Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-апрели № 225
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 218 "Буудай - Кара-Балта" ачык акционердик коомунун өндүрүштүк кубаттуулуктарын сактап калуу жана мамлекеттик резервди колдоо боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу жөнүндө" токтомуна ылайык, мамлекеттик резервге коюлуучу аштык буудай данын сактоо жана кайра иштетүү үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтомдун Тиркемесинде:
"Буудай - Кара-Балта" ачык акционердик коому" деген сөздөр "Дан" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов
|