Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-марты №189
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун жактыруу тууралуу
Мамлекеттештирүү аркылуу мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн мүлктү натыйжалуу башкаруу жана пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жактырылсын.
2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аталган токтомунун долбоору каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкарууну жана пайдаланууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 914-V «Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталган токтомдун № 1 тиркемесинде:
1, 2-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 11-16-пункттар менен толукталсын:
«
11. | «Кант цемент заводу» ААКынын акцияларынын 13,21 пайызы |
12. | «БМВ-750» LI Win code WВАКВ 810449 СҮ522O1 маркасындагы автомашина |
13. | «Мерседес-Бенц» G500 Win code WАВ 4632481 X1 62400 маркасындагы автомашина |
14. | «Лексус-LХ570» Win code JTSN ҮООW 294028398 маркасындагы автомашина |
15. | «Лексус-RХ330» 3МZ 4161824 маркасындагы автомашина |
16. | «Шевроле Субурбан LS» Win code IGNFK 163 Х9J 110614 маркасындагы автомашина |
«;
- аталган токтомдун № 2 тиркемесинде:
1-6, 9-13-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- аталган токтомдун № 3 тиркемесинде:
15-19, 21-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
14-пункттагы «(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун негизинде)» деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 23-35-пункттар менен толукталсын:
«
23. | Чүй областынын Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл-чарба багытындагы жер участогундагы курулуш |
24. | Самолет Як-40, борт номери ЕХ-00007, 1975-жылы чыккан |
25. | «Каприз» ЖЧКсынын үлүшүнүн 28.34 пайызы |
26. | «СК Ресүрс» ЖЧКсынын үлүшүнүн 35 пайызы |
27. | «СК Ресурс» ЖЧКсынын үлүшүнүн 35 пайызы |
28. | «Континент Принт» ЖЧКсынын үлүшүнүн 65 пайызы |
29. | Ысык-Көл областындагы Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан, аянты 10,0 га жер участогу |
30. | Ысык-Көл областындагы Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы «Солнышко» пансионатынын аймагында жайгашкан 5 бирдик кыймылсыз мүлкү бар, аянты 11,029 га жер участогу |
31. | Чолпон-Ата шаар башкармалыгынын аймагында жайгашкан, аянты 4,91 га жер участогу |
32. | Чолпон-Ата шаар башкармалыгынын аймагында жайгашкан, аянты 4,73 га жер участогу |
33. | Ысык-Көл областындагы Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан, аянты 9,32 га жер участогу жана ал участокто жайгашкан 91 бирдик кыймылсыз мүлк |
34. | Ысык-Көл областындагы Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы «Ысык-Көл-Аврора» санаторийинин аймагында жайгашкан «Аврора Плюс» элиталык турак комплекси бар, аянты 10,0 га жер участогу |
35. | Ысык-Көл областындагы Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы «Ысык-Көл-Аврора» санаторийинин аймагында жайгашкан «Аврора Грин» ден соолукту чыңоо-туристтик комплексинин 31 бирдик коттеджи жана көп квартиралуу конок үйү |
»;
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V «Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталган токтомдун № 1 тиркемесинде:
1, 2, 11-16, 19-23-пункттар күчүн жоготту деп табылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 25-30-пункттар менен толукталсын:
«
25. | «Кант цемент заводу» ААКынын акцияларынын 13,21 пайызы |
26. | «БМВ-750» LI Win code WВАКВ 810449 СҮ522O1 маркасындагы автомашина |
27. | «Мерседес-Бенң» G500 Win code WАВ 4632481 X1 62400 маркасындагы автомашина |
28. | «Лексус-LХ570» Win code JTSN ҮООW 294028398 маркасындагы автомашина |
29. | «Лексус-RХ330» 3МZ 4161824 маркасындагы автомашина |
30. | «Шевроле Субурбан LS Win code IGNFK 163 Х9J 110614 маркасындагы автомашина |
»;
- аталган токтомдун № 2 тиркемесинде:
14, 18-22-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
15-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 914-V токтомуна ылайык» деген сөздөр алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы 24-36-пункттар менен толукталсын:
«
24. | Чүй областынын Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл-чарба багытындагы жер участогундагы курулуш |
25. | Самолет Як-40. борт номери ЕХ-00007, 1975-жылы чыккан |
26. | «Каприз» ЖЧКсынын үлүшүнүн 28.34 пайызы |
27. | «СК Ресурс» ЖЧКсынын үлүшүнүн 35 пайызы |
28. | «СК Ресурс» ЖЧКсынын үлүшүнүн 35 пайызы |
29. | «Континент Принт» ЖЧКсынын үлүшүнүн 65 пайызы |
30. | Ысык-Көл областындагы Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан аянты 10.0 га жер участогу |
31. | Ысык-Көл областындагы Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы «Солнышко» пансионатынын аймагында жайгашкан, 5 бирдик кыймылсыз мүлкү бар, аянты 11,029 га жер участогу |
32. | Чолпон-Ата шаар башкармалыгынын аймагында жайгашкан, аянты 4,91 га жер участогу |
33. | Чолпон-Ата шаар башкармалыгынын аймагында жайгашкан, аянты 4,73 га жер участогу |
34. | Ысык-Көл областындагы Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан, аянты 9,32 га жер участогу жана ал участокто жайгашкан 91 бирдик кыймылсыз мүлк |
35. | Ысык-Көл областындагы Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы «Ысык-Көл-Аврора» санаторийинин аймагында жайгашкан «Аврора Плюс» элиталык турак комплекси бар, аянты 10,0 га жер участогу |
36. | Ысык-Көл областындагы Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы «Ысык-Көл-Аврора» санаторийинин аймагында жайгашкан «Аврора Грин» ден соолукту чыңоо-туристтик комплексинин 31 бирдик коттеджи жана көп квартиралуу конок үйү |
»;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдон келип чыккан тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
|