Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-марты № 190
"2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын натыйжасында жабыр тарткан жарандарды социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын натыйжасында жабыр тарткан жарандарды социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 190 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын натыйжасында жабыр тарткан жарандарды социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктунун 7-пунктчасын, 28, 29, 30 жана 34-беренелерин жетекчиликке алып төмөнкүдөй корутундуга келди.
Берилген мыйзам долбоору 2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан коргоонун актуалдуу чараларын караштырат.
Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун айрым ченемдери колдонулуудагы мыйзамдардын ченемдерине каршы келет, кайталайт же толук өлчөмдө туура келбейт (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-августундагы № 124 "2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарын мамлекеттик социалдык колдоо жөнүндө" Декрети (мындан ары Декрет) ж.б.).
Мыйзам долбоорунун ченемдери каза болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы жайылтылаарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзам долбоорун төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайт:
"2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды жана каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо жөнүндө".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кепилдикке алынган минималдуу кирешеден (мындан ары - КМК) бөлөк 37 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө кошумча ай сайын жөлөкпул (мындан ары - КАСП) төлөөнү сунуштайт.
Бул сунуш азыркы учурда белгиленген кошумча ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн сактоо менен КАСПны КМКдан бөлүүнү караган Дүйнөлүк банк менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык макулдашуунун (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Экономиканы калыбына келтирүүнү колдоо боюнча долбоор) алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттенмелери менен шартталган.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган Финансылык макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттенмесине 25 категориянын деңгээлинде коммуналдык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды алуучулардын негизделген категорияларынын санын сактоо кире тургандыгына көңүл бурат, ушуга байланыштуу кошумча компенсациялык төлөөлөрдү киргизүүнү максатка ылайык келбейт деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле жабыр тарткан адамдарга социалдык кепилдиктерди алуу укугуна белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берүүнү максатка ылайык келбейт деп эсептейт, анткени азыркы учурда аталган адамдар социалдык коргоо органдарында эсепте турат, ченемдик укуктук актыларда белгиленген социалдык кепилдиктерди алышат.
Ошону менен бирге эле 3-берененин экинчи абзацын төмөнкү редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"- каза болгондордун балдарына - алар он сегиз жашка чыкканга чейин, башталгыч, орто-атайын жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын окуучуларына жана студенттерине стипендия төлөнгөн учурда - ушул типтеги билим берүү уюмдарында алар окуусун бүткөнгө чейин";
9-берененин төртүнчү абзацын төмөнкү редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"- башталгыч, орто-атайын жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын окуучуларына жана студенттерине стипендия төлөө - экзамендердин жыйынтыгы боюнча жакшы бааларды алганда".
Ошондой эле, мыйзам долбоорунун 10-беренесинин онунчу абзацы мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик жана коммуналдык турак жай фондунун турак жайларын жеке менчикке акысыз өткөрүп берүүнү карайт.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасында турак жай фондун менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык төмөнкүлөр менчиктештирилбей тургандыгын белгилейбиз:
- белгиленген санитариялык жана техникалык талаптарга жооп бербеген, жашоо үчүн белгиленген тартипте жараксыз деп таанылган жана ремонттоого болбогон квартиралар;
- кызматтык турак үйлөр, квартиралар;
- бузулуучу үйлөр;
- жабык аскер шаарчаларындагы үйлөр;
- туугандык мамилелерде болбогон эки же андан ашык үй-бүлө жашап, алардын ортосунда талаш болгондогу учурдагы квартиралар.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзам долбоорунун аракетин мурда Декретте аныкталган адамдардын чөйрөсү менен гана чектөөнү жана 2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткандар тарабынан түзүлгөн коомдук бирикмелерге жана уюмдарга республикалык бюджеттин эсебинен жайларды, жабдууларды жана жардамдын башка түрлөрүн берүүгө көмөк көрсөтүүнү караган 13-беренени алып салууну сунуштайт.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесин көңүлгө алуу керек, ага ылайык ишке ашырууда мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булактарын аныктаганга чейин кабыл алынбайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен каржылоо булагы аныкталган жана толукталып иштелип чыккан шартта ушул мыйзам долбоорун кабыл алууга болот деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ушул долбоору кабыл алынган учурда жогоруда аталган Декретти күчүн жоготту деп табуу зарыл.
|
|