окуу жайдын жетекчиси тарабынан окуу жайдын эки жумушчусу менен ачылышы мүмкүн; ушуну менен, окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды, кичине найлуу мылтыктарды жана ага патрондорду каттоону жана сактоону контролдоо журналына (4-тиркеме) текшерүүнүн (ачуунун) күнү жана шкафтарда (пирамидаларда), үкөктөрдө (сейфтерде) турган окуп үйрөнүүчү куралдардын жана ок-дарылардын, кичине найлуу мылтыктардын жана ага патрондордун саны жазылат. Жазуу бөлмөнү ачкан адамдын жана ушуга катышкан адамдардын колу менен күбөлөндүрүлөт.
30. Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана кичине найлуу мылтыктарды шкафтарда (пирамидаларда) сактоодо төмөнкү талаптар сакталышы керек:
- автоматтын огу алынган жана сактагычка коюлган, магазини өзүнчө, штык-бычагы алынган, курок түшүрүлгөн;
- ачык жапкыч менен карабин, курок солго бурулган, штык күжүрмөн эмес абалында орнотулган;
- кол пулеметтун огу алынган, магазин өзүнчө, жапкыч рама күжүрмөн взводдон түшкөн;
- гранатомет тик абалда сакталат, курок күжүрмөн взводдон түшүрүлөт, мээлөө планкасы жана мушка түшүрүлгөн, оптикалык мээлөө алынган жана ошол эле пирамидада сырты менен сакталат;
- кичине найлуу мылтыктын огу алынган, курок түшүрүлгөн, жапкыч алынышы жана өзүнчө сакталышы мүмкүн;
- курлар өткөрүлүп бекитилген.
Окуп үйрөнүүчү курал жана кичине найлуу мылтыктар оң абалда, комплектте, таза жана курал майлоочу май менен майланып кармалышы керек.
31. Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана кичине найлуу мылтыктарды тазалоо жана майлоо атайын жабдылган орундарда, аларды каттоо, сактоо жана пайдалануу үчүн түздөн-түз жооптуу адамдын катышуусу менен жүргүзүлүшү керек; ушуну менен, атуу иши боюнча тиешелүү колдонмолорду жетекчиликке алуу зарыл.
32. Окуп үйрөнүүчү куралдарды, кичине найлуу мылтыктарды жана ага патрондорду уурдаган же жоготкон учурда тезинен тергөө жүргүзүлүшү керек, күнөөлүүлөр - жоопкерчиликке тартылышы керек.
Ушундай учурларда окуу жайдын жетекчиси, болгон окуя жөнүндө окуп үйрөнүүчү куралдар жана кичине найлуу мылтыктар катталган орду боюнча ички иштер органдарына, аскер комиссарына тезинен билдирүүгө жана аларды издөө боюнча тезинен чараларды көрүүгө милдеттүү.
Аскер комиссары окуп үйрөнүүчү куралдарды, кичине найлуу мылтыктарды жана патрондорду жоготуунун жана уурдатуунун бардык учурларында, белгиленген тартипте команда боюнча улуттук коопсуздук органдарына, аскердик прокуратура органдарына билдирүү кылууга милдеттүү. Андан ары, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
33. Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды, кичине найлуу мылтыктарды жана ага патрондорду каттоо, сактоо үчүн контролду жана текшерүүнү төмөнкүлөр ишке ашырышат: коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ички иштердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, улуттук коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жерлердеги аларга баш ийген органдар.
Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды, кичине найлуу мылтыктарды жана ага патрондорду каттоону, сактоону, текшерүү жана контроль окуу жайдын жетекчисинин же аны алмаштырган адамдын катышуусунда жүргүзүлөт.
Райондук (шаардык) аскер комиссариаттары, ички иштер бөлүмдөрү ушундай текшерүүлөрдү жылына эки жолудан кем эмес өткөрүшү керек.
Текшерүүнүн жүрүшүндө окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды, кичине найлуу мылтыктарды жана ага патрондорду максатсыз колдонуу фактыларын текшерүүдө аныкталса, ошондой эле кандайдыр бир бузулуулар же деталдардын (механизмдердин) жетишсиздиги табылса окуу жайдын жетекчиси териштирүү дайындайт, териштирүү бүткөндөн кийин окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды, кичине найлуу мылтыктарды аскер комиссариатына тапшырууга тийиш. Аскер комиссариаты Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине билдирет.
34. Окуу жайдын жетекчиси окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды, кичине найлуу мылтыктарды жана ага патрондорду каттоо жана сактоо үчүн 3 айда бир жолудан кем эмес контролдоону ишке ашырат.
Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды, кичине найлуу мылтыктарды жана ага патрондорду каттоо, сактоо жана пайдалануу үчүн түздөн-түз жооптуу адамдар куралдарды сактоо үчүн бөлмөнү ар бир ачкан сайын алардын бар экендигин жана абалын, анын ичинде, эгерде бөлмө ачылбаса - жумасына бир жолудан кем эмес текшериши керек.
35. Текшерүүнүн жыйынтыгы окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды, кичине найлуу мылтыктарды жана ага патрондорду (4-тиркеме) каттоону жана сактоону контролдоо журналына киргизилет.
36. Ушул Нускаманын талаптары бузулганда күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартылат.
37. Окуу жайлардагы окуп үйрөнүүчү куралдарды, ок-дарыларды жана берилген кичине найлуу мылтыктарды ремонттоо аскер комиссариаттары тарабынан тиешелүү наряд боюнча коргоо органдарынын оңдоо устаканаларында төлөмсүз жүргүзүлөт.
Окуп үйрөнүүчү куралдарды, ок-дарыларды жана кичине найлуу мылтыктарды оңдоого тапшыруу куралдардын (ок-дарылардын) аталышы, сериясы, номери жана бузулгандардын тизмеси көрсөтүлгөн тапшыруу ведомосту боюнча жүргүзүлөт.
38. Үйрөнүү үчүн жараксыз окуп үйрөнүүчү курал жана кичине найлуу мылтыктар коргонуунун камсыздандыруучу органдарына тапшырууга тийиштүү.
Окуу жайларды жоюуда алгачкы аскерге даярдоо боюнча табелдик куралдар жана ок-дарылар, кичине найлуу мылтыктар жана ага патрондор, жеке коргонуу каражаттарды, радиациялык жана химиялык чалгындоо шаймандары жана башка окуп үйрөнүүчү мүлктөр райондук (шаардык) аскер комиссариатына тапшырылат жана коштомо кагаздардын негизи боюнча каттоо китебинен тапшырууда эсептен чыгарылат.
39. Кичине найлуу патрондор аскер комиссариаты аркылуу ок атууну өткөрүү үчүн патрондорду таратуу ведомостунун тиркемеси менен актыга ылайык окуу жайдын жетекчиси тарабынан эсептен чыгарылат.
1-тиркеме
"БЕКИТЕМИН"
__________________________________
(кызматы, колу, аты-жөнү)
20_-жылдын _____ - __________
Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана
ок-дарыларды, кабыл алуу (берүү)
АКТЫСЫ
20_-жылдын ___ - _________________
________________________________________________________ негизинде
(буйруктар, көрсөтмөлөр, тескемелер)
_______________________________________________________________ таандык
(окуу жайдын аталышы)
жана ________________________________________________________ сакталган
(орду көрсөтүлөт)
_______________________________________________________________________
(куралдардын, ок-дарылардын жана окуп үйрөнүүчү мүлктөрдүн түрү)
________________________________ кабыл алуу (өткөрүп берүү) жүргүзүлдү.
Кабыл алууда (өткөрүп берүүдө) төмөнкүлөр бар болгон:
┌──┬────────────┬────────┬──────┬───────┬─────────────┬──────┬────────┐
│№ │ Аталышы, │Каттоо- │Эсепте│Бар │Жетишпегендик│Ашыкча│Эскертүү│
│п/│сериясы жана│нун │турат │болгон-│гендик │ │ │
│п │ номери │бирдиги │ │дор │ │ │ │
├──┼────────────┼────────┼──────┼───────┼─────────────┼──────┼────────┤
│1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │
├──┼────────────┼────────┼──────┼───────┼─────────────┼──────┼────────┤
├──┼────────────┼────────┼──────┼───────┼─────────────┼──────┼────────┤
├──┼────────────┼────────┼──────┼───────┼─────────────┼──────┼────────┤
├──┼────────────┼────────┼──────┼───────┼─────────────┼──────┼────────┤
├──┼────────────┼────────┼──────┼───────┼─────────────┼──────┼────────┤
├──┼────────────┼────────┼──────┼───────┼─────────────┼──────┼────────┤
└──┴────────────┴────────┴──────┴───────┴─────────────┴──────┴────────┘
Тапшырды _____________________
(колу, аты-жөнү)
Кабыл алды ____________________
(колу, аты-жөнү)
2-тиркеме
Окуп үйрөнүүчү куралдардын, ок-дарылардын жана
табелдик мүлктүн бар экендигин жана кыймылын каттоо
КИТЕБИ
__________________________________________________________________
(окуу жайдын аталышы)
20__-жылдын ____-__________ башталган
20__- жылдын ___-_____________ бүткөн
I. Окуп үйрөтүүчү куралдар жана ок-дарылар
┌─┬───────┬─────────────┬────────────┬─────────────────────┬──────────┐
│№│Жазган │ Куралдардын,│Кайсы жерден│ Кыймыл │Ички иштер│
│ │күн-айы│ аталышы, │ келип түштү├───────┬─────┬───────┤органынын │
│ │ │сериясы жана │(кайсы жерге│ келди │кетти│ турат │куралдарды│
│ │ │ чыгарылгын │ кетти), │ │ │ │сактоо │
│ │ │ жылы │ документтин│ │ │ │укугуна │
│ │ │ │ аталышы, │ │ │ │уруксаттын│
│ │ │ │ анын номери│ │ │ │күнү жана │
│ │ │ │ жана күнү │ │ │ │номери │
│ │ │ │ │ │ │ │ │
├─┼───────┼─────────────┼────────────┼───────┼─────┼───────┼──────────┤
│1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │
├─┼───────┼─────────────┼────────────┼───────┼─────┼───────┼──────────┤
├─┼───────┼─────────────┼────────────┼───────┼─────┼───────┼──────────┤
├─┼───────┼─────────────┼────────────┼───────┼─────┼───────┼──────────┤
├─┼───────┼─────────────┼────────────┼───────┼─────┼───────┼──────────┤
├─┼───────┼─────────────┼────────────┼───────┼─────┼───────┼──────────┤
├─┼───────┼─────────────┼────────────┼───────┼─────┼───────┼──────────┤
└─┴───────┴─────────────┴────────────┴───────┴─────┴───────┴──────────┘
II. Табелдик окуп үйрөнүүчү мүлк
┌──┬───────┬─────────────────┬──────────────────┬─────────────────────┐
│ №│Жазган │ Куралдардын │Кайсы жерден келип│ Кыймыл │
│ │күн-айы│ аталышы, сериясы│түштү (кайсы жерге├───────┬─────┬───────┤
│ │ │ жана чыгарылгын│ кетти), │ келди │кетти│ турат │
│ │ │ жылы │ документтин │ │ │ │
│ │ │ │ аталышы, анын │ │ │ │
│ │ │ │ номери жана күнү │ │ │ │
├──┼───────┼─────────────────┼──────────────────┼───────┼─────┼───────┤
│ 1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │
├──┼───────┼─────────────────┼──────────────────┼───────┼─────┼───────┤
├──┼───────┼─────────────────┼──────────────────┼───────┼─────┼───────┤
├──┼───────┼─────────────────┼──────────────────┼───────┼─────┼───────┤
├──┼───────┼─────────────────┼──────────────────┼───────┼─────┼───────┤
├──┼───────┼─────────────────┼──────────────────┼───────┼─────┼───────┤
└──┴───────┴─────────────────┴──────────────────┴───────┴─────┴───────┘
3-тиркеме
__________________________________________________________________
(Окуу жайдын аталышы)
Окуп үйрөнүүчү куралдарды, ок-дарыларды,
кичине найлуу мылтыктарды жана ага патрондорду
жана табелдик окуу мүлктү берүү
КИТЕБИ
20__-жылдын ____-__________ башталган
20__- жылдын ___-_____________ бүткөн
I. Окуп үйрөнүүчү курал жана кичине найлуу мылтыктар
┌─┬──────┬───────────┬──────────┬───────────────────────┬─────────────┐
│№│Берген│Куралдардын│Таратуунун│ Берилди │ Кайтарылып │
│ │ күн │ аталышы, │ негизи │ │ берилди │
│ │ │ сериясы │ ├────┬────────┬─────────┼────┬────────┤
│ │ │жана номери│ │Саны│ Курал │Алгандагы│Саны│ Кабыл │
│ │ │ │ │ │ берил- │ тилкаты │ │алуунун │
│ │ │ │ │ │ гендин │ │ │ күнү │
│ │ │ │ │ │аты-жөнү│ │ │ жана │
│ │ │ │ │ │ │ │ │тилкат │
├─┼──────┼───────────┼──────────┼────┼────────┼─────────┼────┼────────┤
│1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │
├─┼──────┼───────────┼──────────┼────┼────────┼─────────┼────┼────────┤
├─┼──────┼───────────┼──────────┼────┼────────┼─────────┼────┼────────┤
├─┼──────┼───────────┼──────────┼────┼────────┼─────────┼────┼────────┤
└─┴──────┴───────────┴──────────┴────┴────────┴─────────┴────┴────────┘
II. Кичине найлуу патрондор
┌─┬──────┬────────┬──────┬───────────────────┬────────────────────────┐
│№│Берген│Курал- │Тара- │ Берилди │ Кайтарылып берилди │
│ │ күн │дардын │туунун├────┬──────┬───────┼────────┬───────┬───────┤
│ │ │аталышы,│негизи│Саны│Курал │Алган- │Чыгым- │Гилза- │Кабыл │
│ │ │сернясы │ │ │берил-│дагы │далбаган│сынан │алуунун│
│ │ │жана │ │ │гендин│тилкаты│патрон- │атылбай│күнү │
│ │ │номери │ │ │аты- │ │дор │калган │жана │
│ │ │ │ │ │жөнү │ │ │патрон-│тилкат │
│ │ │ │ │ │ │ │ │дор │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─┼──────┼────────┼──────┼────┼──────┼───────┼────────┼───────┼───────┤
│ │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │ 10 │
├─┼──────┼────────┼──────┼────┼──────┼───────┼────────┼───────┼───────┤
├─┼──────┼────────┼──────┼────┼──────┼───────┼────────┼───────┼───────┤
├─┼──────┼────────┼──────┼────┼──────┼───────┼────────┼───────┼───────┤
└─┴──────┴────────┴──────┴────┴──────┴───────┴────────┴───────┴───────┘
III. Табелдик окуп үйрөнүүчү ок-дарылар жана мүлктөр
┌─┬──────┬─────────┬──────────┬──────────────────────┬────────────────┐
│№│Берген│Куралдар-│Таратуунун│ Берилди │ Кайтарылып │
│ │ күн │дын │ негизи │ │ берилди │
│ │ │аталышы, │ ├─────┬──────┬─────────┼────┬───────────┤
│ │ │сериясы │ │ Саны│Курал │Алгандагы│Саны│ Кабыл │
│ │ │жана │ │ │берил-│ тилкаты │ │ алуунун │
│ │ │номери │ │ │гендин│ │ │ күнү жана │
│ │ │ │ │ │аты- │ │ │ тилкат │
│ │ │ │ │ │жөнү │ │ │ │
├─┼──────┼─────────┼──────────┼─────┼──────┼─────────┼────┼───────────┤
│ │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ │ 9 │
├─┼──────┼─────────┼──────────┼─────┼──────┼─────────┼────┼───────────┤
├─┼──────┼─────────┼──────────┼─────┼──────┼─────────┼────┼───────────┤
├─┼──────┼─────────┼──────────┼─────┼──────┼─────────┼────┼───────────┤
└─┴──────┴─────────┴──────────┴─────┴──────┴─────────┴────┴───────────┘
4-тиркеме
__________________________________________________________________
(Окуу жайдын аталышы)
Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды
контролдоо, каттоо жана сактоо
ЖУРНАЛЫ
20__-жылдын ____-__________ башталган
20__- жылдын ___-_____________ бүткөн
┌─────────────┬──────────────┬──────────────┬───────────┬─────────────┐
│ Текшерүү │ Текшерүүнүн │ Эскертүүнү │Текшерүүчү-│Эскертүүлөрдү│
│ (ачкан) күнү│ жыйынтыктары │кайсы мөөнөткө│ нүн колу │жоюу жөнүндө │
│ │ │ чейин жоюу │ жана │ белги │
│ │ │ │ аты-жөнү │ │
├─────────────┼──────────────┼──────────────┼───────────┼─────────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │
├─────────────┼──────────────┼──────────────┼───────────┼─────────────┤
├─────────────┼──────────────┼──────────────┼───────────┼─────────────┤
├─────────────┼──────────────┼──────────────┼───────────┼─────────────┤
├─────────────┼──────────────┼──────────────┼───────────┼─────────────┤
├─────────────┼──────────────┼──────────────┼───────────┼─────────────┤
├─────────────┼──────────────┼──────────────┼───────────┼─────────────┤
└─────────────┴──────────────┴──────────────┴───────────┴─────────────┘
5-тиркеме
Куралдарды сактоо үчүн бөлмөдө турган мүлктөрдүн
ТИЗМЕСИ
┌───┬───────────────────────────┬─────┬──────────────────┬────────────┐
│ № │ Аталышы │Саны │Инвентардык номери│ Мөөрдүн │
│ │ │ │ │ номери │
├───┼───────────────────────────┼─────┼──────────────────┼────────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │
├───┼───────────────────────────┼─────┼──────────────────┼────────────┤
├───┼───────────────────────────┼─────┼──────────────────┼────────────┤
├───┼───────────────────────────┼─────┼──────────────────┼────────────┤
├───┼───────────────────────────┼─────┼──────────────────┼────────────┤
├───┼───────────────────────────┼─────┼──────────────────┼────────────┤
├───┼───────────────────────────┼─────┼──────────────────┼────────────┤
└───┴───────────────────────────┴─────┴──────────────────┴────────────┘
Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды каттоо, сактоо жана пайдалануу үчүн түздөн-түз жооптуу адамдын кызматы, колу жана аты-жөнү
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
20__-жылдын ____-______________
6-тиркеме
№ ___________________
Шкафта сакталуучу (пирамидада)
окуп үйрөнүүчү куралдардын
ТИЗМЕСИ
┌───┬───────────────────────────────────┬─────────────────────────────┐
│ № │ Аталышы │ _______ карата турат │
│ │ ├────┬────┬────┬────┬────┬────┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │
├───┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │
├───┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┤
├───┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┤
├───┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┤
├───┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┤
├───┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┤
├───┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┤
│ │Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана │ │ │ │ │ │ │
│ │ок-дарыларды каттоо, сактоо жана │ │ │ │ │ │ │
│ │пайдалануу үчүн түздөн-түз жооптуу │ │ │ │ │ │ │
│ │адамдын колу │ │ │ │ │ │ │
└───┴───────────────────────────────────┴────┴────┴────┴────┴────┴────┘
Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды каттоо, сактоо жана пайдалануу үчүн түздөн түз жооптуу адамдын кызматы, колу жана аты-жөнү
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
20__-жылдын ____-______________
7-тиркеме
Үкөктө (сейфте) сакталган
кичине найлуу патрондордун
ТИЗМЕСИ
┌───┬───────────────────────────────────┬─────────────────────────────┐
│ № │ Аталышы │ _______ карата турат │
│ │ ├────┬────┬────┬────┬────┬────┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │
├───┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │
├───┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┤
├───┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┤
├───┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┤
├───┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┤
├───┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┤
├───┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┤
│ │Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана │ │ │ │ │ │ │
│ │ок-дарыларды каттоо, сактоо жана │ │ │ │ │ │ │
│ │пайдалануу үчүн түздөн-түз жооптуу │ │ │ │ │ │ │
│ │адамдын колу │ │ │ │ │ │ │
└───┴───────────────────────────────────┴────┴────┴────┴────┴────┴────┘
Окуп үйрөнүүчү куралдарды жана ок-дарыларды каттоо, сактоо жана пайдалануу үчүн түздөн түз жооптуу адамдын кызматы, колу жана аты-жөнү
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
20__-жылдын ____-______________