Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-марты № 212
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
| Долбоор |
1-берене.
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-берене) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
4-берененин 6-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6. Керектөөчү товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) иш жүзүндө алынган саны үчүн гана акы төлөйт. Товар, жумуш жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда же тараптардын макулдашуусу менен алдын ала төлөөнү киргизүү аркылуу да жүргүзүшү мүмкүн.".
2-берене.
"Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 9, 327-берене) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
төмөнкү мазмундагы 33-1-берене менен толукталсын:
"33-1-берене. Пайдаланылган газ үчүн төлөө шарттары жана тартиби
Газды керектөөчү, анын ичинде тиричиликтик керектөөчү жеке эсептегичтин көрсөткүчүнө ылайык, календардык айда бир жолу, керектөө мезгилинде колдонулган тарифтер боюнча, же алдын ала төлөө картасы менен электрондук эсептегичти пайдалануу, же контракттын шарттарына ылайык газды керектөөнүн орточо айлык эсеби менен алдын ала төлөө аркылуу төлөөнү жүргүзөт.
Тиричиликтик керектөөчүлөр үчүн эсептегичтерди газ берүүчү биринчи жолу акысыз негизде орнотот.".
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыялангандан күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 токтому менен "2011-жылга карата экономика жана коопсуздук" Иш-чараларынын Планы бекитилген жана ал боюнча Энергетика жана өнөр жай министрлигине алдын ала төлөө картасы бар электр эсептегичтерди киргизүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылган.
Бул тапшырманы аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2011-жылдын 14-октябрында ыктыярдуу түрдө алдын ала төлөм жүргүзүү же электрондук карталарды пайдалануу менен алдын ала төлөм жүргүзө турчу эсептегичтерди орнотуу каралган № 636 "Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоору тууралу токтому кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети, ошондой эле өнөр жай, энергетика жана жер алдындагы кендерди иштетүү боюнча комитети тарабынан жогорудагы аты аталган Мыйзам долбоору керектөөчүлөр үчүн алдын ала төлөм жүргүзө турчу эсептегичтерди камсыздай турчу ишкана эсебинен орнотуу жана КРнын "Керектөөчүлөрдүн укугун корго жөнүндө" Мыйзамынын 4-статьясынын 6-бөлүгүндөгү керектөөчүнүн иш жүзүндө кабыл алган товар көлөмү үчүн гана төлөм жүргүзүүсү каралган карама-каршылыктарды жоюу сунушу менен колдоо тапкан.
Бул карама-каршылыктары жоюу максатында Энергетика жана өнөр жай министрлиги тарабынан кошумча түрдө алдын ала төлөмдөрдү киргизүү жолу аркылуу товар, аткарылган иш жана кызматтарды кошо төлөө мүмкүнчүлүгү карала турчу "Кыргыз Республикасынын айрым бир мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоору демилгеленген.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын "Мунай жана газ жөнүндө" Мыйзамын колдонулган газ үчүн болгон төлөмдөр менен шарттарды аныктай турчу берене менен толуктоо сунуш кылынууда.
"Газ керектөөчү, анын ичинде турмуш тиричилик максатта колдонгон керектөөчүлөр, керектөө учурундагы тарифтер боюнча жекече эсептегичтеги көрсөткүчтөргө ылайык календардык айга карата айына бир жолу төлөм жүргүзөт же алдын ала төлөм жүргүзүү картасы бар электрондук эсептегичтерди пайдалануу же келишимдин шарттарына ылайык орточо айлык газ колдонуу эсеби боюнча алдын ала төлөм жүргүзөт.
Керектөөчүлөр үчүн эсептегичтер газ жабдуучусу тарабынан биринчи жолу акысыз коюлат".
Киргизилип жаткан мыйзам долбоору аркылуу алдын ала төлөм жүргүзө турчу картасы бар электрондук эсептегич же башка эсеп приборлору (эсептегичтер) бар учурда алдын ала төлөм жүргүзүүнүн ыктыярдуу системасы регламенттеленет. Эгерде электр эсептегичи жок болсо, керектөөчү орточо айлык керектөө эсебинен ыктыярдуу түрдө алдын ала төлөм жүргүзө алат.
Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу, энерго ресурстар үчүн болгон алдын ала төлөмдү мыйзамдуу түрдө бекитип, абоненттер менен камсыздай турчу компаниялардын кызматкерлери ортосундагы өз ара сүйлөшүүлөргө бөгөт коюу жолу аркылуу жоготуу жана уурдоо фактыларын кыскартып, электр энергиясы жана газ үчүн болгон төлөмдөрдү чогултуу учурундагы коррупциялык факторлордун келип чыгуусун алдын алат. Эсеп көрсөтүү процедурасын жөнөкөйлөштүрүү жана эсеп приборлорунун ишине карата болгон адам кийлигишүүсүн алдын алуу менен акча каражаттарын жыйноону көбөйтүп, көзөмөл жүргүзө турчу кызматкерлердин (контролер) санын кыскартуу пландаштырылууда.
Кыргыз Республикасына газ сатуучулардын алдын ала төлөөнү талап кылып келе жатышкандыгына байланыштуу, газ тармагындагы керектөөчүлөргө алдын ала төлөм жүргүзө турчу эсептегичтерди орнотуу иши 2008-жылдын июнь айынан тартып жүргүзүлө баштаган жана ал бүгүнкү күнү өз натыйжалуулугун далилдеди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин сын-пикирлери жана сунуштары эске алынуу менен кайрадан иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын айрым бир мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү" Мыйзам долбоору жалпы коомчулуктун талкуусуна коюлуу үчүн Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайттарына жайгаштырылган.
Министр | А.Шадиев |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ │ │
│ Күчүндөгү редакция │ Сунушталган редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ Кыргыз Республикасынын │ Кыргыз Республикасынын │
│ "Керектөөчүлөрдүн укуктарын │"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо│
│ коргоо жөнүндө" Мыйзамы (Кыргыз │ жөнүндө" Мыйзамы │
│Республикасынын Жогорку Кеңешинин │ │
│ Ведомосту 1998 ж., № 2, 5 б.) │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│4-статья. Товардын (иштин, │4-статья. Товардын (иштин, │
│ кызматтын) сапаты жана │ кызматтын) сапаты жана │
│ саны │ саны │
│ │ │
│6. Керектөөчү товардын (иштин, │"6. Керектөөчү товардын (иштин, │
│кызматтын) иш жүзүндө алынган саны│кызматтын) иш жүзүндө алынган │
│үчүн гана акы төлөйт. │саны үчүн акы төлөйт. КЫРГЫЗ │
│ │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНДА │
│ │ЖЕ ТАРАПТАРДЫН КЕЛИШИМДЕРИНДЕ │
│ │КАРАЛГАН УЧУРЛАРДА ТОВАР, ИШ ЖАНА │
│ │КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА ТӨЛӨМ АЛДЫН│
│ │АЛА АКЫ ТӨЛӨӨ ЖОЛУ МЕНЕН │
│ │АТКАРЫЛЫШЫ МҮМКҮН.". │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│Кыргыз Республикасынын "Мунай жана│Кыргыз Республикасынын "Мунай жана│
│газ жөнүндө" Мыйзамы (Кыргыз │газ жөнүндө" Мыйзамы │
│Республикасынын Жогорку Кеңешинин │ │
│Ведомосту № 9, 1998 ж., 327 б.) │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ │"33-1-СТАТЬЯ. КОЛДОНУЛГАН ГАЗ ҮЧҮН│
│ │ АКЫ ТӨЛӨӨНҮН │
│ │ ШАРТТАРЫ ЖАНА │
│ │ ЭРЕЖЕЛЕРИ │
│ │ │
│ │ГАЗ КЕРЕКТӨӨЧҮ, АНЫН ИЧИНДЕ ТУРМУШ│
│ │ТИРИЧИЛИК МАКСАТТА КОЛДОНГОН │
│ │КЕРЕКТӨӨЧҮ, КЕРЕКТӨӨ УЧУРУНДАГЫ │
│ │ТАРИФТЕР БОЮНЧА ЖЕКЕЧЕ │
│ │ЭСЕПТЕГИЧТЕГИ КӨРСӨТКҮЧТӨРГӨ │
│ │ЫЛАЙЫК КАЛЕНДАРДЫК АЙГА КАРАТА │
│ │АЙЫНА БИР ЖОЛУ ТӨЛӨМ ЖҮРГҮЗӨТ │
│ │ЖЕ АЛДЫН АЛА ТӨЛӨМ ЖҮРГҮЗҮҮ │
│ │КАРТАСЫ БАР ЭЛЕКТРОНДУК │
│ │ЭСЕПТЕГИЧТЕРДИ ПАЙДАЛАНУУ ЖЕ │
│ │КЕЛИШИМДИН ШАРТТАРЫНА ЫЛАЙЫК │
│ │ОРТОЧО АЙЛЫК ГАЗ КОЛДОНУУ ЭСЕБИ │
│ │БОЮНЧА АЛДЫН АЛА ТӨЛӨМ ЖҮРГҮЗӨТ. │
│ │ТИРИЧИЛИК МАКСАТТА КОЛДОНГОН │
│ │КЕРЕКТӨӨЧҮЛӨРГӨ ЭСЕПТЕГИЧТЕР │
│ │БИРИНЧИ ЖОЛУ АКЫСЫЗ ТҮРДӨ │
│ │ОРНОТУЛАТ.". │