Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-марты № 218
Кыргыз Республикасынын аймагынан мунайзаттарын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-июнундагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
Тарифтер жана соода боюнча 1947-жылдын 30-октябрындагы Башкы макулдашуунун XI беренесинин 2-пунктуна жана 1994-жылдын 15-апрелиндеги Эркин соода аймагын түзүү жөнүндө макулдашуунун 13а-беренесинин 7-пунктуна ылайык, ички рыноктогу мунайзаттын кескин жетишсиздигине жана баалардын өсүшүнө жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында өндүрүлгөнүн кошпогондо ТЭИ ТН 2710111100-2710119000, 2710191100-2710191500, 2710192500-2710192900 товардык позицияларда классификацияланган бензинди, жеңил жана орто дистилляттарды жана башка бензиндерди, ТЭИ ТН 2710193100-2710194900 товардык позицияларда классификацияланган дизелдик отунду чыгарууга он эки ай мөөнөткө тыюу салуу киргизилсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн мунайзаттарды ташып чыгаруу темир жол транспорту, ошондой эле автомобиль транспорту менен товарды коштоонун электрондук контролдоо формасын колдонуп (GPS спутниктик навигациялык система), 10 автомашинадан кем эмес колоннада бажылык коштоо менен гана ишке ашырылары белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-июнундагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экспортко багытталган мунайды кайра иштетүүчү заводдордун аймагына бажы постторун орнотсун;
- ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарын аткарууну камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-июнундагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетинин Катчылыгына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ички соода иштерин жөнгө салуу боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.
5. Бул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги Дүйнөлүк соода уюмуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ички соода иштерин жөнгө салуу боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды контрабандалык чыгарууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана он эки ай жарактуу болот.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |