Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 28-майындагы № 332 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-марты № 200
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2008-ж, № 8, 922-берене) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
«17) «Преференциалдык региондор» - баалоо критерийлери жана тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган райондор.»
2. 208-берене «ошондой эле маданий жана спорттук» деген сөздөрдөн кийин «билим берүү, саламаттыкты сактоо уюмдарына» деген сөздөр менен толукталсын.
3. 212-берененин -бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
«9) преференциалдык региондордо жаңы түзүлгөн продукцияны өндүрүү жана/же кайра иштетүү боюнча ишти жүзөгө ашырган уюмдар, тоо кен казуучу же кенди кайра иштетүүчү ишканалардан тышкарыда салыктык каттоо күнүнөн 5 жыл бою, анын ичинде каттоо жүзөгө ашырылган салык мезгилинде.».
4. 315-берене төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«4. Жылдык 7 пайыздан ашпаган ставка боюнча ипотекалык кредит берүүдөн банк алган пайыздык кирешелер сатык салыгын төлөөдөн бошотулат.».
5. 319-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
«319-берене. Салыктын ставкасы
Сатуудан салыктын ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:
1) КНС салынуучу берүүлөр боюнча субъекттерге салык салынуучу товарларды, иштерди, кызматтарды сатууда:
а) соодалык иш үчүн - 0,75 пайыз өлчөмүндө;
б) уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен тышкарыда ушул пункттун а) пунктчасында каралбаган иш үчүн - 1,5 пайыз өлчөмүндө;
2) ушул берененин 1-пунктунда каралбаган учурларда товарларды, иштерди, кызматтарды сатууда:
а) айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр жайы боюнча иш үчүн - 1,0 пайыз өлчөмүндө;
б) соода иши жана банк иши үчүн - 2,0 пайыз өлчөмүндө;
в) уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш үчүн 5,0 пайыз өлчөмүндө;
г) ушул пункттун а), б) жана в) пунктчаларында каралбаган иш үчүн - 3,0 пайыз өлчөмүндө.
Ушул беренеде соода иши деп сатуу максатында сатылып алынган товарларды сатуу боюнча иши түшүнүлөт.»,
6. 330-берененин 4-бөлүгүнүн 2-пунктундагы «жылына 30,0 млн сомдон аз эмес өндүрүш көлөмүн жана/же чыгарылган продукцияны кайра иштетүүнү камсыз кылган шартта» деген сөздөр алып салынсын.
7. 344-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«2. Жергиликтүү кеңештер жер салыгын төлөөдөн толук же жарым жартылай бошотуу укугун бере алышат:
1) ал жеткис күчтөн улам жер пайдалануучу материалдык зыян тарткан учурларда айыл чарба жерлери «боюнча 3 жылдык мөөнөткө чейин;
2) калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлер боюнча продукция өндүрүү жана/же кайра иштетүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жаңыдан түзүлгөн уюмдар үчүн 5 жылга чейинки мөөнөткө.».
2-берене. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Эркин-Тоо гезити, 2008-жылдын 22-октябры, № 78-81) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
6-берене төмөнкү мазмундагы 6, 7 жана 8-бөлүктөр менен толукталсын:
«б. Уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш үчүн - сатуудан алынуучу салык ставкасы 5,0 пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
7. КНС салынуучу берүүлөр боюнча субъекттерге товарларды, иштерди, кызматтарды сатууда сатуу салыгынын ставкасы 2014-жылдын 1-январынан тартып төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленсин:
1) КНС салынуучу берүүлөр боюнча субъекттерге товарларды, иштерди, кызматтарды сатуудагы салыктар:
а) соода иши үчүн - 0,50 пайыз өлчөмүндө;
б) уюлдук байланыш чөйрөсүнөн тышкарыда ушул пункттун а) пунктчасында каралбаган иш үчүн - 1,0 пайыз өлчөмүндө.
8. 2015-жылдын 1-январынан тартып 2015-жылдын 31-декабрына чейин КНС салынуучу берүүлөр боюнча товарларды, иштерди, кызматтарды сатууда субъекттерге салынуучу салык ставкасы төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленсин:
а) соода иши үчүн - 0,25 пайыз өлчөмүндө;
б) уюлдук байланыш чөйрөсүнөн тышкарыда ушул пункттун а) пунктчасында каралбаган иш үчүн - 0,5 пайыз өлчөмүндө.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын бул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4-берене. 2012-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирген бул мыйзамдын 2-беренесинин 3-абзацынан тышкарыда бул мыйзам 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|