Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-марты № 185
«Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра сурап алуу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июнундагы № 315 «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |