Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-марты № 220
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
Долбоор
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 8, 922-6) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 153-берененин 20-пунктундагы "түшүп, кооперативдин мүчөлөрүнө арналат" деген сөздөр "түшөт" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 163-берененин 4-бөлүмүнүн 4-пункту "гараждык" деген сөздөн кийин ", айыл чарба товардык-тейлөөчү" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын бул Мыйзамынын долбоору өлкөнүн кооперативдик кыймылын мындан ары өнүктүрүүгө багытталат.
Өлкөнүн агро өнөр-жай комплексинде кооперативдик чарба жүргүзүү формаларын өнүктүрүү - экономикалык дараметти чыңдоодо, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн атаандаштыкка жарамдуулугун көтөрүүдө, чарба жүргүзүү шарттарын жакшыртууда, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу маселелерди чечүүдө жана товардык продукцияны көбөйтүүгө өбөлгөлөрдү түзүүдө бөтөнчө ролду ойнойт. Кооперативдерге биригип, чарба жүргүзүү материалдык жана каржы ресурстарын рационалдуу пайдаланууга, өндүрүш жана башка чыгымдарды азайтууга, рыноктогу артыкчылыктарга жетүүгө жардам берет.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык айыл чарба товардык-сервистик кооперативдер сатуудан жана пайдадан алынуучу салыктан бошотулган. Бирок ушуга карабастан, Улуттук стат комитеттин маалыматтары боюнча иштеп жаткан кооперативдердин саны 2006-жылга салыштырмалуу 3 эсе азайган, эгерде 2006-жылы 1240 кооператив бар болсо, 2011-жылдын жыйынтыгы менен 352 кооператив гана калган.
Кооперативдик кыймылдын өнүгүүсүнө тоскоолдук берип жаткан мындай кырдаалдын түзүлүшүнүн бир себеби Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында жана мыйзам алдында актыларындагы "Айыл чарба кооперативи" деген түшүнүктү чечмелөөгө бирдиктүү мамиле болбогондугу, тактап айтканда, колдонуудагы Кыргыз Республикасынын "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин айрым пункттарын дал келбөөсү болуп саналат. Ошондуктан айыл чарба товардык-сервистик кооперативдерге салык салуу учурунда түшүнбөөчүлүктөр келип чыгып, ал чарбаларды ирилештирүүгө терс таасирин тийгизет.
Тактап айтканда, "айыл чарба товардык-сервистик кооператив" түшүнүгүн аныктоо КР Салык Кодексиндеги аныктоого дал келбейт (кирешенин 75% кооператив мүчөлөрү үчүн өздүк өндүрүштүн продукциясын сатуудан, өткөрүүдөн түшкөн кирешени түзөт), андай болгондо мындай аныктама кооперативдерди салык мыйзамында каралган (негизинен өзүнүн мүчөлөрүн импорттолгон материалдык ресурстар - минералдык жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары ж. б. камсыздоо) жеңилдиктерин алуудан ажыратып коюп жатат.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салына турган эмгек мамилелери чыккан учурда подоход салыгы боюнча салык базасы салык мезгилиндеги Минималдуу эсептик кирешесинин (МЭК) 50 пайызынан аз болбойт. Эгерде жумушчунун айлык акысы МЭКтен 50 пайызынан аз болсо, анда подоход салыгы МЭКтен кармалат. Мында кооперативдин жумушчусунан айлык акысынын суммасынан 10 пайызга тең болгон подоход салыгынын үлүшү кармалат, ал эми МЭК менен жумушчунун айлык акысынын айырмасынын 10 пайызын кооператив өз эсебинен төлөп берет.
Подоход салыгын эсептөө үчүн салык базасы катары МЭКти колдонбостон туруп, жумушчунун чегерилген нак айлык акысынын суммасынан эсептелиниши керек. Мындан тышкары айыл чарбасы сезондуу келип, негизги киреше түшүмдү саткандан кийин алына тургандыгын, ошондой эле иштеп жаткан кооперативдерге жана анын кызматкерлерине ай сайын эсептелип, көбөйүүнүн үстүндө болгон подоход салыгын, карызды төлөөгө болгон айыл чарба товардык-сервистик кооперативдик чарбанын мүмкүнчүлүгүнүн жетишсиздигин эске алып, айыл чарба товардык-сервистик кооперативдердин жумушчуларынын кирешесин МЭК колдонулбай турган Кирешелер тизмесине кошуу сунушталууда (КР Салык кодекси 163-б. 4-п.).
Салык Кодексине киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор төмөндөгүлөргө багытталат:
- Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинде каралган кирешеге салык, сатуудан алынган жана кошумча нарк салыгынан жеңилдиктерди алууга;
- Айыл чарба товардык-сервистик кооперативдеринин жумушчуларынын (кызматкерлеринин) киреше салыгын эсептөөгө жана кармоого, жумушчулардын (кызматкерлердин) нагыз эсептелген эмгек акысына жана айыл чарба товардык-сервистик кооперативдеринин жумушчуларынын (кызматкерлеринин) айлыгы эң төмөнкү айлык акы болгондуктан киреше салыгын төлөөдөн бошотууга.
Кыргыз Республикасынын министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарын эске алуу менен, бул Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору макулдашууга кайрадан коюлат.
Статс-катчы | Н.Дуйшеев |
┌──────────────────────┬──────────────────────┬───────────────────────┐
│ Колдонуудагы │ Сунушталган редакция │ Эскертүү │
│ редакциясы │ │ │
├──────────────────────┼──────────────────────┼───────────────────────┤
│Кыргыз Республикасынын│Кыргыз Республикасынын│Айыл чарба │
│Салык Кодекси. │Салык Кодексине │товардык-сервистик │
│ │төмөнкүдөй өзгөртүүлөр│кооперативге белгилүү │
│153-берене. Ушул │киргизилсин. │өзгөртүү киргизүүдө │
│ Кодекстин │153-берененин │бардык айыл чарба │
│ өзгөчө │20-пункту төмөнкү│кооперативдери салык │
│ бөлүгүндө │редакцияда баяндалсын:│төлөөдөн бошотулушу │
│ колдону- │20) Айыл чарба│тууралуу маселе │
│ луучу │товардык-сервистик │чечилет. Кыргыз │
│ терминдер │кооперативи -│Республикасынын Салык │
│ жана │мүчөлөрүнүн 75%дан кем│Кодексинде каралган │
│ аныктама- │эмеси айыл чарба│кирешеге салык, │
│ лар │өндүрүүчүлөрү болсо│сатуудан алынган жана │
│ │жана календарлык│КНС салыктардан │
│20) Айыл чарба│жылдын ичинде│жеңилдетилген │
│товардык-сервистик │кирешенин 75%дан кем│мүмкүнчүлүк алат, │
│кооперативи -│эмеси кооператив│анткени алардан кызмат │
│мүчөлөрүнүн 75%дан кем│тарабынан өндүрүлгөн│көрсөтүү, өзүмдүк │
│эмеси айыл чарба│товарларды, │өндүрүштүн товарларын │
│өндүрүүчүлөрү болсо│жумуштарды, кызмат│сатуу боюнча │
│жана календарлык│көрсөтүүлөрдү сатуудан│чектөөлөрдөн бошотулат.│
│жылдын ичинде│түшкөн кирешени түзсө,│ │
│[кооперативдин │бул кооператив болуп│ │
│мүчөлөрү] үчүн │саналат". │ │
│кирешенин 75%дан кем │ │ │
│эмеси кооператив │ │ │
│тарабынан өндүрүлгөн │ │ │
│товарларды, │ │ │
│жумуштарды, кызмат │ │ │
│көрсөтүүлөрдү сатуудан│ │ │
│түшкөн кирешени түзсө,│ │ │
│бул кооператив болуп │ │ │
│саналат". │ │ │
├──────────────────────┼──────────────────────┼───────────────────────┤
│163-берене. Салык │163-берененин │Кооперативдердин │
│ базасы │4-пунктунун │жумушчуларынан │
│ │4-пунктчасына │(кызматкерлеринен) │
│4. Эмгек акыларын│төмөндөгү толуктоо│киреше салыгын эсептөө │
│төмөнкүдөй формада│киргизилсин: │жана кармоо │
│алуучу кызматкерлер│4. Эмгек акыларын│кызматкердин нагыз │
│үчүн минималдуу│төмөнкүдөй формада│эсептелген эмгек │
│эсептик киреше│алуучу кызматкерлер│акысынан болот. │
│колдонулбайт: │үчүн минималдуу│Кооперативдердин │
│1) бюджеттик │эсептик киреше│жумушчуларынын │
│каражаттардын │колдонулбайт: │(кызматкерлеринин) │
│эсебинен; │1) бюджеттик│эмгек акысы төмөн │
│2) кызматтарды │каражаттардын │болгондуктан киреше │
│айкалыштыргандыгы │эсебинен; │салыгын төлөөдөн │
│боюнча; │2) кызматтарды│бошотулушат. │
│3) кенже тейлөөчү│айкалыштыргандыгы │ │
│персоналдын; │боюнча; │ │
│4) турак-жай менчик│3) кенже тейлөөчү│ │
│ээлеринин │персоналдын; │ │
│шериктештиктеринин, │4) турак-жай менчик│ │
│кондоминиумдардын, │ээлеринин │ │
│курулуш-турак-жай, │шериктештиктеринин, │ │
│гараждык, бак-чарбак│кондоминиумдардын, │ │
│кооперативдеринин │курулуш-турак-жай, │ │
│кызматкерлеринин. │гараждык, АЙЫЛ ЧАРБА│ │
│ │ТОВАРДЫК-СЕРВИСТИК, │ │
│ │бак-чарбак │ │
│ │кооперативдеринин │ │
│ │кызматкерлеринин. │ │
└──────────────────────┴──────────────────────┴───────────────────────┘
Статс-катчы | Н.Дуйшеев |