Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-апрели № 224
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын күнүмдүк башкаруу органдарын (кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорун) өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын күнүмдүк башкаруу органдарын өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын күнүмдүк башкаруу органдарын (кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорун) өнүктүрүү программасы;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын күнүмдүк башкаруу органдарын (кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорун) өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын күнүмдүк башкаруу органдарын (кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорун) түзүү, өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча координациялык орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кырдаалдык залын түзүү боюнча сунуштарды 3 айлык мөөнөттө киргизсин;
- кырдаалдык борборлорду (залдарды) түзүү зарыл болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын тизмесин аныктасын;
- кырдаалдык борборлорду (залдарды) түзүү боюнча техникалык долбоорду иштеп чыгууга мамлекеттик тиешелүү органдарга эксперттик жардам көрсөтсүн;
- Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана бөөдө кырсыктардын кесепеттерин жоюу иштери боюнча министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруунун улуттук борборунун тажрыйбасын жана эксперттик жардамын эки тараптуу кызматташтыктын алкагында пайдалансын.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген мамлекеттик органдарды кошпогондо) кырдаалдык борборлорду (залдарды) түзүү үчүн финансы каражаттарын 2012-2014-жылдарга бюджеттеринде карашсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-апрелиндеги№ 224 токтому менен бекитилген
|
┌─┬──────────────────┬───────────────┬──────┬───────────────┬─────────┐
│№│ Иш-чаралар │ Аткаруучу │Мөөнө-│ Күтүлүүчү │Каржылоо │
│ │ │ │тү │ жыйынтыктар │булактары│
├─┼──────────────────┼───────────────┼──────┼───────────────┼─────────┤
│1│Ысык-Көл, Нарын │Кыргыз │2012- │Республиканын │Бюджеттин│
│ │жана Баткен │Республикасынын│жылдын│бүткүл │алкагында│
│ │облустарынын │Өзгөчө │I │аймактары менен│ │
│ │Өзгөчө кырдаалдар │кырдаалдар │квар- │видеоконференц │ │
│ │министрлигинин │министрлиги │талы │байланыш │ │
│ │башкармалыктарында│ │ │ │ │
│ │Кризистик │ │ │ │ │
│ │кырдаалдарды │ │ │ │ │
│ │башкаруу │ │ │ │ │
│ │борборлорун түзүү │ │ │ │ │
├─┼──────────────────┼───────────────┼──────┼───────────────┼─────────┤
│2│Кыргыз │Кыргыз │2012- │Республиканын │Республи-│
│ │Республикасынын │Республикасынын│жылдын│бүткүл │калык │
│ │Өкмөтүнүн │Өкмөтүнүн │аягына│аймактарына │бюджет, │
│ │кырдаалдык залын │Аппараты, │чейин │видеоконференц │финансы- │
│ │ачууну демилге │Кыргыз │ │байланышты │лык │
│ │кылуу жана │Республикасынын│ │уюштуруу, │институт-│
│ │сунуштоо │Өзгөчө │ │Кыргыз │тардын │
│ │ │кырдаалдар │ │Республикасынын│инвести- │
│ │ │министрлиги │ │Өкмөтүнүн │циясы │
│ │ │ │ │кырдаалдык │ │
│ │ │ │ │залынын иштөөсү│ │
├─┼──────────────────┼───────────────┼──────┼───────────────┼─────────┤
│3│Кыргыз │Кыргыз │2016- │Кыргыз │Республи-│
│ │Республикасынын │Республикасынын│жылга │Республикасынын│калык │
│ │Өкмөтүнүн │Өкмөтүнүн │чейин │Кризистик │бюджет, │
│ │кырдаалдык залын │Аппараты, │ │кырдаалдарда │финансы- │
│ │Кыргыз │Кыргыз │ │башкаруунун │лык │
│ │Республикасынын │Республикасынын│ │улуттук │институт-│
│ │Кризистик │Өзгөчө │ │борборунун │тардын │
│ │кырдаалдарда │кырдаалдар │ │иштөөсү │инвести- │
│ │башкаруунун │министрлиги │ │ │циясы │
│ │улуттук борборуна │ │ │ │ │
│ │айлантуу │ │ │ │ │
├─┼──────────────────┼───────────────┼──────┼───────────────┼─────────┤
│4│Өзгөчө кырдаалдар │Кыргыз │2012- │Өзгөчө │Финансы- │
│ │министрлигинин │Республикасынын│2014- │кырдаалдарды │лык │
│ │Кризистик │Өзгөчө │жылдар│моделдештирүү, │институт-│
│ │кырдаалдарда │кырдаалдар │ │өзгөчө │тардын │
│ │башкаруу │министрлиги │ │кырдаалдар │инвести- │
│ │борборлорун │ │ │тууралуу ыкчам │циясы │
│ │жакшыртуу │ │ │божомолдоо │ │
│ │ │ │ │маалыматтарын │ │
│ │ │ │ │алуу │ │
├─┼──────────────────┼───────────────┼──────┼───────────────┼─────────┤
│5│Чүй облустук, │Кыргыз │2012- │Ар бир органда │Финансы- │
│ │Бишкек, Ош шаардык│Республикасынын│2014- │кырдаалдык │лык │
│ │Өзгөчө кырдаалдар │Өзгөчө │жылдар│залдарды түзүү │институт-│
│ │министрлигинин │кырдаалдар │ │ │тардын │
│ │башкармалыктарында│министрлиги │ │ │инвести- │
│ │Кризистик │ │ │ │циясы │
│ │кырдаалдарда │ │ │ │ │
│ │башкаруу │ │ │ │ │
│ │борборлорун түзүү │ │ │ │ │
├─┼──────────────────┼───────────────┼──────┼───────────────┼─────────┤
│6│Кыргыз │Кыргыз │2012- │Кыргыз │Бюджеттин│
│ │Республикасынын │Республикасынын│2014- │Республикасынын│алкагын- │
│ │мамлекеттик │мамлекеттик │жылдар│мамлекеттик │да, │
│ │органдарында │органдары │ │органдары │финансы- │
│ │кырдаалдык │ │ │кырдаалдык │лык │
│ │борборлорду │ │ │борборлордун │институт-│
│ │(залдарды) түзүү │ │ │(залдардын) │тардын │
│ │ │ │ │иштөөсү │инвести- │
│ │ │ │ │ │циясы │
└─┴──────────────────┴───────────────┴──────┴───────────────┴─────────┘