Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-марты № 211
"Телемедициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Иманалиев, Э.Б.Иманкожоева жана Б.И.Сулейманов демилгелеген "Телемедициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Иманалиев, Э.Б.Иманкожоева жана Б.И.Сулейманов демилгелеген "Телемедициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары - мыйзам долбоор) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү билдирет.
Мыйзам долбоордун 2-беренесинде "телемедициналык кызмат көрсөтүүчүлөр", "телемедициналык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр", "телемедициналык кызмат көрсөтүүнүн провайдерлери" деген түшүнүктөр берилгендигин эске алып, кайталанбаш үчүн мыйзам долбоордун 9-беренесинин 1-бөлүгүн, 10-беренени жана 11-берененин 1-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоордун 2-беренесинде "электрондук маалымдоо" деген түшүнүктү "Электрондук документ жана электрондук санариптик кол коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген аныктамага ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
Мыйзам долбоордун 4-беренесинде мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына телемедицина тармагындагы ченемдик укуктук жөнгө салуу ыйгарым укуктары менен жана ушул тармактагы ченемдик укуктук актылардын аткарылышын контролдоо укугун берүү, ошондой эле телемедицина тармагында стандарттарды, регламенттерди, нормаларды жана эрежелерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, алардын аткарылышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктарды берүү сунушталууда. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу укугу бар субъекттердин толук тизмеги аныкталганын белгилейбиз. Ушул мыйзамдын 4-беренеси менен ченемдик укуктук актылардын түрлөрүнүн толук тизмеги аныкталган. Аталган Мыйзамдын 34-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылардын ишке ашырылышын контролдоону ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу укугу бар субъекттер жүргүзүүгө укуктуу. Жогоруда айтылгандардын негизинде мыйзам долбоордун 4-беренесин толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишмердигин жергиликтүү маанидеги маселелерге ылайык жүргүзүшөт. Мында белгилеп кетчү нерсе, мыйзам долбоордун 4-беренесинин 2-бөлүгүндөгү 1)-7)-пункттарды аткаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына тиешелүү эмес.
Мыйзам долбоордун 6-беренеси менен телемедициналык кызмат көрсөтүү системасын түзүүнү жана эксплуатациялоону каржылоо милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынын эсебинен да жүргүзүлүшү мүмкүн экендигин аныктоо сунушталууда. Ошону менен бирге белгилеп кетчү нерсе, "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык милдеттүү медициналык камсыздандыруунун максаты милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларынын алкагында камсыздандырылган жарандарга сапаттуу медициналык жана алдын алуу жардамы менен кепилге алынган камсыз кылуу болуп саналат.
Ошону менен бирге, мыйзам долбоордун 6-беренесинде бюджеттен тышкары фонддордун каражаттары телемедициналык кызмат системасын каржылоо булагы да болушу мүмкүндүгүн аныктоо сунушталууда. Бирок, "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 30-беренесинде менен Социалдык фондду, Медициналык камсыздандыруу фондун, ошондой эле ыктыярлуу салымдар жана төгүмдөр эсебинен түзүлгөн бюджеттен тышкары фонддорду кошпогондо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкары фонддорун түзүүгө тыюу салынган.
Тигил же бул тармактагы адистерди даярдоо маселелери "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жөнгө салган чөйрө болуп саналгандыктан, мыйзам долбоордун 7-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоордун 11-беренесинин 4-бөлүгүндө телемедициналык кызматтын провайдеринен чыккан маалыматтардын берилишине коюлган талаптар каралган, бул өзү жарнама болуп саналат. Мыйзам долбоордун 11-беренесинин көрсөтүлгөн бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз, анткени жарнама жаатында ак ниет эмес атаандаштыктан коргоо, жеке же юридикалык жактардын ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирген, же аталган жактардын намысына жана ишкерлик аброюна доо келтирген жана жарнама кардарларын адаштырган туура эмес жарнаманы болтурбоо жана бөгөт коюу "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын максаттары болуп саналат.
Мыйзам долбоордун 22-беренесинин 2-бөлүгүндө "автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу" деген сөздөрдөн кийин "электрондук санариптик кол коюу" деген сөздөр менен (андан нары текст боюнча) толуктоону сунуштайбыз.
Мыйзам долбоордун 22 жана 8-беренелери менен жалпы нормаларды аныктоо сунушталууда, аларга ылайык телемедициналык кызмат көрсөтүү процессинин катышуучуларынын өз ара аракеттешүүсү келишимдерди түзүүнүн негизинде ишке ашырылат, анын мазмуну жана формасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 22-главасы келишим жөнүндө жалпы жоболорду регламенттегенин эске алып, телемедициналык кызмат көрсөтүүнүн катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин мыйзам долбоордо караштыруу максатка ылайык эмес деп эсептейбиз. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоордун 15-21-беренелерин алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоордун 27-беренесин алып салууну сунуштайбыз, анткени Кыргыз Республикасынын аймагында автордук укук чөйрөсүндө пайда болгон мамилелерди жөнгө салуу "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен регламенттелет.
Мыйзам долбоор ишкерлик иш-аракетти жүргүзүү маселелерин камтыйт. Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен методикага ылайык жөнгө салуучу таасирди талдоого алууга жатат.
Берилген мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгашалардын көбөйүшүн караштырат. Мыйзам долбоорго экономикалык эсептер жана финансылык негиздемелер берилген эмес. Бул учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык бул мыйзам долбоорду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алуу Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин гана мүмкүн экендигин белгилейбиз.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Телемедициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайык эмес деп эсептейт.