Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-марты № 178
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 26-марты № 162, 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 26-марты № 162 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 26-марты № 162 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
4. "Мать-героиня" жана "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган адамдардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларды чектөө боюнча комиссиясына, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына кошумча төлөөлөрдү чектөө үчүн 2011-жылдын 22-ноябрына чейин берилген арыздары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна тиешелүү түрдө киргизилген деп табылсын.
5. "Мать-героиня" жана "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган, Өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды чектөө боюнча комиссиянын 2011-жылдын 17-мартындагы № 1 чечимине ылайык мурда өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия алган энелердин пенсиясына кошумча төлөөлөр 2012-жылдын 1-январынан баштап бир айлык пенсиянын өлчөмүндөгү жана атайын медициналык жардамдар үчүн социалдык керектөөлөргө жыл сайын берилүүчү акчалай жөлөк пулдар сакталбастан 2011-жылдын 22-ноябрынан тартып эсептик көрсөткүчтүн 1000 пайызы өлчөмүндө белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Мать-героиня" жана "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган адамдардын пенсияларына кошумча төлөмдөр үчүн республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жыл сайын акча каражатын бөлүүнү карасын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ө.Бабанов
|