Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-марты № 221
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Долбоор |
1-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2004-ж., № 5, 229-б.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-берене менен толукталсын:
"5-1-берене. Айыл чарба кооперативдери үчүн камсыздандыруу
төлөмдөрүнүн тарифтеринин ставкасы.
1. Айыл чарба кооперативдери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй белгиленет:
иш берүүчүлөр үчүн:
а) иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында каттоонун түрүнө карабай, туруктуу же убактылуу ишке кабыл алынган, жалданган жумушчулардын, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет элдик жарандар же жарандыгы жок адамдардын пайдасына эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 0 пайыз өлчөмүндө;
кызматкерлер үчүн:
а) иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында каттоонун түрүнө карабай, туруктуу же убактылуу ишке жалданган жумушчулар, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет элдик жарандар же жарандыгы жок адамдар, буга жумушчу-пенсионерлер кирбейт, каржылоо булагына карабастан, алардын пайдасына эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 10 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 8 пайыз;
Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондго - 2 пайыз.
Ушул Мыйзамдын 11-1-беренесинин "а" пунктунда аталган, жалданган жумушчулар үчүн Пенсиялык фондго - 10 пайыз өлчөмүндө, жумушчу-пенсионерлер үчүн Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө.
2. Айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасы.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй белгиленет:
а) Өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага берген айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү үчүн өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын эсептелген 40 пайызынын 2 пайызы өлчөмүндө, тарифтин ставкасын 2018-жылга этап-этабы менен 8 пайыздык деңгээлге чейин жеткирүү менен.
- 2013-жылы - орточо айдык эмгек акынын эсептелген 40 пайызынын 2 пайызы өлчөмүндө;
- 2014-жылы - орточо айлык эмгек акынын эсептелген 40 пайызынын 4 пайызы өлчөмүндө;
- 2016-жылы - орточо айлык эмгек акынын эсептелген 40 пайызынын 6 пайызы өлчөмүндө;
- 2018-жылы - орточо айлык эмгек акынын эсептелген 40 пайызынын 8 пайызы өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 92,6 пайыз:
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 7,4 пайыз.
Өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага берген айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн камсыздандыруу төгүмдөрү бир мезгилде 25-июлга чейин же тең үлүштөр менен ошол жылдын 25-июлуна чейин жана 25-декабрына чейин төлөнөт.
б) Айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн жер участоктору (үлүштөрү) үчүн төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрү ижарачы тарабынан төлөнөт.
Айыл чарба кооперативине ижарага берилген жер участоктору боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын төлөө укук күбөлөндүрүүчү документтерде белгиленген же менчик ээлеринин (пайдалануучулардын) макулдашуусунда аныкталган жер участокторунун үлүштөрүнө пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.".
2. 9-беренеге төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 2-бөлүктүн а) пункту "5-статьянын 1-пунктуна," деген сөздөрдөн жана цифралардан кийин "5-1-статьянын б) пунктуна," деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. 5-1-статьянын 2-бөлүгүнө ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнөн:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 92,6 пайызы.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" бул Мыйзамынын долбоору өлкөнүн кооперативдик кыймылын мындан ары өнүктүрүүгө багытталат.
Өлкөнүн агро-өнөржай комплексинде кооперативдик чарба жүргүзүү формаларын өнүктүрүү - экономикалык дараметти чыңдоодо, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн атаандаштыкка жарамдуулугун көтөрүүдө, чарба жүргүзүү шарттарын жакшыртууда, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу маселелерди чечүүдө жана товардык продукцияны көбөйтүүгө өбөлгөлөрдү түзүүдө орчундуу ролду ойнойт. Кооперативдерге биригип, чарба жүргүзүү материалдык жана каржы ресурстарын рационалдуу пайдаланууга, өндүрүш жана башка чыгымдарды азайтууга, рыноктогу артыкчылыктарга жетүүгө жардам берет.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык айыл чарбалык товар-сервистик кооперативдер пайда салыгынан жана сатуудан алынган салыктан бошотулган. Бирок ушуга карабастан, Улуттук статкомитеттин маалыматтары боюнча иштеп жаткан кооперативдердин саны 2006-жылга салыштырмалуу 3 эсе азайган, эгерде 2006-жылы 1240 кооператив болсо, 2010-жылдын жыйынтыгы менен 352 кооператив гана калган.
Кооперативдик кыймылдын өнүгүүсүн кармап жаткан мындай кырдаалдын түзүлүшүнө Социалдык фонддун камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча кооперативдик чарбага 27,25% өлчөмүндөгү чегерүүлөрүнүн жогорку көлөмү себеп болууда.
Ошондуктан айыл чарба товардык-сервистик кооперативдерге социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүлөрдүн өлчөмүн төмөндөтүп, дыйкан жана фермердик чарбалар менен бирдей, тең шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Мыйзамына толуктоолор киргизилип жатат.
Аталган Мыйзам долбооруна ылайык айыл чарба товардык-сервистик кооперативдерге мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин 10 пайызга чейин азайтуу сунушталууда. (жумуш берүүчүдөн - 0%, жумушчудан - 10%.)
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Мыйзамына киргизилип жаткан толуктоолор жумуш берүүчүлөргө - айыл чарба товардык-сервистик кооперативдерге мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнү алып салууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарын эске алуу менен, бул Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору макулдашууга кайрадан коюлат.
Статс-катчы | Н.Дуйшеев |
┌─────────────┬──────────────────────────────────────┬────────────────┐
│ Колдонуудагы│ Сунушталган редакция │ Эскертүү │
│ редакциясы │ │ │
├─────────────┼──────────────────────────────────────┼────────────────┤
│ │Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик │Айыл чарба │
│ │социалдык камсыздандыруу боюнча │товардык │
│ │камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери │-сервистик │
│ │жөнүндө" Мыйзамына төмөндөгү │кооперативдер │
│ │толуктоолор киргизилсин: │үчүн │
│ │ │мамлекеттик │
│ │"5-1 берене. Айыл чарба │социалдык │
│ │ кооперативдерине │камсыздандыруу │
│ │ камсыздандыруу │боюнча │
│ │ төлөмдөрүнүн тарифтеринин│камсыздандыруу │
│ │ чендери" │төгүмдөрүнүн │
│ │ │өлчөмү │
│ │Ушул Мыйзамга ылайык Айыл чарба │төмөндөтүлөт: │
│ │кооперативи - экономикалык жана башка │- Иш берүүчүлөр │
│ │керектөөлөрүн канааттандыруу │(айыл чарба │
│ │максатында айыл чарба өндүрүүчүлөрү │товардык- │
│ │мүлктүк пайларын бириктирүүнүн │сервистик │
│ │негизинде биргеликте өндүрүш же башка │кооперативдер) │
│ │чарбалык ишмерликти жүргүзүү үчүн өз │үчүн - 0%; │
│ │ыктыярлары менен биригишип иштөөсү. │- Айыл чарба │
│ │1. Айыл чарба кооперативдерине │товардык- │
│ │камсыздандыруу төлөмдөрүнүн │сервистик │
│ │тарифтеринин чендери төмөндөгүдөй │кооперативдердин│
│ │белгиленет: │жумушчулары │
│ │Жумуш берүүчүлөр үчүн: │(кызматкерлери) │
│ │А) жумуш берүүчүнүн менчигинин түрүнө │үчүн - 10%. │
│ │жана Кыргыз Республикасынын салык │ │
│ │кызматынын органдарында кандай │ │
│ │катталганына карабастан туруктуу же │ │
│ │убактылуу жумушка кабыл алынган │ │
│ │жалданган жумушчуларга, анын ичинен │ │
│ │чет элдик жарандарга жана Кыргыз │ │
│ │Республикасында туруктуу жашаган │ │
│ │жарандыгы жок жактарга чегерилген │ │
│ │бардык төлөмдөрдөн ай сайын 0 пайыз │ │
│ │милдеттүү медициналык камсыздандыруу │ │
│ │Фондуна. │ │
│ │Жумушчуларга: │ │
│ │Б) жумуш берүүчүнүн менчигинин түрүнө │ │
│ │жана Кыргыз Республикасынын салык │ │
│ │кызматынын органдарында кандай │ │
│ │катталганына карабастан туруктуу же │ │
│ │убактылуу жумушка кабыл алынган │ │
│ │жалданган жумушчулардан, анын ичинен │ │
│ │пенсионер жумушчулардан башка чет │ │
│ │элдик жарандарга жана Кыргыз │ │
│ │Республикасында туруктуу жашаган │ │
│ │жарандыгы жок жактардан кандай │ │
│ │болбосун каржылоо булактарынан аларга │ │
│ │чегерилген бардык төлөмдөрдөн 10 пайыз│ │
│ │өлчөмүндө; │ │
│ │Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасы │ │
│ │фонддор боюнча төмөндөгү өлчөмдө │ │
│ │бөлүштүрүлөт: │ │
│ │Пенсиялык фондго - 8 пайыз; │ │
│ │Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондго │ │
│ │- 2 пайыз; │ │
│ │Ушул Мыйзамдын 11-1 беренесинин "а" │ │
│ │пунктунда көрсөтүлгөн жалданган │ │
│ │жумушчуларга │ │
│ │- Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;│ │
│ │Пенсионер жумушчуларга │ │
│ │- Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө. │ │
└─────────────┴──────────────────────────────────────┴────────────────┘
Статс-катчы | Н.Дуйшеев |