Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-марты № 196
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде ушул мыйзам долбоору каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» («Эркин Тоо» газетасы, 2011-жылдын 22-июлу, № 59) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 31-берененин 5-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
2-берене. «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө» («Эркин Тоо» газетасы, 2011-жылдын 22-июлу, № 59) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 11-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|