Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-марты № 206
«Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомосттору, 1997-ж., № 3, 126-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 13-беренесинин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;
- 15-беренедеги «бир айлык мөөнөттөн» деген сөздөр «календардык отуз күндөн» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 17-3-берене менен толукталсын:
«17-3-берене. Лицензиялоочу орган лицензияны берүүнүн мөөнөтүн бузган же аны берүүдөн баш тарткан учурда лицензияны тариздөө тартиби
1. Лицензиялоочу орган лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөттө лицензия берүү тууралуу чечимдин кабыл алынышы жөнүндө же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
Лицензия берүү же баш тартуу жөнүндө билдирүү арыз ээсине жазуу жүзүндө жиберилет (тапшырылат).
2. Эгерде лицензиялоочу орган арыз ээсине лицензия бербесе, же лицензия берүүдөн баш тартуунун себеби жөнүндө жазуу жүзүндө билдирбесе, анда лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн баштап беш жумушчу күн өткөндөн кийин арыз ээси өзү билдирген иштин түрүн жүргүзүп баштагандыгы жөнүндө тиешелүү лицензиялоочу органга жазуу жүзүндө билдирет.
Лицензиялоочу орган арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алгандан кийин календардык отуз күндөн кеч эмес мезгилде лицензия берүүгө милдеттүү, аны колдонуу арыз ээси жазуу жүзүндөгү билдирүүдө аталган күндөн башталат.
3. Кен пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечимдери жер казынасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.»;
- 18-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«18-берене. Лицензия берүүдөн баш тартууга даттануу
Эгерде лицензия берүүдөн баш тартуу арыз ээсине негизсиз болуп көрүнсө, анда ал бул аракеттерге сот тартибинде даттанууга укуктуу.».
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн толук чараларды көрсүн.
2. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|