Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-марты № 197
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №197 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан демилге кылынган «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны кабыл алуу төмөнкүдөй негиздер боюнча максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда жергиликтүү судьялардын штаттык санын 22 бирдикке жана жергиликтүү соттордун аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларынын штаттык санын 44 бирдикке (жардамчыларды 22 бирдикке жана катчыларды 22 бирдикке) көбөйтүү сунуш кылынат. Ушуга байланыштуу чыгымдарга болгон кошумча муктаждык 16,8 млн. сомду түзөт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен тындырылуучу чыгымдарды көбөйтүү каралган мыйзам долбоорлору аны каржылоонун булактары аныкталгандан кийин гана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кабыл алынууга тийиш. Ушуга байланыштуу жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын көбөйтүү сот системасын күтүү үчүн кошумча чыгымдардын пайда болушуна алып келет.
Бирок бюджеттик ресурстар өтө чектүү болгон шарттарда, мамлекеттик карыздар боюнча жана социалдык сектор боюнча милдеттенмелердин олуттуу өлчөмүнө, ошондой эле бюджеттик дефициттин программалык багыттарынын аткарылбай калуусунун тобокелдиктеринин күчөшүнө байланыштуу жергиликтүү судьяларды күтүү үчүн кошумча чыгымдарды республикалык бюджеттен жүргүзүү мүмкүн эмес.
Республикада сот системасын каржылоонун маселелерин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти жүргүзөт. 2012-жылга бюджеттин долбоорунда Сот департаментине 336,9 млн сом суммасындагы каражат, анын ичинде аппаратка 10,0 млн сом, ведомстволук уюмдарга 318,5 млн сом, атайын каражаттардын эсебинен 8,1 млн сом каралган.
«Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013 - 2014-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда жергиликтүү соттордун кошумча штаттык санын каржылоо үчүн зарыл болгон каражаттар каралган эмес.