Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-июну № 420
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-мартындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын аймагынан мунайзаттарын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мунайзаттарды ата мекендик чыгаруунун жана аны экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасында чыгарылган мунайзаттарды транзиттик ташууда түзүлгөн кырдаалды көңүлгө алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 53-1 жана 363-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-мартындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын аймагынан мунайзаттарын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 2 жана 3-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин:
"2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн мунайзаттарды ташып чыгаруу темир жол транспорту, ошондой эле автомобиль транспорту менен товарды коштоонун электрондук контролдоо формасын колдонуп (GPS спутниктик навигациялык система), 10 автомашинадан кем эмес колоннада бажылык коштоо менен гана ишке ашырылары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экспортко багытталган мунайды кайра иштетүүчү заводдордун аймагына бажы постторун орнотсун;
- ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарын аткарууну камсыз кылсын.".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |