Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-марты № 179
1999-2011-жылдар аралыгында кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркына шек келтирүүчү мамиле түрүнө жана жазалоо аракеттерине каршы Конвенцияны аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын экинчи Улуттук доклады жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1999-2011-жылдар аралыгында кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркына шек келтирүүчү мамиле түрүнө жана жазалоо аракеттерине каршы Конвенцияны аткаруу боюнча расмий тилде тиркелген Кыргыз Республикасынын экинчи Улуттук доклады жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Улуттук докладды Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына жиберсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ө.Бабанов
|